290-берене. Атмосфераны булгоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу же орнотмолорду, курулмаларды жана башка объекттерди пайдалануудагы бузуулар этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймакта же болбосо чукул экологиялык кырдаалдагы аймакта жасалган оор зыян же болбосо олуттуу залал келтирген ошол эле жосун, ошого тете эле тазалагыч курулмалары жана түзүлүштөрү болбогон же тазалагыч курулмалары бузулган ишканаларды, рекреация объекттерин, коммуналдык жана башка жарандык жана коммерциялык объекттерди талаптагыдай эмес пайдалануу, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен VI категориядагы айып салууга же VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
290-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-290" title="290-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>