239-берене. Терроризм актысы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Терроризм актысын жасайм деп коркутуу, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын, же болбосо эл аралык уюмдардын чечимдерин кабыл алууга таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй жасалса:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;
3) стратегиялык объекттерге карата;
4) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен, -
VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Терроризм актысын даярдоого катышкан адам, эгерде ал бийлик органдарын өз убагында эскертүү менен же башка ыкмалар менен терроризм актысын болтурбоого көмөктөшсө, ушул беренеде каралган жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
239-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 03.12.2019 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-239" title="239-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>