240-берене. Террордук ишти каржылоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Террордук ишти каржылоо, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары аймакта каржылоо үчүн террорчуну жана (же) террордук уюмду, же болбосо террордук ишти каржылоо, даярдоо же жасоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталган же пайдалана турган, ага ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө каражаттарды мыйзамсыз берүү, каржылык кызмат көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражаттарды жыйноо, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Террордук мүнөздөгү кылмыштарды даярдаган же жасаган адамдарга таандык болгон каражаттарды же террордук уюмдун контролунда турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (сүйлөшүүлөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүүлөр деп ушул беренеде таанылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
240-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 03.12.2019 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-240" title="240-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>