Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
215-берене. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде мүлк кылмыш жасоодон түшкөн кирешелерден жаралгандыгы белгилүү болсо, мүлктүн пайда болуусунун кылмыштуу булактарын жашыруу же жазгыруу же кылмышты жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында, жосундары үчүн жоопкерчиликтен четтөө максатында, эгерде мүлк кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди билдирсе, мүлктүн же анын таандыктыгынын анык мүнөзүн, булагын, жайгашкан ордун, тескөө ыкмасын, ага болгон укуктарды жашыруу же катуу; же эгерде мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы ошол адамга белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адам тарабынан мүлктү жаап-жашыруу же үзгүлтүксүз кармап туруу; же аны алган учурда адамга мүлк кылмыштан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ээлик кылуу же пайдалануу, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда мүлктү кайра түзүү (конверциялоо) же которуу боюнча бардык аракеттерди (операцияларды же сүйлөшүүлөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерди ээлөөгө, пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү, -
- эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын-ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адамдар тарабынан, -
- үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар жасалса:
1) уюшкан топ тарабынан;
2) ири өлчөмдө,
- үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан сумма ири өлчөмдөгү деп ушул беренеде таанылат. Кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чегерилген бардык экономикалык пайда же мүлк кылмыштуу киреше деп ушул беренеде түшүндүрүлөт. Кандай болбосун түрдөгү материалдык же материалдык эмес (сезилген же сезилбеген) мүлк, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк насыяларын, жол кире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда, ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай болбосун формада (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-215" title="215-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>