Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
237-берене. Коммерциялык паралап сатып алуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамга акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз берүү, ошого тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамдын акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз алуусу, ошого тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;
2) акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу менен коштолгон, -
III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде адамга карата акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же болбосо мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу жасалса, же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө тергөөчүгө же прокурорго билдирсе, адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-237" title="237-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>