327-берене. Пара алууда ортомчулук кылуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча параны өткөрүп берүү боюнча аракеттерди жасоо, же болбосо алардын ортосундагы параны берүү жана алуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга, же болбосо жетишүүгө башкача көмөк көрсөтүү, -
V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен;
2) ири өлчөмдөгү пара берүүдө же алууда, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган өзгөчө ири өлчөмдөгү параны берүүдө же алууда жасалган жосундар, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Паракорлукта ортомчулук кылууга убада берүү же сунуш кылуу, -
IV категориядагы коомдук иштерге же IV категориядагы айып салууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу болгон адам жазык ишин козгоо укугу бар органга бул жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана кылмышты ачууга жана (же) бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал, ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
327-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
- 123-берене
- 325-берене. Пара алууда ортомчулук кылуу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-327" title="327-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>