Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
238-берене. Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Мамлекеттик органдын, муниципалдык кызматтын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин кызмат адамы болуп саналбаган кызматчы тарабынан паралап сатып алууну жүзөгө ашыруучу адамды кызматчы тарабынан өзүнүн ээлеген кызматтык абалын пайдалануу менен жасаган же жасоого тийиш болгон белгилүү аракеттерди аткаруу же аткарбоо үчүн олуттуу өлчөмдө акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө сый акы мыйзамсыз алуусу, -
IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) ири өлчөмдө, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан өлчөм - олуттуу өлчөмдөгү, бир миң эсе ашкан өлчөмү - ири өлчөмдөгү, он миң эсе ашкан өлчөмү - өзгөчө ири өлчөмдөгү сыйакы деп ушул беренеде таанылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-238" title="238-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>