234-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 46-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкүдөй атайын жөнөкөйлөтүүлөр берилиши мүмкүн:
1) убактылуу сактоо кампа ээлеринин реестрине киргизбестен, товарларды орун-жайларда, ачык аянттарда жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарында убактылуу сактоо;
2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесине ылайык бажылык декларацияны бергенге чейин товарларды чыгаруу;
3) орун-жайларда, ачык аянттарда жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарында турган товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү, анын ичинде ушул Мыйзамдын 235-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн товарларга карата бажы транзитинин бажылык жол-жобосун бүтүрүү;
4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган башка атайын жөнөкөйлөтүүлөр, анын ичинде товарлардын бажылык алдын ала декларациялоо, анын ичинде толук эмес жана (же) мезгилдүү бажылык декларация берүү, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 193 жана 194-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 223-227-беренелерине ылайык толук эмес бажылык декларацияны жана мезгилдүү бажылык декларацияны берүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөр колдонулушу мүмкүн болгон товарлардын тизмегин аныктоого укуктуу.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда ушул Мыйзамдын 217-беренесине ылайык аныкталган айрым товарларды декларациялоочу жерлерге карата чектөөлөр колдонулбайт.
4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 215-беренесинин 3-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн чет өлкөлүк товарларды бажы органы жайгашкан жерге көрсөтүлгөн товарларды жеткирбестен, бажы органынын иш-аракет регионунда жайгашкан жана бажылык контролдоо зонасынын статусу бар ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ачык аянттарына жана башка аймактарына жеткирүү мүмкүндүгү бажы органына келген жеринен ички бажы органына чейин чет өлкөлүк товарлардын бажы транзитинин өзгөчөлүгү катары саналат. Бажылык контролдоонун көрсөтүлгөн зонасынын чектери ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган макулдашууда аныкталат жана атайын белгилемелери болушу керек. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажылык контролдоо зонасына жетүүнүн уруксаттык тартибин камсыз кылат.
5. Өндүрүштүк иш-аракети жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн чет өлкөлүк товарларга карата ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун бүтүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, бажылык декларацияны бергенге чейин, же товарларды бажылык алдын ала декларациялоону колдонуу менен товарларды чыгаруу ушул Мыйзамдын 235-беренесинде аныкталган.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чет өлкөлүк товарларга карата бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү товарларды жеткирүү жери болуп бажы органы саналат деп түздөн-түз аныктаган эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлгөн чет өлкөлүк товарлардын бажылык транзитинде колдонулбайт.
7. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 2-пунктуна ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөр ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ошол атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу каралып жаткан товарлардын декларанты болууга укуктуу болгон учурларда гана, анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун тапшырмасы менен жана анын атынан аракет кылган бажы өкүлү товарларды бажылык декларациялоону жүргүзгөндө колдонулат.
8. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 94-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы операцияларын жүргүзгөн бажы органдары ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонууда өз ара аракеттешет. Көрсөтүлгөн өз ара аракеттешүүнүн тартиби, анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашуу регламенти, маалыматтардын курамы жана форматы, ушул Мыйзамдын 235-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператор алып салган бажы пломбаларын өткөрүп берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу экономикалык операторго анын статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алганда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана тиешелүү бажы органы ортосунда түзүлгөн макулдашууда аныкталат. Көрсөтүлгөн макулдашуунун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинин 4-пунктуна, 257-беренесинин 4-пунктуна жана 269-беренесинин 4-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн макулдашуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун шартын караган документ катары колдонулушу мүмкүн. Кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосун колдонуунун чектелген мөөнөтү аяктаган учурда бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен жаңы макулдашууну түзөт. Көрсөтүлгөн макулдашууну кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосун колдонуунун шартын караган документ катары пайдалануу ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосун колдонууга жана бүтүрүүгө байланышкан башка милдеттерди аткаруудан бошотпойт.
9. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 6-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына, 94-беренесинин 2 жана 1-пунктуна, 128-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүдө бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү максатында, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды алдын ала бажылык декларациялоону колдонгон, анын ичинде толук эмес мезгилдүү бажы декларацияны берүү менен колдонгон учурда, бажы органдары, алдын ала билдирүү бажылык контролдоону жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же анын натыйжалуулугун төмөндөткөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар келгенге чейин ыйгарым укуктуу экономикалык операторду ошол товарлардын бажылык кароосун жүргүзүү жөнүндө кабарлашы мүмкүн. Жогоруда аталган учурларда бажылык кароону бажы органдары ыйгарым укуктуу экономикалык операторго алдын ала билдирбей жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун товарлардын текшерүүсүн жүргүзүү жөнүндө алдын ала билдирүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
10. Эгерде тобокелдикти башкаруу системасына ылайык бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор же анын тапшырмасы боюнча бажылык өкүл берген бажылык декларацияда жарыяланган товарларга карата бажылык контролдоону жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алса, мындай бажылык контролдоо ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында жана ошол товарлар жайгашкан башка аймактарында артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт.
11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын жөнөкөйлөтүүлөр төмөнкү учурларда берилбейт:
1) эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирген жиберүүчүсү же сатуучусу салык салуунун жеңилдетилген салыктык режимин берген аймактарда жана мамлекеттердин аймактарында (мындан ары - оффшордук зоналар) катталган жана (же) финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалымат берүүнү жана анын ачыктыгын карабаган юридикалык жак болсо;
2) эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирген товарларына төлөмдү оффшордук зоналар аркылуу финансылык операцияларды жүргүзүү жолу менен ишке ашырса.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 217-берене
- 223-берене
- 224-берене
- 225-берене
- 226-берене
- 227-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр
- 235-берене
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-234" title="234-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>