224-берене. Толук эмес бажылык декларациялоо
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Эгерде декларант өзүнө байланыштуу болбогон себептерден улам бажылык декларацияны толтуруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка ээ болбосо, товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар камтылган толук эмес бажылык декларацияны берүүгө уруксат берилет жана анда декларант жетишпеген маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө берүү милдетин кабыл алат, бул мөөнөт бажы органы толук эмес бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып кырк беш күндөн ашпайт.
2. Эгерде бажы органы толук эмес бажылык декларацияны кабыл алса, ага карата толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажылык декларацияга тиешелүү таризде, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана бажы ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары жана шарттары, анын ичинде бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби колдонулат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
224-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 175 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 175 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-224" title="224-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>