Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
225-берене. Мезгилдүү бажылык декларациялоо
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ошол эле жактын, ошол эле товарлары дайыма алынып өткөндө, декларант катары чыгууга жарамдуу бардык жактарга ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген (Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кеткен) бардык товарларга мезгилдүү декларация берүүгө уруксат берилет.
2. Ушул берененин колдонуу максаттары үчүн жеткирүү мезгили болуп декларант тарабынан билдирилген, анын ичинде төмөнкүлөр пландалган мезгил эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларды бажы органына көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыккан товарларды жүктөп жөнөтүү (товарларды эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу ташуучуга же товарларды алып чыгуу максатында башка транспорт каражатына кайра жүктөө (которуп жүктөө) менен товарларды эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда баштапкы ташуучуга товарларды берүү).
3. Эгерде товарлар бирдей аталышта же тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдей классификациялык коддо болсо, ушул берененин колдонуу максаттары үчүн товарлар бирдей каралат.
4. Эгерде жак ошол эле товарды отуз календардык күндүн ичинде үч же андан көп жолу жеткирсе, товарлар жак тарабынан бажы чек арасы аркылуу дайыма которуштурулуучу товарлар катары каралат.
5. Товарларга мезгилдүү декларацияда билдирилген товардын партиясы болуп ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген, бир эле бажы органында бажылык декларациялоо жүргүзүлгөн, тышкы экономикалык бүтүмдө түзүлгөн бир эле келишим боюнча, же кайра иштетүүнүн продуктуларын декларациялоодо товарларды кайра иштетүүгө берилген бир эле уруксат боюнча, же бир тараптуу тышкы экономикалык бүтүм боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебинде, же отуз күндөн ашпаган жеткирүү мезгилинин ичинде айрым жеткирүүлөрдүн санына карабастан кандайдыр бир бүтүмдөрдү түзбөстөн эле Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү товарлар эсептелет.
6. Алынып келген товарларга мезгилдүү декларация берүү жолу менен товарларды бажылык декларациялоодо алып келүүдөгү бажылык алымдар мындай декларацияны берүү менен бир убакта, ал катталган күнү колдонулган коюмдарга жараша төлөнөт.
7. Товарларга мезгилдүү декларация берүү жолу менен товарларды бажылык декларациялоодо ал бажы органы тарабынан катталган күндөгү чет өлкөлүк валюталардын курсу, чектөөлөр колдонулат.
8. Мезгилдүү бажылык декларациялоо товарлардын ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык аныкталган бир партиясына карата, жеткирүүнүн билдирилген мезгили башталганга чейин он күндөн ашпаган мөөнөттө бажы органына мезгилдүү декларация берүү жолу менен жүргүзүлөт.
9. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда жеткирүү мезгилинин ичинде алып кирүүгө же ташып чыгарууга пландаштырылган товарлардын санына жараша маалыматтар берилет. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда товарларды чыгаруу, бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө үчүн зарыл болгон, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган, ошондой эле декларациялануучу товарларды алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы боюнча идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар берилиши керек.
10. Декларант товарларга карата мезгилдүү декларацияда белгиленген товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды камтыган толук бажы декларациясын бажы органына берүүгө милдеттүү:
1) алып келинүүчү товарларды декларациялоодо жөнөтүү мезгили аяктагандан кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен;
2) алып кетилүүчү товарларды декларациялоодо товарларга карата мезгилдүү декларацияда билдирилген товарлардын бардык партиясы иш жүзүндө алып кетилгенден кийин бир айдан кечиктирбестен.
11. Мезгилдүү декларацияда билдирилген алынып кетилүүчү товарлар жөнөтүү мезгили аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде иш жүзүндө алынып кетилиши керек. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда билдирилген сандан ашык товарларды алып кетүүгө жол берилбейт.
12. Товарларга карата мезгилдүү декларация берилбеген болуп эсептелет, эгерде мындай декларацияда билдирилген товардык партияда камтылган товарлар:
1) иш жүзүндө ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө алынып кетилбеген болсо;
2) товарларга карата мезгилдүү декларацияны кабыл алган бажы органына билдирилген жөнөтүү мезгилинин ичинде берилбесе.
13. Мезгилдүү бажылык декларациялоо алып кетүүдөгү бажы төлөмдөрү салынган же аларга карата чектөөлөр коюлган алынып кетилүүчү товарларга карата колдонулбайт.
14. Өндүрүштүк иш-аракетти жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул берененин жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келгенден кийин чет өлкөлүк товарларды мезгилдүү бажылык декларациялоону төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен ишке ашырууга укуктуу:
1) товарларга карата мезгилдүү декларацияда ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине, товарларды биринчи жөнөткөн күндөн тартып аларды убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин келип түшкөн, ал эми товарларга декларация бергенге чейин товарларды чыгарганда - товарларга декларация берүү мөөнөтү аяктаганга чейин келип түшкөн бардык товарлар көрсөтүлүшү мүмкүн;
2) товарларга карата мезгилдүү декларация бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна же ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга берилиши мүмкүн.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүмкүндүк берүүчү маалыматтар берилиши керек.
10. Декларант алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген форма боюнча товарларга карата мезгилдүү декларацияда белгиленген товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды кошулду: камтыган толук бажы декларациясын бажы органына алынып салынды: төмөнкүдөй таризде билдирүүгө кошулду: берүүгө милдеттүү:
1) алып келинүүчү товарларды декларациялоодо жөнөтүү … бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга берилиши мүмкүн.
кошулду: (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 175 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 175 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-225" title="225-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>