Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
258-берене. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 49-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажылык текшерип кароо бажы органдары тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды жактардын аткарганын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте текшерүү максатында жүргүзүлөт.
2. Бажылык текшерип кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруучу жак тыюу салуулар жана чектөөлөр менен байланыштагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирип жатат же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетип жатат же ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруп жатат деп күмөн саноого негиз бар болсо;
2) товарларга карата ыйгарым укукка ээ декларанттын же башка жактын арызынын негизинде;
3) бажылык декларацияда жана товарларды бажылык декларациялоодо берилген башка документтерде товарларды чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алууга таасир эткен анык эмес маалыматтар болсо;
4) шарттуу чыгарылган товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөрдү сактоо максатында;
5) тобокелдиктерди башкаруу системасынын профилдеринин жыйынтыктары боюнча;
6) бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу менен бажылык контролдоону жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча;
7) ушул Мыйзамдын 234-беренесинин 9-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча.
3. Бажылык текшерип кароо болуп бажы органдарынын кызмат адамдарынын төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттери эсептелет:
1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарын бузуу менен товарлар жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жана товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштыруу менен;
3) товарлар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштыруу менен.
4. Бажылык текшерип кароону өткөрүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын кызмат адамы декларантка же товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон башка жактарга, эгерде бул жактар белгилүү болсо, бажылык текшерип кароону өткөрүү орду жана убактысы тууралуу кабарлайт.
Декларант, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү, ушул берененин 6-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, өз демилгеси менен бажылык текшерип кароого катышууга укуктуу. Бажылык текшерип кароону өткөрүү убактысынын башталышы мындай жактардын келүүсүнүн ылайыктуу мөөнөтүн эске алууга тийиш.
5. Орун-жайларда жана (же) аймактарда жүзөгө ашырылуучу бажылык текшерип кароо бажы контролу зонасын түзбөстөн жүргүзүлөт.
6. Бажы органынын кызмат адамынын талабы менен декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү бажылык текшерип кароого катышууга жана бажы органынын кызмат адамына керектүү көмөктү көрсөтүүгө милдеттүү. Ташуучу тарабынан атайын ыйгарым укук берилген өкүл болбогондо транспорттук каражатты башкарган жеке жак ушундай өкүл болуп саналат.
7. Бажы органы декларант, товарлар жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укукка ээ болгон башка жактар же алардын өкүлдөрү жок учурда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык текшерип кароону жүргүзүүгө төмөнкүдөй учурларда укуктуу:
1) көрсөтүлгөн жактар келбегенде же мындай жактар белгисиз болгондо;
2) улуттук коопсуздукка, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга, айлана-чөйрөгө коркунуч болгондо, эпизоотикалык кырдаал пайда болгондо, Кыргыз Республикасынын улуттук маданий баалуулуктар объекттерин сактоого коркунуч болгондо жана кечиктирүүгө болбой турган башка кырдаалдарда, анын ичинде, эгерде товарларда тез күйүүчү заттар, жарылуу коркунучу бар предметтер, жарылуучу, ууландыруучу, опурталдуу химиялык жана биологиялык заттар, баңги каражаттар, психотроптук, күчтүү таасирлүү, уулуу, токсиндүү, радиоактивдүү заттар, ядролук материалдар жана башка ушул сыяктуу заттар бар экенин көрсөткөн белгилер бар болсо, ошондой эле товардан жагымсыз жыт чыкса;
3) товарларды эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөткөндө;
4) товарларды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу каралган бажы жол-жобосунун шарттарын бузуу менен аларды Кыргыз Республикасынын аймагына калтырганда.
Аталган учурларда бажылык текшерип кароо эки күбөнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
8. Бажылык текшерип кароонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма боюнча эки нускада бажылык текшерип кароо актысы түзүлөт.
Актынын экинчи нускасы, эгерде жак аныкталса, товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон жакка же анын өкүлүнө тапшырылат (жиберилет). (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-258" title="258-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>