226-берене. Убактылуу бажылык декларациялоо
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Өткөргүч куур транспорту же электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүдө товарларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте убактылуу бажылык декларацияны берүү жолу менен декларациялоого жол берилет. Иш жүзүндө товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кеткенден кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана талаптагыдай толтурулган бажылык декларацияны берүүгө милдеттүү.
2. Убактылуу декларацияда белгилүү бир убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды алып чыгуу ниетине жараша, бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган товарлардын санына жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында товардын баасын аныктоо тартибине, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына ылайык аныкталуучу шарттуу бажылык наркка (баага) жараша маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.
Убактылуу бажылык декларацияны колдонууда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
226-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 175 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 175 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-226" title="226-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>