120-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 265 жана 269-беренелеринде каралган, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.
2. Эгерде товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ички керектөө үчүн кайра иштетүү жол-жобосу астында жайгаштырса, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу документ катары, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана Кыргыз Республикасынын бажы органы ортосундагы макулдашуу колдонулушу мүмкүн, мында бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтардын камтылышы шарт болуп саналат.
3. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде каралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартиби, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
120-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-120" title="120-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>