Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
235-берене. Товарларды алдын ала декларациялоонy колдонуу менен же бажылык декларацияны бергенге чейин товарларды чыгарган, өндүрүштүк иш-аракетти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жиберилген чет өлкөлүк товарларга карата бажы транзитинин бажылык жол-жобосун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 46-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Өндүрүштүк иш-аракетти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун аймагында бажы транзитинин жол-жобосун бүтүрүү үчүн, ал ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жайгашкан жерге транспорттук каражат келе турган учурга чейин кеминде үч саат мурда, ал эми товарлар бажы органынын аныкталган иш убактысынан сырткары келе турган учурда - ошол бажы органынын иш убактысы бүткөнгө чейин кеминде үч саат мурда, товарды чыгаруу үчүн зарыл болгон, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бажылык декларацияны бергенге чейин электрондук документ түрүндө же Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 193-беренесине ылайык документтерди жана киргизилген кошумча маалыматтарды тиркөө менен бажылык декларацияны арналыштык бажы органына жиберет.
2. Эгерде бажы органы менен ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ортосундагы макулдашууда аныкталган, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордон маалымат жана документ алынган учурдан тартып беш сааттан ашпоого тийиш болгон мөөнөттө ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык, арналыштык бажы органы товарды текшерүү, транспорттук каражаттын бажылык кароо жана (же) идентификациялоо каражаттарынын сакталгандыгына ынануу ниетине байланыштуу идентификациялоо каражаттарын алууга тыюу салуу жөнүндө билдирбесе, идентификациялоо каражаттарын алып салууга бажы органдын уруксаты товарлар жеткириле турган жерге келгенден кийин алынган болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ташуучудан товарды кабыл алат жана идентификациялоо каражаттарын алып салууга жана товарларды түшүрүүгө укуктуу. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ташуучудан товарларды кабыл алгандыгы транспорттук жана (же) товарды коштоочу документтерде тиешелүү белгилерди коюу менен тастыкталат. Аталган белгилерди койгондон кийин ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ошол замат бажы органына электрондук-санариптик колтамга коюлган, ташуучудан товарларды кабыл алган убактысы жана күнү жөнүндө билдирме жиберет. Ташуучунун бажы контролдоосунда турган товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул бөлүктө аныкталган тартипте өткөрүп берүүсү бажы органынын уруксатысыз жүргүзүлөт. Бажы органына жиберилген билдирүүдө көрсөтүлгөн, ташуучудан товарларды кабыл алган учурдан тартып товарлар бажы органы тарабынан чыгарылган болуп эсептелет. Ушул учурдан тартып ыйгарым укуктуу экономикалык оператордо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 2-пунктунда каралган бажы алымын, салыктарды төлөө милдети пайда болот. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларант болгон товарларды бажылык декларацияны бергенге чейин чыгарууга уруксат ыйгарым укуктуу экономикалык оператор төлөй турган алып келүүдөгү бажы алымынын, салыктарынын суммасы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 39-беренесине ылайык берген бажы алымын, салыктарды камсыз кылуунун суммасынан ашпаган учурда гана берилет.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жайгашкан жерге транспорт каражаты келген учурда алдын ала бажылык декларациялоону колдонгондо, бажылык декларацияга жетишпеген маалыматтар киргизилбесе жана (же) товарларга бажы алымдары, салыктары төлөнбөсө, же бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн документтерде товарды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар жок экендиги жөнүндө электрондук билдирме жиберсе, идентификациялоо каражаттары алынгандан кийин жана товарлар түшүрүлгөндө, алар убактылуу сактоодогу товарлар статусуна ээ болот жана товарларды убактылуу сактоо кампасына же ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды чыгаруунун көрсөтүлгөн шарттарын аткарууга чейин бажылык контролдоонун башка зонасына жайгаштырбастан, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында же башка аймактарында түзүлгөн бажылык контролдоо зонасында сакталат.
4. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык операторго товарлардын текшерүүсүн жүргүзүү (анын ичинде бажылык кароону жүргүзүү), транспорттук каражаттын бажылык кароосун жүргүзүү менен идентификациялоо каражаттарынын сакталгандыгына ынануу ниети жөнүндө билдирсе, мындай аракеттер бажы органы тарабынан артыкчылыктуу тартипте ошол замат жүргүзүлүшү керек. Бажы органы аталган аракеттерди жүргүзгөнгө чейин идентификациялоо каражаттары алып салынат, товарлар транспорт каражаттарынан бажы органдын уруксаты менен гана түшүрүлөт. Бажылык кароо товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасына же башка бажылык контролдоо зонасына жайгаштырбастан, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында же башка аймактарында түзүлгөн бажылык контролдоо зонасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор транспорттук жана (же) товардык коштоо документтерине тиешелүү белги коюу жолу менен ташуучудан товарларды кабыл алгандыгын тастыктагандан кийин ташуучу ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун белгилери менен аталган документтерди, ошондой эле транзиттик декларацияны жана колундагы башка документтерин көрсөтүү менен, бажы транзитинин бажылык жол-жобосун бүтүрүү үчүн ошол замат бажы органына барууга милдеттүү. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 225-беренесинин 4 жана 5-пунктуна ылайык бүтүрүлөт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.07.2015 · № 536 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-235" title="235-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>