Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
102-берене. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат берүү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 240, 244-беренелеринде каралган, Бажы аймагындагы товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ болуп бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.
2. Эгерде товарлар бажы аймагында кайра иштетүүнүн жол-жобосуна ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан киргизилсе, бажы аймагында кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ катары, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жана Кыргыз Республикасынын бажы органынын ортосунда түзүлгөн, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган макулдашуу бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камтылган шартта колдонулушу мүмкүн.
3. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-102" title="102-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>