Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
246-берене. Бажы контролунун аймактары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 48-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүгө байланышкан чараларды ишке ашыруу максатында туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн болгон бажы көзөмөлүнүн аймактары түзүлөт.
2. Бажы контролунун туруктуу аймактары Кыргыз Республикасынын чек арасын бойлото, Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактарында түзүлөт.
Бажы контролунун убактылуу аймактары ушул бөлүктө каралбаган башка жерлерде түзүлөт. Бажы контролу аймактарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартиби, ошондой эле бажы контролу аймагынын укуктук режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишмердикти жүргүзүү, товарларды, транспорттук каражаттарды, жактарды, анын ичинен башка мамлекеттик органдардын кызматтык жактарын бажы контролунун аймактарынын чек арасы аркылуу жана алардын чегинде алып өтүүгө бажы органдарынын уруксаты жана алардын көзөмөлүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.
4. Ушул берененин жоболору ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу оператордун товарларды орун-жайларда, ачык аянттарда жана башка аймактарда убактылуу сактоосуна карата колдонулбайт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 "Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 16.07.2015 · № 504 · Күчүн жоготкон
- Бажылык контролдоо зоналарын түзүүнүн жана белгилөөнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 токтому менен бекитилген)Порядок · 16.07.2015 · № 504 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-246" title="246-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>