Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө» жалпы техникалык регламент» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-04-02.
КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги N 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ Бишкек шаары
2008-жылдын 29-декабры № 280
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз
эксплуатациялоо жана утилдештирүү
жөнүндө" жалпы техникалык регламент
2008-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу жалпы
талаптар
3-глава. Жарылуу коопсуздугу боюнча талаптар
4-глава. Механикалык жана электр коопсуздугу боюнча талаптар
5-глава. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптар
6-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана
утилдештирүү процесстеринин ушул техникалык регламентте
белгиленген талаптарга шайкештигине баа берүү
7-глава. Корутунду жана өтмө жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам (мындан ары - Техникалык регламент) "Кыргыз Респуб-
ликасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
жана утилдештирүү процесстеринде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу
факторлордон жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жеке адамдар-
дын жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык
мүлктү сактоо, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн
өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында:
техникалык жөнгө салуунун объекттерин, аларды идентификациялоо ык-
малары (эрежелери) менен кошо;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу милдеттүү талаптарды, ушул
берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстерин ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүн
баалоо формаларын белгилейт.
2. Ушул Техникалык регламенттин колдонулушу Кыргыз Республикасынын
аймагынын чегинде ишке ашырылып жаткан коркунучтуу жана/же зыяндуу фак-
торлордун, анын ичинде жарылуу коопсуздугу, электрлик жана механикалык
коопсуздук боюнча, келип чыгышы мүмкүн болгон машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин баарына жайылты-
лат. Аталган процесстердин тизмеги ушул Техникалык регламенттин тирке-
месинде берилди.
3. Ушул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техникалык регла-
менттерде белгиленген, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо
приборлордун жана жабдуулардын иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жа-
атында электр-магниттик шайкештикти, биологиялык, өрт, термиялык, хими-
ялык, ядролук жана радиациялык, нурлануу коопсуздугун камсыз кылуучу
талаптарды камтыбайт. Бул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техни-
калык регламенттерде белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын
камтыбайт.
Ошондой эле үй чарбаларында колдонулган машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери жана турмуш-тиричи-
лик техникаларын эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери да бул
Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери болуп санал-
байт.
4. Ушул Техникалык регламент менен аныкталган машиналарды жана
жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча талаптар сунуш кылынган про-
цесстердин тизмегине жараша машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-
лоону жана утилдештирүүнү ишке ашыруучу бардык адамдар жана укуктук ма-
милелердин башка катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-берене. Техникалык жөнгө салуунун объектилери жана аларды
идентификациялоо тартиби
1. Бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери
(1-статьянын 2-бөлүгүндө аныкталган талаптарды эске алуу менен жана
1-берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объектилерди кошпогондо) төмөнкүлөр
болуп саналат:
1) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун ар кандай про-
цесстери;
2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн ар кандай процесс-
тери.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин иден-
тификациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуата-
циялоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркы-
луу жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессте-
рин идентификациялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдар
тарап машиналар жана жабдуулар менен төмөнкү иштердин бири аткарыла
тургандыгына ынанууга тийиш:
1) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоого киргизилет;
2) машиналар жана жабдуулар арналышы боюнча колдонулат;
3) машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана\же оњдоо
(эксплуатациялоодон чыгарылбастан) жүргүзүлөт;
4) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоодон чыгарылат.
3. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин иденти-
фикациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуатация-
лоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркылуу
жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин
идентификациялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдар тарап
машиналар жана жабдуулар аткарып жаткан иштердин (операциялардын) на-
тыйжасында аларды андан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес экендигине ына-
нууга тийиш.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламентти колдонуу максаттары үчүн төмөнкү
түшүнүктөр пайдаланылат:
машиналардын жана жабдуулардын авариясы (мындан ары - авария) -
машиналардын жана жабдуулардын аларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу бүлүнүшү же бузулушу, контролдонбогон жарылуу жана/же коркунуч-
туу заттардын сыртка чыгышы;
тосмолоо - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жана
кызматчылардын коопсуздукту камсыз кылуучу талаптарды бузгандыгынан же
башка себептерден улам чукул жагдайдын (анын ичинде авариялык) келип
чыгышы пайда болгондо машиналарды жана жабдууларды чукул жагдайдын
(анын ичинде авариялык) коркунуч пайда болгондо иштөөсүнө мүмкүндүк
бербөөнү камсыз кылуучу түзүлүш;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүү - эксплуа-
тациялоочу тарабынан машиналарды жана жабдууларды арналышы боюнча пай-
далануу башталгандыгын тастыктоочу окуя;
жарылуу - жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн энергиянын бөлүнүп чыгышы
жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон экзотермиялык хи-
миялык тез өзгөрүшү;
жарылуу коопсуздугу - машиналардын жана жабдуулардын эксплуатация-
лоо, утилдештирүү учурундагы жарылуу мүмкүнчүлүгү четтетилген же пайда
болгон учурда анын кызматчыларга жана башка адамдарга коркунуч кел-
тирүүчү жана зыяндуу факторлорунун таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнүн ал-
дын алуу жана жеке адамдардын, юридикалык жактардын мүлкүн сактоо кам-
сыз кылынган абалы;
жарылуу коркунучу бар чөйрө - жарылуу болушу мүмкүн болгон шарт-
тарда турган химиялык активдүү чөйрө;
зыяндуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин белгилүү бир шарттар-
да адамга тийгизген таасири кесиптик ооруларды пайда кылуучу, ишке
жөндөмдүүлүгүн убактылуу же туруктуу төмөндөтүүчү, соматикалык жана ин-
фекциялык оорулардын жыштыгын жогорулатуучу, тукумдун ден соолугунун
бузулушуна алып келүүчү терс таасири менен мүнөздөлгөн фактору;
эмгек шарттарынын гигиеналык нормативдери (ЖЧК, ЖЧД) - Кыргыз Рес-
публикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштун узактыгы нормативдик уба-
кыттан ашпай иштеген кишинин, ошондой эле өмүрүнүн кийинки бөлүгүндө
жана анын төрөлгөн балдарында азыркы заманбап изилдөөлөрдүн натыйжасын-
да табылуучу ооруларды же ден соолугунда болуучу четтөөлөрдү пайда кыл-
бай турган зыяндуу факторлордун дењгээли. Гигиеналык нормативдерди сак-
тоо тийиштүү зыяндуу факторго (факторлорго) карата жогорку сезгичтикке
ээ адамдарда ден соолуктун бузулушун болтурбай койбойт;
ЖЧК - жол берилген чектик концентрация;
ЖЧД - жол берилген чектик дењгээл;
коргогуч тосмо - адамды, анын дене бөлүктөрүн, кийимин жана аспап-
тарды машиналардын жана жабдуулардын коркунуч келтирүүчү бөлүктөрүнө
(кыймылдагы, ток бар ж.б. бөлүктөрүнө) жол берилбеген тийип кетүүдөн
жана чайналуудан, ошондой эле кызматчыларды машиналарды жака жабдуулар-
ды эксплуатациялоодо келип чыгышы мүмкүн болгон зыяндуу жана коркунуч-
туу факторлордон коргой турган техникалык түзүлүш;
коопсуздук белгиси - адамдарга түздөн-түз же мүмкүн болуучу корку-
нуч тууралуу эскертүүгө арналган, белгилүү аракеттерге тыюу салган, эс-
керткен же жол берген, ошондой эле объекттер менен каражаттардын жайга-
шуусу тууралуу маалымат берүү үчүн арналган кабарлоочу жана контрасттуу
түстөр, графикалык символдор жана түшүндүрмө жазуулар пайдаланылган,
аныкталган геометриялык формадагы түстүү графикалык сүрөттөлүш;
жасоочу - машиналарды, жабдууларды жасап чыгарган юридикалык жак
же жеке адам;
нускама - конкреттүү машиналарды жана жабдууларды коопсуз иштетүү
боюнча эрежелерди, ыкмаларды жана усулдарды эксплуатанттын кызматчыла-
рынын эсине салуу;
аспап - адамдын булчуњ күчүнүн тикелей катышуусу менен материалды
иштетүү үчүн же технологиялык бөлөк аракеттерди жасоо үчүн арналган ас-
пап;
машина - бөлүктөрдүн жана түйүндөрдүн өз ара байланышып, конк-
реттүү колдонуу (иштетүү, кайра иштетүү, жылдыруу же тањгактоо ж.б.)
үчүн материалды бириктирилген катары, анын жок дегенде бир бөлүгү же
түйүнү тийиштүү иштеткичтин (приводдун), башкаруу чынжырынын, энергия
булагынын ж.б. жардамы менен кыймылга келет;
эмгектин чыњалгандыгы - эмгек процессинин кызматчынын негизинен
борбордук нерв системасына, сезүү органдарына, эмоциялык жагына күч
келтирүүчү мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы;
жабдуу - өз алдынча пайдаланылуучу же машинага орнотулуучу жана
негизги жана кошумча (жардамчы) функцияларды аткаруу үчүн, ошондой эле
машиналарды технологиялык комплекске бириктирүү үчүн зарыл техникалык
түзүлүш;
коркунучтуу зона - мейкиндиктин машиналарды жана жабдууларды экс-
плуатациялоо ордундагы коркунучтуу факторлордун келип чыгуу ыктымалдыгы
жогору жана/же коркунучтуу факторлор бар чектелген чөйрөсү, факторлор-
дун коркунучтуулук мааниси ЖЧД/ЖЧКнын нормасына салыштырмалуу жогорула-
ган (төмөндөгөн) болот;
коркунучтуу (чукул) жагдай - машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо же утилдештирүү процессинде, анын ичинде өзгөчө табигый пайда
болушу мүмкүн болгон коркунучтуу жана/же зыяндуу (белгиленген чектик
мааниден өйдө (төмөн)) факторлордун жана кырсыктын адамдарга таасир
этүүсүнө алып келүүчү жагдай;
коркунучтуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин кызматчылардын
травма алышына, ден соолугунун кескин төмөндөшүнө, анын ичинде катуу
кармаган ооруга, өлүмгө же машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияло-
одо кырсыктын келип чыгышына себепкер болуучу фактору;
оператор - кызматчылардын ичинде машиналарды жана жабдууларды экс-
плуатациялоого жиберилүүчү, тийиштүү кесиптик (квалификациясы, адисти-
ги), анын ичинде аткара турган жумушунун мүнөзүнө ылайык эмгек коопсуз-
дугу боюнча даярдыгы бар адам;
эксплуатанттын кызматчылары (мындан ары - кызматчылар) - эксплуа-
тациялоочу менен эмгектик же жарандык-укуктук карым-катышта турган, ма-
шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарында же эксплуатация-
лоо орундарына жакын жерде болуп калышы ыктымал жеке адамдар;
чектик абал - машиналардын жана жабдуулардын ушул машиналар менен
жабдууларды нормага ылайык эксплуатациялоо учурунда кырсыктын жол бе-
рилген кооптуулугун жогорулатууга алып келүүчү жана кырсыктын келип чы-
гуу кооптуулугун жол берилген чекте кармоо үчүн атайын чараларды же ма-
шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодон четтетүүнү талап кылуучу
машиналардын жана жабдуулардын техникалык абалы;
долбоорлоочу - машиналарды, жабдууларды долбоорлогон юридикалык
тарап же жеке адам;
кырсыктан коргоо - машиналарды жана жабдууларды токтотуучу
түзүлүш, аларды иштөөнүн башка режимдерине которуу, кырсыктын алдын
алуу максатында кошумча түзүлүштөрдү иштетүү же болушу мүмкүн болгон
кырсыктын кесепеттеринин алдын алуу;
жумуш зонасы - полдун же аянтчанын дењгээлинен 2,5 м бийиктик ме-
нен чектелген, кызматчылар дайыма же дайыма эмес (убактылуу) болуучу
орундар жайгашкан мейкиндик;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессиндеги жумушчу
орун (мындан ары - жумушчу орун) - кызматчылар тарабынан машиналар жана
жабдуулар эксплуатациялана турган орун;
ресурс - машинанын, жабдуунун долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабы-
нан натуралай көрсөткүчтөрдө (циклдерде, километрлерде ж.б.) белгилен-
ген эксплуатациялоо башталгандан болжолдонгон чектик абалга өткөнгө че-
йинки суммалык иштеши;
оњдоо - машиналардын, жабдуулардын оњ абалын (ишке
жөндөмдүүлүгүн), машиналардын, жабдуулардын же алардын курамдык
бөлүктөрүнүн ресурстарын калыбына келтирүү боюнча аракеттердин комплек-
си;
сигнализация - көзөмөлдөнүүчү параметрлердин белгиленген маанисине
жеткенде добуш жана/же жарык аркылуу белги берүүнү камсыз кылуучу
түзүлүш;
сигналдык жарык берүү - кызматчылардын жана башка адамдардын
көњүлүн түздөн-түз же болушу мүмкүн болгон коркунучка, жабдуулардын,
машиналардын, механизмдердин жана/же конструкциялардын элементтерине
коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун булагы болушу мүмкүн болгон
жумушчу түйүндөрүнө, өрт техникасына, өрткө каршы жана башка коргоо ка-
ражаттарына, коопсуздук белгилерине жана кабарлоочу белгилерге бурууга
арналыштагы жарык берүү;
сигналдык белгилеме - конструкциялардын, дубалдардын, тосмолордун,
жабдуулардын, машиналардын, механизмдердин (же алардын элементтеринин)
үстүњкү бетине, ошондой эле тасмаларга, чынжырларга, мамычаларга,
түркүктөргө, бөгөттөөчү тоскоолдорго, такталарга жана башкаларга корку-
нучтуу билдирүү максатында, ошондой эле көрсөтмө жана маалымат берүү
үчүн кабарлоочу жана контрасттуу түстөрдү колдонуу менен түшүрүлгөн
түстүү графикалык сүрөттөлүш;
жеке коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун
таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, ошондой эле булгануудан
сактоо үчүн адамдын денесине же анын бөлүктөрүнө кийилүүчү же киши пай-
далануучу каражат;
жамааттык коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу фактор-
лордун таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, машиналар же жаб-
дуулар, технологиялык процесс, эксплуатациялоо оруну (жай (имарат) же
башка аймак) менен конструкциялык жана/же функциялык жактан байланышкан
каражат;
иштөө мөөнөтү - машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоонун жасоо-
чу жана/же долбоорлоочу тарабынан белгиленген эксплуатациялоо баштал-
гандан болжолдук чектик абалга өткөнгө чейинки убакыттын узактыгы;
техникалык диагноздоо (техникалык текшерүү) - эксплуатант же ал
атайын укук берген адам тарабынан эксплуатациялоодогу машиналардын жана
жабдуулардын техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чара-
лар;
техникалык тейлөө - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо-
до, сактоодо жана транспортировкалоодо аларды ишке жарактуу (оњ) кармап
туруу боюнча операция же операциялардын комплекси;
технологиялык комплекс - бирдиктүү максатка жетүү үчүн бир бүтүн
нерсе катары куралган жана бир бүтүн нерсе катары иштөөчү бир нече ма-
шинанын жана/же жабдуулардын бирдиги;
технологиялык процесс - машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-
лоого байланыштуу, аралык же даяр продукция (натыйжа) алуу максатында
кызмат көрсөтүү же чийки затты жана материалдарды иштетүү (кайра иш-
тетүү), тетиктерди, түйүндөрдү, агрегаттарды жыйноо үчүн зарыл аракет-
тердин ырааттуулугу;
ток бар бөлүк - бейтарап өткөргүч менен кошо алганда чыњалуунун
алдында нормадагы режимде иштөөгө арналыштагы өткөргүч же өткөрүүчү
бөлүк;
жумуштун оордугу - кызматчылардын таяныч-кыймыл аппаратына жана
организминин функциялык системасына (жүрөк-кантамыр, дем алуу ж.б.) күч
келтирүүчү ишмердиктин ушул түрү үчүн артыкчылык берилген эмгек процес-
синин мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодогу эмгек шарттары
(мындан ары - эмгек шарттары) - кызматчылар машиналарды жана жабдуулар-
ды иштетүү учурундагы эмгек менен чөйрөнүн оордугунун жана чыњалуусунун
жыйындысы;
машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү - эксплуатациялоодон чы-
гарылган машиналарды жана жабдууларды долбоорлоочу жана/же жасоочу та-
рабынан аныкталган арналышы боюнча колдонууга болбой турган абалга кел-
тирүү максатындагы аракеттерди жүзөгө ашыруу;
эксплуатант - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды эксплуатациялоонун
коопсуздугу үчүн жоопкер юридикалык жак же жеке адам, укуктук мамиле-
лердин башка катышуучусу;
эксплуатациялык документтер - долбоорлоочу, жасоочу, эксплуатант
тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоого жана утилдештирүүгө арналган, жалпы жана атайын Тех-
никалык регламенттердин милдеттүү талаптары эске алынган вербалдык
(тексттик), сандык, графиктик маалыматтардын нускама, эреже, сыпаттоо,
чийме, схема, технологиялык карталар жана бөлөк документтер түрүндөгү
жыйындысы;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо - машиналарды жана
жабдууларды жасоочу (долбоорлоочу) тарабынан аныкталган, арналышы боюн-
ча пайдалануу, анын ичинде машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияло-
ого киргизүү, машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо
(аларды эксплуатациялоодон чыгарбастан) жана машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоодон чыгаруу.
2-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу жалпы
талаптар
4-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого
киргизүүнүн шарттары
1. Машиналардын жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүдө ма-
шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн төмөнкү шарт-
тары аткарылууга (камсыз болууга) тийиш:
1) кызматчылардын кесиптик даярдыгы боюнча талаптардын (тийиштүү
квалификациясы жана адистиги) аткарылышы;
2) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу жана орнотуу боюнча
талаптардын аткарылышы;
3) коопсуздук белгилери менен сигналдык белгилемелерди кошо алган-
да эксплуатациялоо орунун жарыктандыруу боюнча талаптардын аткарылышы;
4) машиналарды жана жабдууларды штаттык эксплуатациялоодо зыяндуу
факторлордун кызматчыларга таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон дењгээлин
аныктоо, ушул Техникалык регламенттин 4 жана 5-беренелерине ылайык экс-
плуатанттан кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылуу принциптерин жана
ыкмаларын тандашы жана жүзөгө ашырышы;
5) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон кызматчылардын өмүрүнүн,
ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы
жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын аткарылы-
шы;
6) машиналарды жана жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо про-
цессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен
коргоо максатында адам өмүрүнүн, ден соолугунун жана мамлекеттик же му-
ниципалдык мүлктүн, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-
цесстерине катышпаган жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын
мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жана атайын техникалык
регламенттерде белгиленген талаптарды аткаруу;
7) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо макса-
тында айлана-чөйрөнү, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соо-
лугун коргоо боюнча жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белги-
ленген талаптарды аткаруу;
8) долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документте-
ринин жана/же эксплуатант тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялык до-
кументтердин болушу;
9) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын атайын Техникалык
регламенттерде белгиленген учурларда жана тартипте машиналарды, жабдуу-
ларды эксплуатациялоого киргизүүгө берген уруксатынын болушу.
2. Ушул берененин 5-8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттардын аткары-
лышы машиналар жана жабдуулар белгиленген тартипте дал келүүсүн баалоо
жол-жобосунан өткөндүгүн ырастаган документтердин болушу менен тастык-
талууга тийиш.
5-берене. Кызматчыларга машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоого жол берүүнүн шарттары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу адамдардын ат-
карган жумушунун мүнөзүнө ылайык кесиптик (тиешелүү квалификациясы жана
адистиги), анын ичинде эмгек коопсуздугу боюнча да даярдыгы болууга ти-
йиш.
2. Кызматчылдардын квалификациясына коюлуучу талаптар, мезгил-мез-
гили менен квалификациясын (квалификациясын өзгөрткөнүн) тастыктоонун
негизи, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордунда нускамдан
өтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
Квалификациялык талаптардын мазмуну (курамы) жана квалификацияны
ырастоо тартиби мамлекеттер аралык, региондук, улуттук билим берүү
стандарттарын эсепке алуу менен түзүлгөн билим берүү программалары ме-
нен белгиленет.
3. Түздөн-түз эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды
кызматчылардын окуп-үйрөнүшүн жана билимин текшерүүнү уюштуруу (нускам)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Кызматчыларды медициналык күбөлөндүрүү, алардын маал-маалы ме-
нен андан өтүп турушун негиздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык белгиленет.
6-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына
жайгаштырууга жана аларды эксплуатациялоо орундарын
ылайыкташтырууга карата талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу аларды эксплуатацияло-
онун коопсуздугун, анын ичинде техникалык тейлөөнүн жана оњдоонун кооп-
суздугун төмөндөгүлөрдү эске алуу менен камсыз кылууга тийиш:
1) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруунун натыйжасында кошум-
ча зыяндуу факторлордун келип чыгышына жол бербөө;
2) кызматчылардын жана башка адамдардын ары-бери коопсуз жүрүүсү
жана өтө шашылыш учурларда аларды ылдам эвакуациялоо, ошондой эле жумуш
орундарына, мүмкүн болушунча транспорт жүрүүчү жолду кесип өтпөгөн эњ
кыска жол менен жетүү;
3) чийки заттардын, баштапкы материалдардын жана өндүрүш калдыкта-
рынын башка жүк ташуу агымына жолукпагандай оптималдуу жол менен ташы-
лышы;
4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессине байла-
нышкан транспорт каражаттарынын коопсуз эксплуатацияланышы;
5) кызматчыларды коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун терс та-
асиринен коргоочу каражаттарды жайгаштыруу;
6) машиналарды жана жабдууларды монтаждоодо (демонтаж), техникалык
тейлөөдө жана оњдоодо кызматчылардын операцияларды эркин жана коопсуз
аткаруусун камсыз кылуучу жумушчу зоналарын (жумушчу орундарын) колдо-
нулуучу аспаптардын, орнотулуучу жердин өлчөмүн, запас жана чечилүүчү
тетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарууну жана убактылуу жай-
гаштырууну эске алуу менен уюштуруу;
7) иштелип жаткан тетик сомолорун, баштапкы материалдардын, чала
фабрикаттардын, даяр продукциянын, өндүрүш калдыктарынын, кампа жабдуу-
ларынын запастарын (орнотулбаган текчелер, технологиялык идиштер) жай-
гаштыруу үчүн аянттардын жана ушуга окшош көмөкчү зоналардын болушу;
8) стационардык аянтчаларды, тепкичтерди, материалдарды сактоо жа-
на бир орундан экинчи орунга которуу үчүн түзүлүштөрдү, аспаптар үчүн
столдорду, электр шкафтарын, өрт инвентарын жана стационардык
түзүлүштөрдүн ушуга окшош зоналарын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болу-
шу;
9) коммуникациялык системаларды, полдун жана аянтчанын дењгээлинен
берилген бийиктикте орнотула турган көмөкчү машиналарды жана жабдуулар-
ды, пол астындагы алынуучу же ачылуучу тосмолору бар инженердик курул-
маларды (коммуникцияларды) жана коммуникациялардын ушуга окшош зонала-
рын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болушу;
10) роботтор иштеген участкаларда өнөр жай роботторунун жана
тейлөөчү кызматчылардын жумушчу зоналарына бөлүштүрүлүшү;
11) күйүүчү-майлоочу материалдар топтолгон жерди жана аларды агы-
зуучу арыктарды тазалоону уюштуруу.
2. Коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон машиналарды
жана жабдууларды, ошондой эле коммуникацияларды жайгаштырууда машина-
лардын, жабдуулардын бирдиктеринин араларындагы, ошондой эле машиналар-
дын, жабдуулардын жана дубалдын, курулмалардын ортосундагы аралык жалпы
жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жооп
берүүгө тийиш.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жана
жумушчу орундарына баруучу өткөөл - жолдор түз болууга тийиш, ањдар,
казылган чуњкурлар болбошу керек. Кышында өткөөлдөр кардан тазаланууга,
ал эми муз тоњуп калган учурда кум, шлак же башка сыйгаланбоочу матери-
алдар чачылууга тийиш.
4. Жумуш ордуна өтүү (көтөрүлүү) үчүн Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын талаптарына жооп берген тротуарлар, тепкичтер, көпүрөчөлөр,
траптар алдын ала каралууга тийиш.
7-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
1. Бардык категориядагы адамдар, мүлк, ошондой эле айлана-чөйрө
үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин кооп-
суздугу эксплуатант тарабынан ушул Техникалык регламенттин 2-4-главала-
рында белгиленген талаптарды сактоо менен катар, ушул беренеде белги-
ленген ар түрдүү категориядагы адамдар, мүлктөр, ошондой эле айла-
на-чөйрө үчүн коопсуздукту камсыз кылуу принциптеринин жыйындысын иш
жүзүнө ашыруу менен жетишилүүгө тийиш. Айрым категориядагы адамдар,
мүлк үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун ар кандай принцибин иш жүзүнө
ашырууда тийиштүү категориядагы адамдар, мүлк үчүн машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугу камсыз болууга
тийиш.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо (ГОСТ 12.0.003
"Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кооптуу жана зыяндуу
өндүрүш факторлору. Классификация") кызматчыларды коркунучтуу жана зы-
яндуу факторлордун таасиринен коопсуз болушун камсыз кылуу төмөнкү
принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү менен
колдонуу, ошондой эле жалпы жана атайын Техникалык регламенттерде бел-
гиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген коркунучтуу факторлордун,
зыяндуу факторлордун кызматчыларга таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү
камсыз кылуучу технологиялык процесстерди колдонуу;
2) эксплуатациялоочу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-
цесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда
белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган учурда
эксплуатант техникалык чараларды жана кызматчыларды жамааттык коргоо
каражаттарын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү;
3) эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-
цесстеринин коопсуздугун машиналардын жана жабдуулардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-
цесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пунк-
ттарында белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган
учурда эксплуатант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчы-
лардын жеке коргонуу жана/же кызматчылардын иштешинин атайын режимдерин
колдонууга милдеттүү;
4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-
опсуздугун ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында белгиленген
принциптерин ишке ашырганда камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда эксплу-
атант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка иш-чара-
ларды аткарууга милдеттүү.
3. Иштин оордугунун жана чыњалгандыгынын таасири болгондо кызмат-
чылардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө
ашырылат:
1) эксплуатанттын эмгектин оордугунун жана чыњалгандыгынын
көрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол
берилген маанилерин сакташы;
2) эксплуатанттын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
жол берилген маанилердин дењгээлине чейин иштин оордугунун жана чыњалу-
усунун таасирин азайтуу боюнча иш-чараларды аткарышы.
4. Эксплуатациялоо ордуна жакын жердеги (иштеген, жашаган ж.б.)
жана машиналары жана жабдууларды эксплуатациялоого катышпаган адамдар-
дын, эксплуатациялоо ордуна жакын жайгашкан ар кандай мүлктүн коопсуз-
дугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт: эгер машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоо көрсөтүлгөн адамдар менен
мүлктүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттер
менен белгиленген милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүгө жол берилбейт.
5. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордуна жакын жер-
деги жана аларды эксплуатациялоо процессине катышпаган жеке адамдардын
өмүрүнүн, ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу
төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү менен
колдонуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдар менен мүлккө, ошондой эле
коркунучтуу факторлордун жалпы жана атайын техникалык регламенттерде
белгиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген зыяндуу факторлордун
таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү камсыз кылуучу технологиялык процесс-
терди колдонуу;
2) эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-
цесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-
цесстин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда
белгиленген принцибин жүзөгө ашырууну камсыз кыла албаган учурда экс-
плуатант техникалык чараларды же жамааттык жана жеке коргоо каражатта-
рын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү.
6. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принципке
ылайык жүргүзүлөт: машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орунда-
рына башка адамдардын келишин чектөө.
7. Айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу төмөнкү принципке ылайык
жүргүзүлөт: эгер машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айлана-чөйрөнү коргоо жаатын-
дагы милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, анда мындай эксплуа-
тациялоого жол берилбейт.
8-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу жолдору
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-
опсуздугун камсыз кылуучу талаптарды аткарууга адамдын өмүрүн жана ден
соолугун, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик
жана муниципалдык мүлктү, айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана
өсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соолугун зыяндуу жана коркунучтуу фактор-
лордун таасиринен коргоонун зарыл ыкмаларынын жыйындысын колдонуу аркы-
луу жетишилет.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон коргоонун колдонулуучу
жолдору жасоочу жана/же долбоорлоочу алдын ала көрсөткөн ыкмаларга ко-
шумча, ушул Техникалык регламенттин 7-беренесинде баяндалган принцип-
тердин негизинде эксплуатант тарабынан өз алдынча аныкталат. Бул ыкма-
лардын курамы аларды чогуу колдонуунун натыйжасында ушул жана башка
техникалык регламенттер менен белгиленген талаптардын аткарылышы камсыз
боло тургандай болуп тандалат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин
коопсуздугу төмөнкү жолдордун бири же алардын комбинациясы менен кам-
сыздалат:
1) коопсуз технологиялык процесстерди, анын ичинде машиналардын
жана жабдуулардын коопсуз режимде иштеши, коркунучтуу жана зыяндуу фак-
торлордун келип чыгышы менен байланышкан технологиялык процесстер менен
операцияларды мындай факторлор жок же жалпы жана атайын техникалык рег-
ламенттерде белгиленген гигиеналык нормалардын чегинде болгон техноло-
гиялык процесстер жана операциялар менен алмаштыруу, ошондой эле функ-
цияларды кызматчылардын, машиналардын жана жабдуулардын ортосунда туура
бөлүштүрүү;
2) эксплуатациялоо орундарын коопсуздук талаптарына ылайык жарык
кылуу, анын ичинде имараттарды жана башка аймактарды жабдуу (машиналар-
ды жана жабдууларды имараттардан жана курулмалардан сырткары эксплуата-
циялоо үчүн), белгиленген ыкмалар аркылуу машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоонун коркунучтуу зоналарын көрсөтүү;
3) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизбей турган
баштапкы чийки заттарды, материалдарды колдонуу, ал эми бул талапты ат-
каруу мүмкүн болбогон учурда коркунучтуу чийки зат менен материалды иш-
тетүүдө (кайра иштетүүдө) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процессинин коопсуздугун, кызматчыларды коргоону камсыз кылуучу шарт-
тарды сактоо;
4) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун өлчөнүүчү параметрлерин
контролдоонун белгиленген ыкмаларын жана каражаттарын колдонуу;
5) кырсыктан коргоочу жана сигналдык түзүлүштөрдү колдонуу;
6) коркунучтуу жана зыяндуу факторлорду локализациялоочу тез таа-
сир этүүчү каражаттарды колдонуу;
7) машиналарды жана жабдууларды жайгаштырууну жана жумушчу орунда-
рын уюштурууну коопсуздуктун талаптарына ылайык жайгаштыруу;
8) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизе турган баш-
тапкы материалдар, тетик сомолору, чала фабрикаттар, комплекттөөчү бу-
юмдар (тетиктер, түйүндөр, агрегаттар), даяр продукция жана өндүрүштүн
калдыктары менен түздөн-түз контактта болушун машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо процессин башкаруунун автоматтык системасын кол-
донуу менен четтетүү;
9) кесиптик тандоо, кызматчыларды окутуу, эмгек коопсуздугун
билүүсүн жана көндүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген талаптарга ылайык текшерүү;
10) мүмкүн болгон коркунучтуу же зыяндуу факторлордун мүнөздөрүнө
ылайык кызматчыларды коргоонун жеке жана жамааттык каражаттарын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуу;
11) туюк циклдин калдыксыз технологиясын колдонуу, эгер бул мүмкүн
болбосо коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон өндүрүш
калдыктарын өз убагында утилдештирүү аркылуу; суу менен жабдуунун ай-
ланма системасын колдонуу;
12) азыркы илимий-техникалык өнүктүрүү дењгээлинде белгилүү башка
мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу.
9-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча
жалпы талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-
опсуздугун камсыз кылуу үчүн эксплуатант коркунучтуу (чукул) жагдайлар-
дын келип чыгышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо эксплуатациялык
документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт, жасоочу ал документтерди
машиналар жана жабдуулар менен чогуу берүүгө милдеттүү.
Эксплуатант машиналар менен жабдууларга эксплуатациялык документ-
терди сактоого жана ушул документтерде белгиленген талаптарды аткарууга
милдеттүү.
Эгер машиналарды, жабдууларды монтаждоодо (жөндөөдө) долбоорлоочу-
нун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтери толук же жарым-жар-
тылай жок болсо, анда эксплуатант долбоорлоочудан жана/же жасоочудан
машиналарды жана жабдууларды монтаждоонун (жөндөөнүн) жана алардын экс-
плуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документ-
терди суроого милдеттүү, документтерди толук алмайынча машиналарды,
жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүнү токтотуп турат.
Долбоорлоочунун жана/же жасоочунун ким экендигин билүү мүмкүн бол-
богон учурда (жок болсо) эксплуатант ошол машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн зарыл болгон эксплуатациялык доку-
менттерди иштеп чыгууну камсыз кылууга, же болбосо ошол эксплуатациялык
документтери калыбына келтирүүгө милдеттүү.
3. Эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык
документтерин кызматкерлерге жеткирүүгө, ошондой эле зарыл учурда жалпы
жана атайын техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарын эске алуу
менен машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессин уюштуруу
үчүн кошумча эксплуатациялык документтерди иштеп чыгууга милдеттүү.
4. Эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык
документтерине алардын макулдугусуз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.
5. Эгер эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуата-
циялык документтерин жоготуп койгон болсо, анда ал жетишпеген эксплуа-
тациялык документтерди ылайыктуу мөөнөттө, бирок жоготуу билинген учур-
дан баштап, алты айдан ашпаган мезгилде, ордуна келтирүүгө чара көрүүгө
милдеттүү.
Долбоорлоочу жана/же жасоочу эксплуатациялык документтерсиз экс-
плуатациялоого жол бербеген учурда эксплуатант машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо процессин токтотуп турууга милдеттүү.
6. Иштөө мөөнөтү жана ресурсу бүткөндүгү боюнча машиналарды, жаб-
дууларды эксплуатациялоого долбоорлоочу жана/же жасоочу белгилеген
шарттарда жол берилет.
7. Эксплуатант төмөнкү учурларда иштөө мөөнөтү аяктай элек жана
ресурсу бүтө элек машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону токто-
тууга милдеттүү:
1) эгер машина, жабдуу иштен чыкса (кырсыктан токтоо);
2) тийиштүү ыйгарым укуктары бар мамлекеттик бийлик органдарынын
талабы боюнча - коркунучтуу (чукул) жагдай келип чыккан учурда же ошол
эксплуатанттын же башка эксплуатанттардын ушундай машиналары, жабдуула-
ры кырсыкка учураганда;
3) тийиштүү машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоону уланта бер-
се кырсыкка учуратышы мүмкүн болгон коркунучтуу (чукул) жагдайлар (анын
ичинде табигый кырсыктар) келип чыкканда.
8. Эгер долбоорлоочу жана/же жасоочу машиналардын жана жабдуулар-
дын тетиктерине, түйүндөрүнө иштөөнүн өзүнчө мөөнөтүн (ресурсун) белги-
леген болсо, анда ушул берененин 6, 7-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер
аларга да тийиштүү.
9. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялык документтерде бел-
гиленгенден айырмаланган режимде жана шарттарда эксплуатациялоого жол
берилбейт.
10. Эгер машиналардын, жабдуулардын конструкциясында, технология-
лык процесстер менен кошо, эксплуатациялоо процессинин коопсуздугун
камсыз кылуучу башкаруу системасынын болушу каралса, анда башкаруу сис-
темасы токтотулган, ажыратылган же бузук мындай машиналарды, жабдуулар-
ды эксплуатациялоого тыюу салынат.
11. Эгер машиналардын жана жабдуулардын конструкциясында коргоо
системасы жана/же сигналдык түзүлүшү кошо курулган болсо, анда коргоо
системасы жана/же сигналдык түзүлүшү токтотулган, ажыратылган же бузук
мындай машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого тыюу салынат.
12. Радиоактивдүү нурлануу булагы бар приборлор менен жабдылган
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо аларды тейлөөчү кызмат-
чылар үчүн радиациялык контроль жана анын натыйжаларын каттоо радиация-
лык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарына жооп
берүүгө тийиш.
13. Эгерде бул долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабынан, ошондой эле
атайын техникалык регламенттерде белгиленген учурда эксплуатант техни-
калык диагноздоо жүргүзүүгө милдеттүү.
10-берене. Кырсыктан коргоо каражаттарын жана сигналдык
түзүлүштөрдү колдонуунун талаптары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо төмөндөгүдөй та-
лаптарга жооп берген кырсыктан коргоо каражаттары колдонулууга тийиш:
1) кырсыктан коргоо каражаттары коркунучтуу (чукул) жагдай келип
чыкканда же кырсык болгондо өз милдетин аткарууга тийиш;
2) кырсыктан коргоо каражаттарынын аракеттери тийиштүү коркунучтуу
же зыяндуу фактор жоюлгандан эрте токтолбоого тийиш;
3) кырсыктан коргоо каражаттарынын биринин же анын элементинин иш-
тебей калышы коргоонун башка каражаттарынын аракетин токтотуп койбоого
тийиш.
2. Кырсыктан коргоо каражаттарынын жайгаштырылышы эксплуатанттын
машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык
тейлөөнү камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койбоого тийиш;
3. Сигнализация каражаттарынын жана коркунучтуу (чукул) жагдайлар-
дын келип чыкканы тууралуу кабарлоочу башка маалымат каражаттарынын
жайгаштырылышы кызматчылардын маалыматты жањылбай, туура жана ылдам ка-
был алышын камсыз кылууга тийиш.
4. Коркунуч тууралуу билдирүүчү сигналдык түзүлүштөр алардын сиг-
налдары машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде корку-
нуч келтирилген же коркунуч келиши мүмкүн болгон адамдарга жакшы угул-
гандай жана ажырата алгандай аткарылууга жана жайгаштырылууга тийиш.
5. Добуш сигнализациясы оператордун көрүү каналы маалымат менен
толуп калган учурда, ошондой эле чектелген көрүү шартында, машиналарды
жана жабдууларды эксплуатациялоо орундары мейкиндикте көп орун ээлеген-
де, кызматчылардын ишмердиги монотондуу болгон учурларда колдонулууга
тийиш.
6. Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттары
эки тараптуу маалымат алмашуу талап кылынган учурда, ошондой эле маши-
наларды жана жабдууларды эксплуатациялоодо келип чыккан жагдайдан улам
сөз түрүндөгү эмес кодду (сигналды) айрып билүү кыйын болуп калганда
колдонулууга тийиш.
Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттарынын
динамикалуу диапазону сапаттуу сөз байланышын камсыз кылууга тийиш.
Ызы-чуу таасир эткен шарттарда үндү угузуунун энергиялык дењгээли
ызы-чуунун дењгээлинен кеминде 10 дБден ашык болушу зарыл.
11-берене. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу боюнча
талаптар
1. Ушул талаптар кызматчыларга коркунучтуу жана/же зыяндуу фактор-
лордун таасиринин алдын алуу же таасирин азайтуу үчүн коргоо каражатта-
рын колдонууга таандык.
2. Персоналды коргоо каражаттарын аларды колдонуу мүнөзүнө жараша
"Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кызматчыларды коргоо
каражаттары. Жалпы талаптар жана классификациясы": 12.4.011 ГОСТко ыла-
йык эки категорияга бөлүнөт:
1) жамааттык коргонуу каражаты;
2) жеке коргонуу каражаты.
3. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу төмөнкүлөрдү камсыз
кылууга тийиш:
жумушчу зонадан коркунучтуу жана/же зыяндуу заттарды жана матери-
алдарды алып кетүү (жамааттык коргонуу каражаты үчүн);
коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасирин (санын) жалпы
жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген маанилерге чейин
төмөндөтүү;
кызматчыларды кабыл алынган технологияны жана жумуштун шарттарын
коштоп жүрүүчү коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тий-
гизүүсүнөн коргоо;
кызматчыларды технологиялык процессти бузуудан же кырсыктан келип
чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тийгизүүсүнөн
коргоо;
4. Кызматчылар коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун мүмкүн бо-
луучу таасир этүүсү эске алынып, жеке коргонуу каражаттары менен Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз болууга тийиш.
5. Кызматчылар жеке коргонуу каражаттарын алганда бул каражаттарды
пайдалануунун тартиби тууралуу нускамдан өтүүгө жана ал каражаттарды
кароо талаптары менен таанышууга тийиш.
6. Кызматчыны коргой турган төмөнкүдөй каражаттарды колдонууга жол
берилет:
1) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун аракетинин алдын алат же
төмөндөтөт;
2) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болуп эсептелбейт;
3) эргономиканын талаптарына жооп берет;
4) техникалык регламенттердин жана эксплуатациялык документтердин
талаптарына ылайык арналышы жана иштөө мөөнөтү, аны эксплуатациялоонун
жана сактоонун эрежелери көрсөтүлүп маркаланган.
7. Кызматчыларды коргоо каражатынын конкреттүү тибин тандоо ти-
йиштүү процесс жана жумуштун түрү үчүн коопсуздуктун талаптарын эске
алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
8. Жеке коргонуу каражаттарын колдонууда жана аларды техникалык
тейлөөдө эксплуатант жасоочунун документтеринде белгиленген талаптарды
сактоого милдеттүү.
9. Жеке коргонуу каражаттарынын коргоочу, физиологиялык-гигиеналык
жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрү боюнча дал келүүсү атайын техникалык
регламент менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө бааланууга тийиш.
10. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналар, жабдуу-
лар жана башкаруу элементтери менен конструкциялык жактан коркунучтуу
(чукул) жагдай келип чыкканда коргонуу каражатынын автоматтык түрдө иш-
теши камсыз кылынгыдай болуп бириктирилген болушу керек.
Жамааттык коргонуу каражаттарын машиналарды жана жабдууларды иш-
тетүү жана токтотуу үчүн башкаруу элементи катары колдонууга жол бери-
лет.
11. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналарда жана
жабдууларда же жумуш ордунда алардын иштешине үзгүлтүксүз контроль
жүргүзүү, ошондой эле аларды коопсуз техникалык тейлөө жана оњдоо
мүмкүндүгү камсыз болгондой жайгаштырылат.
12. Жумушчу орундардагы жамааттык коргонуу каражаттарынын натыйжа-
луулугун контролдоо жамааттык коргонуу каражатын жасоочунун эксплуата-
циялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
13. Жумушчу орундардагы жеке коргонуу каражаттарынын натыйжалуулу-
гун контролдоо жамааттык жеке коргонуу каражатын жасоочунун эксплуата-
циялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
12-берене. Машиналарды жана жабдууларды башкаруу тутумун
эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз
кылуучу талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону башкаруучу экс-
плуатациялоо тутумунун процессиндеги (машиналык, адамдык-машиналык)
бардык каралган иштөө режимдерде жана эксплуатациялык документтерде ка-
ралган бардык тышкы таасирлерде бул башкаруунун коопсуздугу камсыз бо-
лушу керек.
Жумуш орундарында башкаруу аракеттеринин керектүү кезеги тууралуу
жазуулар, схемалар жана маалыматтын башка каражаттары болушу керек.
2. Башкаруу органдары төмөнкүдөй болгон машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоого уруксат берилет:
1) аларды контролдогон персонал үчүн мүмкүндүк алууга жењил жана
эркин айырмалануучу, зарыл учурда жазуулар, символдор жана башка ыкма
менен белгиленген;
2) алар эркин жүрбөй тургандай жана аларды ишенимдүү жана бирдей
мааниде, анын ичинде персонал жеке коргонуу каражаттарын колдонгон
учурда дагы манипуляциялоо камсыз болгондой конструкцияланган жана жай-
гашкан;
3) жылдыруу, ырааттуулугу жана пайдалануу жыштыгы үчүн талап кы-
лынган күч аракеттерди, ошондой эле функциялардын маанилүүлүгүн эске
алуу менен жайгашкан;
4) алардын формасы, өлчөмү жана контакттын үстү оператор тарабынан
кармоо (манжалар менен, кол менен) же басуу (манжа, алакан, таман ме-
нен) ыкмасына ыњгайлуу болгондой кылып жасалган;
5) функционалдык багыты персоналдын кооптуу зонада болушун талап
кылган, башкаруу органдарын кошпогондо, кооптуу зонадан тышкары жайгаш-
кан.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону баштоо, ошондой
эле алар токтогондон кийин, токтоо себебине карабай эксплуатацияланышын
кайтадан баштоо аракетке келтирүүнү башкаруу органын манипуляциялоо жо-
лу менен гана жүргүзүлөт.
Эгерде токтогондон кийин кайрадан аракетке келтирүү ошол режимде
каралган болсо, бул талап автоматтык режимде эксплуатацияланып жаткан
машиналарды жана жабдууларды кайрадан аракетке келтирүүгө тийиштүү
эмес.
4. Энергия менен камсыздоонун толук же жарым-жартылай токтотулушу
жана анын андан ары калыбына келтирилиши, ошондой эле энергия менен
камсыздоону башкаруу түйүнүнүн бузулушу кооптуу (чукул) абалдардын
түзүлүшүнө алып келбеши керек, анын ичинде:
1) энергия менен камсыздоону калыбына келтирүүдө машиналардын жана
жабдуулардын өз алдынча аракетке келишине;
2) токтоого берилген команданын аткарылбашына;
3) машиналардын жана жабдуулардын кыймылдуу бөлүктөрүнүн жана ага
бекитилген буюмдардын (мисалы, буюм сомолордун, шаймандардын ж.б.)
түшүп калышына жана ыргып кетишине;
4) жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын натыйжалуулугунун
төмөндөшүнө.
13-берене. Эксплуатацияланып жаткан машиналарды жана жабдууларды
техникалык диагностоо
1. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо процессинде
эксплуатант төмөнкүлөрдү белгилеши керек:
1) техникалык диагностоо учурунда машиналардын жана жабдуулардын
андан ары коопсуз эксплуатациялоого жарактуулугун;
2) эксплуатацияланып жаткан машиналардын жана жабдуулардын болжол-
дуу начар абалга жетишин аныктоону (машиналардын жана жабдуулардын кал-
ган ресурсу), анын ичинде машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуа-
тациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоону.
2. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо (техникалык
текшерүү) эксплуатант тарабынан өзүнө техникалык изилдөөнү, сыноону,
күбөлөндүрүүнү жана ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган максаттарга
жетүүгө мүмкүндүк берген башка ыкмаларды камтыган иш чараларды өткөрүү
жолу менен жүргүзүлөт.
3. Эгер техникалык диагаостоонун жыйынтыгы боюнча (техникалык тек-
шерүү) машиналар жана жабдуулар андан ары эксплуатациялоого кооптуу
абалда деп табылса, эксплуатант аларды эксплуатациядан алып салышы же
андан аркы коопсуз эксплуатацияны камсыз кылган тийиштүү оњдоо иштерин
жүргүзүшү керек.
14-берене. Техникалык тейлөөнү уюштуруу жана машиналар менен
жабдууларды оњдоо боюнча талаптар
1. Эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды техникалык
тейлөө жана оњдоо уюштурулушу же алар алмаштырылышы керек.
2. Техникалык тейлөөнүн көлөмү машиналарды жана жабдууларды экс-
плуатациялоонун коопсуздугун кармоо жана ушул техникалык регламентте,
атайын техникалык регламенттерде, эксплуатациялык документтерде карал-
ган алмашып туруучу жумуш шарттарынын чегине ылайыктоо муктаждыгы менен
аныкталышы керек.
3. Машиналардын жана жабдуулардын айрым түрлөрү үчүн оњдоонун мез-
гилдүүлүгү жана анын бардык түрлөрү, эгер башкасы атайын техникалык
регламентте каралбаса, долбоорлоочунун жана/же даярдоочунун эксплуата-
циялык документтерине ылайык белгиленет.
4. Долбоорлоочу жана/же даярдоочу тарабынан аныкталган тийиштүү
талаптарды эске алуу менен техникалык диагностоонун жыйынтыгы боюнча
машиналардын жана жабдуулардын абалына карата оњдоонун мезгилдүүлүгүн
өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.
5. Технологиялык комплекске тикелей байланыштуу машиналарды жана
жабдууларды оњдоо акыркыларды оњдоо менен бир убакта жүргүзүлөт.
6. Машиналарды жана жабдууларды конструкциялык өзгөртүү техникалык
регламенттерге, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык
документтерине ылайык белгиленген чекте жүргүзүлөт.
7. Оњдоодон кийин машиналарды, жабдууларды эксплуатацияга берүүдө
каралган жумуштардын бардыгынын аткарылышы, атайын техникалык регла-
ментте жана/же даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык до-
кументтеринде каралган оњдоонун отчеттук техникалык документтеринин бо-
луусу текшерилиши керек.
8. Оњдоодон кийин машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияга
берүү атайын техникалык регламенттин, даярдоочунун жана/же долбоорлоо-
чунун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо боюн-
ча жумуштарды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуучу уюштуруучулук жана
техникалык иш чаралар аткарылышы керек.
15-берене. Сигналдык жарык берүүлөрдү, коопсуздук белгилерин жана
сигналдык белгилемдерди колдонуу боюнча жалпы талаптар
1. Ушул берененин талаптары машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо процессиндеги сигналдык жарык берүү, коопсуздук белгилерин жа-
на сигналдык белгилемдерди колдонууга тийиштүү.
Эксплуатациялоочу жерлердеги кооптуу зоналар, машиналардын жана
жабдуулардын кооптуу бөлүктөрү ушул берененин талаптарына ылайык сиг-
налдык түстөргө боелушу керек жана тийиштүү коопсуздук белгиси менен
белгилениши керек.
2. Ушул Техникалык регламент төмөнкүлөргө коюлган кошумча талап-
тарды камтыбайт:
транспорт каражаттарынын жана жол кыймылынын бардык түрлөрүнүн жа-
рык сигнализациялары үчүн колдонулуучу түстөргө;
газдарды жана суюктуктарды сактоо жана ташуу үчүн баллондордун,
түтүк өткөргүчтөрдүн, сыйымдуулуктардын түстөрүнө, белгилерине жана
маркировкалоочу щитчелерине;
жол белгилерине жана белгилемдерине, темир жолдордун жолдук жана
сигналдык белгилерине, транспорттун бардык түрлөрүнүн коопсуз кыймылын
камсыз кылуу белгилерине;
кооптуу жүктөрдүн белгилерине жана маркаларына, ташуунун жана сак-
тоонун атайын шарттарын талап кылган жүк бирдиктерине;
өрт белгилерине.
3. Сигналдык жарык берүүлөр, коопсуздук белгилери жана сигналдык
белгилер персоналдын жана эксплуатациялоо жүргүзүлүп жаткан жерде тур-
ган адамдардын көњүлүн кооптуу абалды болтурбоо максатында алдын алуу,
кооптуу абалды кенебегенден улам болуучу нерсе тууралуу билдирүү, бел-
гилүү аракеттерди эскертүү же талап кылуу үчүн коркунучка, ошондой эле
керектүү маалыматтарды билдирүү үчүн бурууга колдонулушу керек.
4. Сигналдык жарык берүүлөрдү, коопсуздук белгилерин жана сигнал-
дык белгилерди колдонуу коопсуздук шарттарын камсыздоо боюнча уюштуруу-
чулук жана техникалык иш чараларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын кол-
донуудагы мыйзамдарына ылайык жеке жана жамааттык коргоону каражаттарын
колдонуу муктаждыгын алмаштырбайт.
5. Эксплуатант ушул Техникалык регламенттин талаптарын эсепке алуу
менен төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сигналдык белгилемдердин болушун камсыз кылууга, сигналдык
түстөргө бое жана кооптуу зоналарды белгилеген жана коркунучтун
түрлөрү, мүмкүн болуучу кооптуу абалдар тууралуу маалымдаган коопсуздук
белгилеринин болушун камсыз кылууга;
2) коркунучтун мүнөзүнө жана түрүнө коопсуздук белгилеринин ылайык
келишин камсыз кылууга (керек учурда коопсуздук белгилерине түшүндүрмө
жазуулардын текстин тандоо);
3) өлчөмдөрдүн, түрлөрдүн жана коопсуздук белгилеринин жана сиг-
налдык белгилемдердин жасалышынын ушул Техникалык регламенттин талапта-
рына ылайык келүүсүн камсыз кылууга;
4) коопсуздук белгилеринин жасалышы менен жеке коргонуу каражатта-
ры жайгашкан жерлерди белгилөөгө.
6. Түстү өзгөртүүдө же ал техникалык регламенттердин талаптарына
ылайык келбесе эксплуатант боего, сигналдык белгилемдерди коюуга же
белгини алмаштырууга милдеттүү. Белгилер деформация болгон же бузулган
учурда дагы алмаштырылат.
7. Атайын техникалык регламенттер менен ушул Техникалык регламент-
те каралбаган кошумча башка коопсуздук белгилери, графикалык символдор
жана коопсуздук белгилериндеги түшүндүрмө жазуулар кошумча орнотулушу
мүмкүн.
8. Сигналдык жарыктарды, сигналдык белгилемдерди, коопсуздук бел-
гилерин белгилөөгө жана колдонуу тартибине карата талаптар Р
12.4.026-2001 ГОСТто белгиленген.
3-глава. Жарылуу коопсуздугу боюнча талаптар
16-берене. Жарылуу коопсуздугу боюнча жалпы жоболор
Заттарды (материалдарды), анын ичинде газдарды, бууларды, суюктук-
тарды, катуу заттарды жана материалдарды, чањдарды жарылуу коопсуздугу
боюнча классификациялоо, анын ичинде категориялар жана топтор боюнча
классификациялоо, ошондой эле жарылуу коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн но-
менклатурасы, заттарды (материалдарды) колдонууда жарылуу коопсуздугу-
нун бул көрсөткүчтөрү, шарттары боюнча талаптар өрт коопсуздугу тарма-
гындагы техникалык регламенттер менен белгиленет.
Машиналардын жана жабдуулардын жарылуу коопсуздугун жана эксплуа-
тациялоону камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар "Эмгек коопсуздугунун
стандарттарынын системасы. Жарылуу коопсуздугу. Жалпы талаптар" ГОСТ
12.10.10го ылайык келүүгө тийиш.
17-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо
жарылуунун алдын алуунун жалпы талаптары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде жары-
луунун алдын алуу максатында эксплуатант төмөнкү талаптарды аткарууга
милдеттүү:
1) жарылуу коркунучунун санын, классын жана жарылуу коркунучу бар
аймактардын өлчөмдөрүн азайтууну камсыздоо;
2) конструкцияларды, машиналарды жана жабдууларды экслуатациялоо
жана жайгаштыруу шарттарын тандоо эсебинен аварияларда аймактын жарылуу
коркунучунун дењгээлин азайтуу үчүн күйүүчү заттын жана чањдын атмосфе-
рага чыгышын азайтуу;
3) машиналарды жана жабдууларды аларды эксплуатациялоо аймагынын
жарылуу коркунучу классына ылайык келген жарылуудан коргоо классында
жасалгандарды колдонуу.
18-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо
жарылуунун алдын алуу ыкмалары
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын
алуу төмөнкүлөрдүн ыктымалдыгын жоюу же азайтуу ыкмалары менен
жүргүзүлөт:
1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн түзүлүшү;
2) жарылууну болтуруучу булактын пайда болушу (ачык жалын, ысык
жана чок болгон нерселер, электр разряддар, химиялык реакциялардын жана
механикалык таасирлердин жылуулук чыгарышы, уруудан жана сүрүлүүдөн
чыккан учкун, уруучу толкундар, электрмагниттик жана башка нурлануу-
лар).
19-берене. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо
1. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо машиналарды
жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуу коопсуздугу боюнча милдеттүү
талаптарды белгилөө, ошондой эле милдеттүү талаптарды аткарууну
көзөмөлдөө максатында киргизилет. Жарылуу коркунучу бар аймак деп кор-
гоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдө жарылуу коркунучу же жар-
дыруучу аралашма бар же пайда болушу мүмкүн болгон аймак аталат.
Жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы деп жалындаганда күйбөгөн
аралашманын бардык көлөмүнө тараган нормалдуу атмосфералык шарттардагы
күйүүчү газдардын же абасы бар буулардын аралашмасы аталат.
Жардыруучу чањ аба аралашмасы (жардыруучу чањдын булуту) деп жа-
лындаганда күйүү жалындабаган аралашманын баарына тараган нормалдуу ат-
мосфералык шарттардагы чањ же була түрүндөгү жалындоочу заттардын аба
менен аралашмасы аталат.
2. Жарылуу коркунучу бар аймактарды жарылуу коркунучу бар газ ара-
лашмасынын жыштыгына жана болуу узактыгына "Жарылуудан корголгон электр
жабдуу. 10-бөлүк. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо": Р
51330.9 (МЭК 60079-10-95) ГОСТко ылайык үч класска бөлүшөт:
1) 0-классындагы аймак: жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы дайы-
ма же узак убакыт бою болгон аймак;
2) 1-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жа-
рылуу коркунучу бар газ аралашмасы болушу мүмкүн болгон аймак;
3) 2-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жа-
рылуу коркунучу бар газ аралашмасынын болуу ыктымалдыгы аз, ал эми ал
пайда болсо да чанда болгон жана көпкө созулбаган аймак;
3. Жарылуу коркунучу бар аймактар жардыруучу чањ аба аралашмалары-
нын жыштыгына, болуу узактыгына жана чањ катмарларынын болушуна жараша
төмөнкү класстарга бөлүнөт:
1) 20-класстагы аймак: булут түрүндөгү күйүүчү чањ күйүүчү же жа-
лындоочу чањдын аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү кон-
центрацияны түзүүгө жарай турган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу
режиминде дайыма же көбүнчө болгон жана/же чањ катмарлары жарылуу үчүн
жетиштүү санда топтолушу мүмкүн болгон аймак. Бул анда чањ көбүнчө же
узак убакыт бою жардыруучу аралашмаларды пайда кыла турган чањ болгон
аймактын ичиндеги кабыкча болушу мүмкүн. Эреже катары бул жабдуунун
ичинде болот;
2) 21-класстагы аймак: 20-класстагы аймак катары классификациялан-
баган аймак, анда булут түрүндөгү күйүүчү чањ күйүүчү чањдын аба менен
аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрацияны түзүүгө жарай тур-
ган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу режиминде болушу мүмкүн болгон
аймак. Бул аймак чањ топтолууга жакын жерлерди жана аймак чањдын аба
менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрация түзүлүшү
мүмкүн болгон иштин нормалдуу режиминде чањ булуттары бар жерлерди кам-
тышы мүмкүн.
3) 22-класстагы аймак: 21-класстагы аймак катары классификациялан-
баган аймак, анда күйүүчү чањдын булуттары чанда пайда болуп аз убакыт-
ка гана сакталат же анда күйүүчү чањ катмарларынын топтолушу штаттыктан
айырмаланган иштин нормалдуу эмес режиминде болушу мүмкүн, бул абада
жалындоого жарай турган чай аралашмаларынын пайда болушуна алып келиши
мүмкүн. Эксплуатациялоо шарттарына жараша чањдын топтолушун же катмар-
ларын жок кылууга кепилдик берилбесе анда аймакты 21-класстагы аймак
катары классификациялашат. Бул аймак андан чањ тешик жерлер аркылуу
учушу жана топтолушу мүмкүн болгон чањдан турган жабдуунун жанындагы
жерлерди камтышы мүмкүн.
Чањ боюнча классификациялануучу аймак катары булут же катмар
түрүндөгү күйүүчү чањ жардыруучу чањ-аба аралашмасынын же күйүүчү
чањдын катмарынын жалындашынын алдын алуу үчүн жабдуунун конструкциясы
же пайдалануу тартиби боюнча коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүүнү та-
лап кылган санда болгон же күтүлгөн аймак аталат.
Машиналардын жана жабдуулардын иштешинин нормалдуу режими деп бар-
дык параметрлердин иштөөчү маанилери менен мүнөздөлгөн машиналардын жа-
на жабдуулардын иштешинин режими аталат. Жарылуу коркунучу бар чөйрөнү
түзүүгө алып келбеген, аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы
түзүүгө жарай турган күйүүчү заттын анча-мынча чыгышы нормалдуу режим
катары каралат. Машиналарды жана жабдууларды шашылыш токтотууну же
оњдоону талап кылган авариялар нормалдуу режим катары каралбайт.
20-берене. Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоого коюлуучу талаптар
1. Жарылуу коркунучу бар чөйрө болсо эксплуатант ушул Техникалык
регламенттин 19-беренесине ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо аймагынын жарылуу коркунучунун классын аныктоого тийиш. Аймак-
тарды жарылуу коркунучунун белгилүү класстарына киргизүү заттардын ка-
тегорияларын жана топторун эсепке алуу менен жүргүзүлүшү керек. Жарылуу
коркунучу бар чөйрө, анын ичинде аны түзүүчү компоненттердин жетиштүү
көлөмү жок болгон учурда эксплуатант жарылуу коркунучу бар аймактардын
классын аныктоону жүргүзбөйт, машиналарды жана жабдууларды эксплуатаци-
ялоо аймактары жарылуу коркунучу жок аймактарга киргизилет. Жарылуу
коркунучу жок аймак деп коргоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдө
жарылуу коркунучу бар аралашма пайда болушу мүмкүн болбогон аймак ата-
лат.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймактарын жарылуу
коркунучу бар белгилүү аймактарга киргизүү документтештирилген болууга
тийиш. Документтер төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн жана анын компоненттеринин болу-
шу;
2) жарылуу коопсуздугунун талаптарын камсыз кылуу;
3) көрсөткүчтөрдүн жыйындысы, анын ичинде чыгуунун (чыгуу дењгээ-
линин) мүмкүн болчу жыштыгы жана узактыгы, күйүүчү заттын чыгуу жана
топтолуу ылдамдыгы, шамалдоонун ишенимдүүлүгүн жана аймактын жарылуу
коркунучунун дењгээлине таасир этүүчү башка факторлор;
4) аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө же жа-
лындоочу чањды бөлүп чыгаруу булагы болууга жарамдуу күйүүчү заттардын
чыгуу булагы боло турган машиналардын жана жабдуулардын ар бир элемен-
тин талдоо.
Чыгуу ылдамдыгы (тездиги) деп чыгуу булагынан убакыт бирдигинде
чыгарылуучу аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө жа-
рамдуу күйүүчү заттын (газдын, буунун же суюктуктун) саны аталат.
Чыгуу дењгээли деп жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын пайда
болуу ыктымалдыгына байланыштуу чыгуу мүнөздөмөсү түшүнүлөт. Чыгуулар
төмөнкүлөргө бөлүнөт:
туруктуу (үзгүлтүксүз) чыгуу - үзгүлтүксүз же узак убакыт бою чы-
гуу;
биринчи даражадагы чыгуу - машиналардын жана жабдуулардын нормал-
дуу иш режиминде пайда болушу мезгилдүү же кокустуу мүнөздө болгон чы-
гуу;
экинчи даражадагы чыгуу - машиналардын жана жабдуулардын нормалдуу
иш режиминде жок болгон, ал эми пайда болсо да кыска убакытта болгон
чыгуу.
Чыгуу булагы деп андан жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын
пайда болушу үчүн жетиштүү көлөмдө атмосферага чыгышы мүмкүн болгон ма-
шинанын, жабдуулардын элементи аталат.
Жалындоочу чањды бөлүп чыгаруу булагы деп андан күйүүчү чањ жарды-
руучу чањ-аба аралашмасы пайда болушу мүмкүн болгондой бөлүп чыгарыла
же көтөрүлө турган чекит же орун аталат.
3. Эксплуатант машиналарды жана жабдууларды аймактын жарылуу кор-
кунучунун классына ылайык колдонууну камсыз кылууга.
4-глава. Механикалык жана электр коопсуздугу боюнча талаптар
21-берене. Коргоочу тосмолорду орнотуу боюнча талаптар
1. Ушул берененин талаптары персоналды машинанын жана жабдуулардын
кыймылдуу бөлүктөрү, буюмдар, даярдоолор жана материалдар, иштетилүүчү
материалдын учуучу бөлүктөрү жана майлоочу-муздатуучу суюктуктар түзгөн
коркунучтан коргоого арналган машиналардын жана жабдуулардын коргоочу
тосмолоруна (мындан ары - тосмолорун) колдонууга таралат.
Ушул берене өзүнө аба, суу жана жер транспортунун каражаттарына
тосмолорду колдонууга коюлуучу кошумча талаптарды камтыбайт.
2. Тосмолор машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоодо жана техни-
калык тейлөөдө алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тийиш эмес.
3. Тосмолор коркунуч булактары болбоого тийиш.
4. Артка түшүрүлүүчү, бүктөлүп жыйналуучу жана алып салынуучу тос-
молор коргоо абалында өз алдынча жылдыруудан кармалууга тийиш. Өйдө
көздөй ачылуучу тосмолор ачык абалда кармалып турушу керек.
5. Буга технологиялык мүмкүнчүлүктөр жол берген бардык учурларда
текши тосмолор колдонулушу керек.
Тордон жасалган тосмолор форманын туруктуулугун жана белгиленген
катуулукту камсыз кылган конструкцияда болууга тийиш.
Перфорацияланган материалдан же тордон даярдалган тосмо жана кор-
кунучтуу элементтин ортосундагы аралык 1-таблицада келтирилген.
1-таблица.
Перфорацияланган материалдан же тордон
даярдалган тосмо жана коркунучтуу
элементтин ортосундагы аралык
| Решетканын (тордун) тешигине келтирилген | Тосмодон коркунучтуу |
| айлананын диаметри, мм | элементке чейинки аралык, мм |
| 8ге чейин | 15тен кем эмес |
| 8ден 10го чейин | 15тен 35ке чейин |
| 10дон 25ке чейин | 35тен 120га чейин |
| 25тен 40ка чейин | 120дан 200гө чейин |
Ийүүнү болтурбоо мүмкүн эмес болгон перфорацияланган материалдан
жасалган тосмолор үчүн тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагы
аралык ийүү чоњдугуна көбөйтүлөт.
6. Тосмонун конструкциясы жана жабышкан жери персоналдын тосулуучу
элементтер менен кокусунан тийип кетишин болтурбоого тийиш.
7. Тосмонун бекемдиги персоналдын тосмого таасиринин аракеттери
боюнча аныкталуучу басымды, машиналардын жана жабдуулардын бузулган
бөлүктөрүн же материалдардын чыгышын эсепке алуу менен орнотулууга ти-
йиш.
8. Тосмонун коргоочу касиети коркунучтуу же зыяндуу факторлордун
таасири астында азайбашы керек.
9. Тосмо машиналарды жана жабдууну эксплуатациялоодо аны коргоочу
абалдан жылдырууга мүмкүн болбогондой кылып орнотулушу керек. Тосмону
жылдыруу мүмкүн болсо, анда мындай жылдыруу тосулуучу элементтерди ток-
тотууга алып келүүгө тийиш.
10. Өзгөчө көњүл бурууну талап кылган машиналардын жана жабдуулар-
дын элементтерин же атайын макулдашылган элементтерди алууга тоскоол
болгон тосмолордун машиналарды жана жабдууларды тосмо коргоочу абалда
турганда гана иштөөсүн камсыз кылган автоматтык блокировкасы болууга
тийиш.
11. Блокировка түзүлүштөрү машиналардын жана жабдуулардын элемент-
терин же жумушчу циклин автоматтык түрдө күйгүзүү үчүн колдонулбашы ке-
рек.
12. Кароочу терезелер тосмонун коргоочу функциясын азайтпоого ти-
йиш.
13. Тосмо анын коргоочу функциясын камсыз кылган абалга карата
кыйшаюуну же жылышууну болтурбоочу тактыкта даярдалышы же орнотулушу
керек.
Тосмону (тосмолорду) колдонууну эсепке алуу менен персонал үчүн
коопсуздук аймактары жумуштарды отурган жана турган абалда аткарууда
жумушчу орундарын жабдууга коюлуучу милдеттүү талаптарга ылайык адамдын
мотордук талаасынын аймактарына ылайык келүүгө тийиш.
14. Тосмонун формасы, өлчөмдөрү жана катуулугу машиналардын жана
жабдуулардын тосулуучу бөлүктөрүнө карата анын орун алышы тосулуучу
бөлүктөрдүн жана мүмкүн болчу чыгаруулардын (мисалы, аспаптын, иште-
тилүүчү тетиктердин) персоналга таасир этишин болтурбоого тийиш.
15. Мындай конструкциялардын тосмолорун эксплуатациялоого жол бе-
рилет:
1) тосмонун персоналды коргоону камсыз кылган абалдан өз алдынча
жылуусун мүмкүн кылбаган;
2) персоналды аспаптын жардамы менен гана коргоону камсыз кылган
абалдан тосмонун жылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат же тосмолор өзүнүн
коргоочу функцияларын аткара албаган абалда болсо машиналарды жана жаб-
дууларды эксплуатациялоону токтотушат;
3) персоналдын каралган аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз
кылышат, зарыл учурларда машиналардын жана жабдуулардын тосулуучу
бөлүктөрүнүн ишине байкоо жүргүзүү;
4) кошумча коркунучтуу (штаттык эмес) жагдайларды түзүшпөйт.
16. Бир жумуш мөөнөтүнүн ичинде кол менен бир нече жолу ачуу,
алуу, ордун алмаштыруу же орнотуу керек болгон тосмолордун тийиштүү
түзүлүштөрү (кармагычтары, скобалары ж.б.) болууга тийиш.
17. Мезгил-мезгили менен кол менен ачылуучу тосмолор ушул Техника-
лык регламенттин 15-беренесинин талаптарына ылайык ич жагынан белги
берүүчү түскө боелууга тийиш. Тосмонун сырткы бетине эскертүүчү белги
коюлат же бекитилет.
18. Тосмонун бийиктиги кооптуу элементтин жайгашуу бийиктигине,
коргоочу тосмо жана коркунучтуу элемент ортосундагы аралыкка жараша
адамдын денесинин бөлүктөрүнүн коркунучтуу элемент менен кокусунан ти-
йишин болтурбагандай кылып тандалат.
22-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр
коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жоболор
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуз-
дугунун төмөнкү негизги эрежелери сакталууга тийиш:
1) токту жеткирүүчү коркунучтуу бөлүктөр кокусунан тийип кетпөө
үчүн ачык болбоого тийиш;
2) ачык жеткирүүчү бөлүктөр нормалдуу шарттарда, ошондой эле бузу-
луу болгондо коркунучтуу болбошу керек.
Жеткирүүчү бөлүк деп электр тогун жеткире алчу машинанын жана жаб-
дуунун бөлүгү аталат.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуз-
дугу ушул Техникалык регламенттин, атайын техникалык регламенттердин
талаптарына, эксплуатациялык документтерге, ошондой эле электр
түзүлүштөрүн орнотуу эрежелерине (ЭТЭ) ылайык камсыз кылынат.
23-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр
коопсуздугун камсыз кылуучу ыкмалар жана коргоо
каражаттары
Кокусунан түз тийүүдөн, башкача айтканда адамдардын же жаныбарлар-
дын чыњалуудагы машиналардын жана жабдуулардын ток жеткирүүчү бөлүктөрү
менен электр контактынан коргоо үчүн аларды эксплуатациялоодо долбоорчу
жана/же чыгаруучу караган каражаттарга кошумча төмөнкү техникалык кара-
жаттар колдонулат:
1) коргоочу тосмолор (убактылуу же стационардык);
2) эскертүүчү сигнализация, коопсуздук белгилери.
Электр коопсуздугун камсыз кылуунун техникалык каражаттары
төмөнкүлөрдү эсепке алуу менен колдонулууга тийиш:
1) электр жабдуусунун номиналдык чыњалуусун, токтун түрүн жана
жыштыгын;
2) тышкы чөйрөнүн шарттарын;
3) машиналардын жана жабдуулардын аткарылуу түрүн (жылып жүрүүчү,
көчүп жүрүүчү);
4) аларда же алардын жанында жумуш жүрө турган ток жеткирүүчү
бөлүктөрдөн чыњалууну алып салуу мүмкүнчүлүгүн жана/же зарылдыгын;
5) чыњалуудагы ток жеткирүүчү бөлүктөргө уруксат берилгенден аз
аралыкта жакындоо мүмкүнчүлүгүн.
24-берене. Электр коопсуздугун камсыз кылуу максатында машиналарды
жана жабдууларды техникалык тейлөөнү жана оњдоону
уюштуруу боюнча талаптар
1. Оњдоо иштерин жүргүзүүдө электр схемалары Техникалык регламент-
терге, чыгаруучулардын жана/же долбоорлоочулардын эксплуатациялык доку-
менттерине ылайык өзгөртүлөт.
2. Оњдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оњдоо иштери
жүргүзүлө турган жерлерде машиналар жана жабдуулар же алардын бөлүктөрү
атайын техникалык регламенттерде башка белгиленбесе тосулууга жана ата-
йын тыюу салуучу сигналдык белгилер менен белгиленүүгө тийиш.
5-глава. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптар
25-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуз-
дугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) коркунучтуу факторлордун пайда болушунун алдын алуучу жана ма-
шиналарды жана жабдууларды утилдештирүү учурунда алардын болушу зыян
келтирүү коркунучуна алып келген зыяндуу факторлордун таасирин азайтуу-
чу же жок кылуучу даярдоочу процесстерди сөзсүз түрдө колдонуу;
2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинин ушул Тех-
никалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген
талаптарга шайкештиги.
26-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмалары
1. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү төмөнкү ыкмалар менен
жүргүзүлөт:
1) башка арналышы боюнча пайдалануу;
2) жок кылуу, анын ичинде кайра иштетүү жолу менен;
3) көмүү.
2. Башка арналышы боюнча пайдалануу утилдештирүү ыкмасы болуп са-
налат, анда машиналар жана жабдуулар долбоорлоодогу жана даярдоодогу
максаттарда каралбаган башка максаттарда колдонуу дењгээлинде машина-
лардын жана жабдуулардын максаттарынын сапаттык өзгөрүшү жүрөт.
3. Машиналарды жана жабдууларды жок кылуу утилдештирүү ыкмасы бо-
луп саналат, анын жыйынтыгында жок кылынуучу машиналардын жана жабдуу-
лардын даярдоочу жана/же долбоорлоочу белгилеген бүтүндөй, ошондой эле
анын айрым түзүүчү бөлүктөрүнүн касиеттери жана белгилери сакталбастан
машиналар жана жабдуулар жок кылынат.
4. Машиналарды жана жабдууларды кайра иштетүү энергия же/жана чий-
кизат, же/жана материалдарды алуу менен машиналарды жана жабдууларды
жок кылуунун ыкмасы болуп саналат.
5. Машиналардын жана жабдуулардын айрым бөлүктөрүн, түйүндөрүн
көмүү, аларды башка максаттарда пайдалануу же жок кылуу, анын ичинде
кайра иштетүү жолу менен жок кылуу мүмкүн болбогондо жана/же максатка
ылайык келбеген учурда гана колдонулушу мүмкүн.
6. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмасы ушул Техника-
лык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген та-
лаптарды эсепке алуу менен тандалып алынат.
7. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинде пайда
болгон таштандылар жок кылынууга, анын ичинде кайра иштетилүүгө, ошон-
дой эле көмүлүүгө тийиш. Таштандылар айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштүн
жана керектөөнүн таштандыларын чыгаруу тармагындагы Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чыгарылат.
27-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн даярдоочу
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча
талаптар
1. Ушул Техникалык регламентте машиналарды жана жабдууларды утил-
дештирүүнүн даярдоочу процесстери деп машиналарга жана жабдууларга ка-
рата жасалган алардын жыйынтыгында аларды мындан ары эксплуатациялоо
мүмкүн эмес болгон аракеттер (операциялар) аталат.
2. Техникалык регламенттерде белгиленген нурлануулардын коопсузду-
гун камсыз кылуучу талаптарды сактоо үчүн утилдештирүү процесси баштал-
ганга чейин машиналарды жана жабдууларды энергиянын (азыктандыруунун)
бардык булактарынан өчүрүп коюу керек.
3. Атайын техникалык регламенттерде жарылуу коопсуздугу боюнча ко-
юлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин
машиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучун
түзгөн жарылуу коркунучу бар бардык заттарды (материалдарды) алып таш-
тоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда көрсөтүлгөн заттар
(материалдар) бар машиналардын жана жабдуулардын элементтерин
(бөлүктөрүн) алып таштоо керек.
4. Атайын техникалык регламенттерде механикалык коопсуздук боюнча
коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга че-
йин машиналардын жана жабдуулардын курамындагы өз алдынча кыймылдоочу
элементтерди (бөлүктөрдү) алып таштоо керек, адамдын өмүрүнө жана
ден-соолугуна зыян келтирүү коркунучун түзгөн (дем алуу органдары аркы-
луу адамдын организмине кирүүчү) күкүм түрүндөгү заттарды (материалдар-
ды) алып таштоо керек, ошондой эле машиналардын жана жабдуулардын бар-
дык элементтериндеги (бөлүктөрүндөгү) басымды атмосфералык басымга тењ
келтирүү зарыл.
5. Атайын техникалык регламенттерде термикалык коопсуздук боюнча
коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга че-
йин машиналардын жана жабдуулардын, ошондой эле алардын курамындагы
элементтердин (бөлүктөрдүн) температурасын жол берилген дењгээлдерге
чейин жеткирүү керек.
6. Атайын техникалык регламенттерде химиялык коопсуздук боюнча ко-
юлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин
машиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучун
түзгөн жарылуу коркунучу бар бардык химиялык агрессивдүү (активдүү)
заттарды (материалдарды) алып таштоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк бол-
богон учурда көрсөтүлгөн заттар (материалдар) бар машиналардын жана
жабдуулардын элементтерин (бөлүктөрүн) алып таштоо керек.
7. Ушул Техникалык регламентте жана атайын техникалык регламент-
терде электр коопсуздугу боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утил-
дештирүү процесси башталганга чейин машиналарды жана жабдууларды энер-
гиянын (азыктандыруунун) бардык булактарынан өчүрүп коюу керек, ошондой
эле алар иштөө жана технология принцибинен улам (алар технологиялык
мүмкүн болгон) топтолгон машиналардын жана жабдуулардын элементтеринен
(бөлүктөрүнөн) калган чыњалууну (зарядды, статикалык электрди) алып
таштоо керек.
6-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана
утилдештирүү процесстеринин ушул техникалык регламентте
белгиленген талаптарга шайкештигине баа берүү
28-берене. Шайкештикке баа берүү жана шайкештикке баа берүү
формалары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин шайкештигине баа берүү ушул Техникалык регламентте тех-
никалык жөнгө салуу объектилерине коюлган талаптардын сакталышын анык-
тоо максатында жүргүзүлөт.
2. Ушул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуу объектилери-
не коюлган талаптарды сактоо үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүүнүн
түрлөрү: мамлекеттик контроль жана көзөмөл белгиленген.
29-берене. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү эрежелери
жана тартиби
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл ушул Техникалык регламенттин машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине коюлган та-
лаптарынын аткарылышын (сакталышын) текшерүү боюнча аткаруу бийлигинин
ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары жүргүзгөн иш-чаралар
түрүндө ишке ашырылат.
2. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилен-
ген ыйгарым укукка ылайык аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары
тарабынан жүргүзүлөт. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө са-
луу бир объектисине бир эле талаптарды мамлекеттик контроль жана
көзөмөл боюнча бир эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин бирден ашык
ыйгарым укуктуу органына белгилөөгө тыюу салынат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылган ушул Техникалык регламент ме-
нен белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана
көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ушул Техникалык регламентти колдонуу
үчүн керектүү изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери
жана ыкмалары, ошондой эле изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана ченөөлөрдү
өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелери колдонулат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу
бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары мамлекеттик контроль жана көзөмөл
жүргүзүүдө юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоо
жагындагы административдик мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте ишке ашырышат.
5. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл, эгерде атайын техникалык регламенттерде башкача
каралбаса, жеке тиричилик муктаждыктары үчүн машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерин ишке ашырууда
жүргүзүлбөйт.
30-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
1. Эксплуатант ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды
бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учур-
ларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды сактоого
мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды
өткөрүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдары
ушул Техникалык регламенттин талаптарын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген изилдөөлөрдү
(сыноолорду) жана ченөөлөрдү өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелерин
бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиз-
дерде жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
7-глава. Корутунду жана өтмө жоболор
31-берене. Өтмө жоболор
Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн баштап зыян кел-
тирүү коркунучунун дењгээли ушул Техникалык регламентте эске алынган
зыян келтирүү коркунучунун дењгээлинен жогору болгон машиналарды жана
жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү маселелери боюнча
атайын техникалык регламент күчүнө киргенге чейин көрсөтүлгөн машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү ушул Техника-
лык регламенттин талаптарына ылайык, ошондой эле жарандардын өмүрүн,
ден-соолугун, жеке, юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муници-
палдык мүлктү коргоо, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана
утилдештирүү процессинде келип чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу фак-
торлордон айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана
ден соолугун коргоо максаттарына ылайык келүүчү бөлүгүндө Кыргыз Рес-
публикасынын нормативдик укуктук актыларында жана аткаруу бийлик орган-
дарынын нормативдик документтеринде белгиленген талаптарды эсепке алуу
менен жүргүзүлүүгө тийиш.
32-берене. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Ушул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн баштап алты
ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук акты-
ларын ушул Техникалык регламентке ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
"Машиналарды жана жабдууларды
коопсуз эксплуатациялоо жана
утилдештирүү жөнүндө" жалпы
Техникалык регламентке
тиркеме
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз
эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө"
жалпы Техникалык регламент тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу жайылтыла
турган машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
жана утилдештирүү процесстеринин
ТИЗМЕСИ
1. Пайдалуу кен байлыктарын казуу, кайра иштетүү жана байытуу боюн-
ча.
2. Мунай жана газ өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча.
3. Өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды чыгаруу боюнча.
4. Тамак-аш азыктары, анын ичинде суусундуктарды, тамекини чыгаруу
жана данды кайра иштетүү боюнча.
5. Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча.
6. Булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдарды жана бут кийимдерди
чыгаруу боюнча.
7. Жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды чыгаруу боюнча.
8. Целлюлоза-кагаз өндүрүшү, басмакана иши боюнча.
9. Мунайзаттарды өндүрүү боюнча.
10. Химия өндүрүшү боюнча.
11. Желим жана пластмасса буюмдарды чыгаруу боюнча.
12. Курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды, такта
айнек чыгаруу боюнча.
13. Металлургия өндүрүшү жана металлконструкцияларын чыгаруу боюн-
ча.
14. Машиналарды жана жабдууларды чыгаруу боюнча.
15. Электржабдууну, электрондук жана оптикалык жабдууну чыгаруу
боюнча.
16. Транспорт каражаттарын жана жабдууларды чыгаруу боюнча.
17. Электр, жылуулук энергиясын жана сууну өндүрүү боюнча.
18. Дыйкан (фермердик) чарбаларда айыл чарба продукциясын чыгаруу
боюнча.
19. Капиталдык курулушта.
20 Электр энергиясын, жылуулук энергиясын, газ түрүндөгү отунду
жана сууну бөлүштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
21. Соода кызматтарын көрсөтүүдө, анын ичинде мотор майын дүњүнөн
жана чекене сатууда.
22. Автомобилдерди жана тиричилик техникасын техникалык тейлөө жа-
на оњдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
23. Мейманканалардын, пансионаттардын, курорттук-ден соолукту
чыњдоочу башка мекемелердин, ресторандардын, кафелердин кызмат
көрсөтүүлөрүндө.
24. Жүргүнчүлөр жана жүк транспортунун, ошондой эле электр байла-
нышынын бардык түрлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүндө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 29 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (29)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 12-мартындагы № 1033-IV "2009-жылдын 12-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2009 · № 1033-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 899-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2009 · № 899-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-ноябры № 1269-V "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл…Постановление · 03.11.2011 · № 1269-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-ноябрындагы № 762-IV ""Машиналар менен жабдууларды коопсуз пайдалануу жана керектен чыгаруу жөнүндө" Жалпы техникалык регламент" Кыргыз…Постановление · 14.11.2008 · № 762-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 902-IV ""Экологиялык коопсуздук жөнүндө" жалпы техникалык Регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын биринчи окууда…Постановление · 22.01.2009 · № 902-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-ноябрындагы № 755-IV "2008-жылдын 14-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.11.2008 · № 755-IV
- Программа действий Правительства Кыргызской Республики на 2008 год (утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 января 2008 года №14)Программа · 19.01.2007 · № 14
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 1072-IV "2009-жылдын 2-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2009 · № 1072-IV
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 18-февралынын №1687-IV "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 18.02.2010 · № 1687
- постановление ЖК КР от 11 марта 2010 года №1721-IV "О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики "Общий технический регламент "Безопасность зданий и сооружений"Постановление · 11.03.2010 · № 1721
- КР ЖК 2009-жылдын 10-декабрындагы № 1539-IV "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда…Постановление · 10.12.2009 · № 1539-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 347-V ""Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда…Постановление · 21.04.2011 · № 347-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 348-V "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 21.04.2011 · № 348-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 02.04.2015 · № 69
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабырындагы № 812 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.12.2009 · № 812 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 638 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна…Постановление · 25.09.2012 · № 638 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 665 "Экологиялык коопсуздук жөнүндө" жалпы техникалык регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 02.12.2008 · № 665 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 793 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" тууралуу Кыргыз…Постановление · 22.12.2009 · № 793 · Күчүн жоготкон
29 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 02.04.2015 · № 69
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.