Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү эрежелери
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
жана тартиби
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл ушул Техникалык регламенттин машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине коюлган та-
лаптарынын аткарылышын (сакталышын) текшерүү боюнча аткаруу бийлигинин
ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары жүргүзгөн иш-чаралар
түрүндө ишке ашырылат.
2. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилен-
ген ыйгарым укукка ылайык аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары
тарабынан жүргүзүлөт. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө са-
луу бир объектисине бир эле талаптарды мамлекеттик контроль жана
көзөмөл боюнча бир эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин бирден ашык
ыйгарым укуктуу органына белгилөөгө тыюу салынат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылган ушул Техникалык регламент ме-
нен белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана
көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ушул Техникалык регламентти колдонуу
үчүн керектүү изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери
жана ыкмалары, ошондой эле изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана ченөөлөрдү
өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелери колдонулат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу
бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары мамлекеттик контроль жана көзөмөл
жүргүзүүдө юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоо
жагындагы административдик мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте ишке ашырышат.
5. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл, эгерде атайын техникалык регламенттерде башкача
каралбаса, жеке тиричилик муктаждыктары үчүн машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерин ишке ашырууда
жүргүзүлбөйт.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202496/st-29" title="29-берене - Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>