Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Экологиялык коопсуздук жөнүндө» жалпы техникалык регламент тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-декабры № 665
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Экологиялык коопсуздук жөнүндө" жалпы
техникалык регламент тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Экологиялык коопсуздук жөнүндө" жалпы техникалык регламент ту-
уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-
ганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-
сын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Экологиялык коопсуздук жөнүндө"
жалпы техникалык регламент тууралуу
1-глава. Жалпы жоболор
1-статья. Бул жалпы техникалык регламенттин колдонулуу чөйрөсү
Бул жалпы техникалык регламент (мындан ары - техникалык регламент)
айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынат, экологиялык коопсуздук
жагында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана про-
дукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстери үчүн чар-
балык жана башка ишмердиктин объекттеринде ишти долбоорлоодо жана
жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоого карата жалпы талаптарды
белгилейт.
Бул жалпы техникалык регламенттин талаптары Кыргыз Республикасынын
бүткүл аймагында продукцияны өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун жана утил-
дештирүүнүн бардык процесстерине карата колдонулат жана продукцияны
өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстерин жүргүзүүчү бардык
юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн милдеттүү.
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул жалпы техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөнкүдөй не-
гизги түшүнүктөр колдонулат:
Булгоочу зат - тийиштүү концентрацияда айлана-чөйрөгө чыкса адам-
дын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, мате-
риалдык жана маданий дөөлөттөргө коркунуч келтирүүчү зат.
Чарбалык жана башка ишмердиктин таасир этүү зонасы - жер жана/же
суу бетинин, ошондой эле атмосферанын ошонун чектеринде айлана-чөйрөнүн
жана/же анын компоненттеринин чарбалык же башка ишмердиктен сапаттык
нормативдери өзгөргөнү байкалган участогу.
Коркунучтун категориясы - чарбалык жана башка ишмердиктин натыйжа-
сында айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирдин даражасынын рангдарга
бөлүнгөн баа берилиши.
Табигый чөйрөнүн компоненттери - жер, жер казынасы, кыртыш, жер
үстүндөгү жана жер алдындагы суулар, атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана
жаныбарлар дүйнөсү жана башка жандуу организмдер, ошондой эле атмосфе-
ранын озон катмары жана баары чогуусу менен Жерде жашоонун болушуна
ыњгайлуу шарттарды камсыздашчу жерге жакын космостук мейкиндик.
Айлана-чөйрөгө терс таасир - чарбалык жана башка ишмердиктин айла-
на-чөйрөнүн булганышына, табигый экосистемалардын бузулушуна, жараты-
лыштык ресурстардын азайышына алып келүүчү таасири.
Экологиялык коопсуздукту камсыздоо - айлана-чөйрөгө, жарандардын
ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү опурталын азайтууга арналган
чаралардын жана иштердин системасы.
Чарбалык жана башка ишмердиктин объекти - продукция жасоо, сактоо,
ташуу, продукцияны, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдеш-
тирүү боюнча иштин бир же бир нече түрү жүргүзүлүүчү, ошол объектте
жүргүзүлчү ишмердик менен техникалык жактан бириктирилген техникалык
объект.
Айлана-чөйрө - адамзаттын жашоосунун жана өндүрүштүк ишмердигинин
чөйрөсү, табигый (биотикалык жана абиотикалык чөйрөлөрдүн биримдиги)
жана социалдык болуп бөлүнөт.
Табигый ландшафт - чарбалык жана башка ишмердиктин натыйжасында
өзгөрбөгөн жана аймактагы жер бетинин, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн
бирдей климаттык шартта калыптанган рельефинин тийиштүү түрлөрүнүн ай-
калышуусу менен мүнөздөлөт.
Табигый ресурстар - чарбалык жана башка ишмердиктин процессинде
пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый чөйрөнүн компо-
ненттери, жаратылыштык объекттер жана жаратылыштык-антропогендик объек-
ттер.
Чарбалык жана башка ишмердиктин субъекти - объектти эксплуатация-
лаган же башкарган кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак, же объ-
екттин техникалык иштеши жактан чечүүчү экономикалык ыйгарым укуктар
өткөрүп берилген жак;
Экологиялык коопсуздуктун талаптары - чарбалык же башка ишмердик-
тин процессинде болуучу опурталдардан сактануу максатында белгиленчү,
аткарууга милдеттүү талаптар, ошондой эле айлана-чөйрөгө же адамдын ден
соолугуна зыянды болтурбоо максатында белгиленчү, аткарылышы милдеттүү
талаптар жана жол-жоболор.
Технология - даяр продукцияны алуу үчүн өндүрүштүк процессте кол-
донулуучу, сырьену, материалдарды же полуфабрикаттарды иштетүү, жасоо,
касиеттерин өзгөртүү ыкмаларынын жыйнагы;
Чарбалык жана башка ишмердик - жасоо, сактоо, ташуу, реализация-
лоо, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери, жумуштар же кызмат
көрсөтүүлөр.
Экологиялык көзөмөл - айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын
ыйгарым укуктуу органдын экологиялык коопсуздук жагындагы техникалык
регламенттердин талаптары аткарылышын текшерүү боюнча иши.
Экологиялык натыйжалар - чарбалык же башка ишмердиктин натыйжасын-
да айлана-чөйрөнүн абалы же адамдын ден соолугунун өзгөрүшү.
Экологиялык система - жандуу организмдердин жансыз айлана-чөйрө
менен өз ара таасир этишүүсүнүн жана өз ара байланышынын системасы.
Мамлекеттик экологиялык контроль - экологиялык коопсуздуктун та-
лаптарына шайкештикти баалоо формасы, бул байкоо, өлчөө жана жыйынтык
чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.
3-статья. Экологиялык коопсуздук тармагында техникалык жөнгө
салуунун укуктук негиздери
Экологиялык коопсуздук тармагында техникалык жөнгө салуунун укук-
тук негизи Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы
тарабы болуп эсептелген эл аралык макулдашуулар, Кыргыз Республикасынын
айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мыйзамдары, "Кыргыз Республикасында-
гы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы жана ушул жалпы техникалык регламент болот.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыла-
рынын экологиялык коопсуздуктун талаптары аткарылышын жөнгө салуучу,
ушул техникалык регламентти колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү жоболору ушул
техникалык регламентке каршы келбеген жактарында колдонулат.
4-статья. Экологиялык коопсуздук тармагындагы техникалык жөнгө
салуу
Экологиялык коопсуздук тармагындагы техникалык жөнгө салуу ушул
техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгилен-
ген экологиялык коопсуздук талаптарынан турат.
5-статья. Жөнгө салуунун объекттери
Бул техникалык регламенттин жөнгө салуу объекттери болуп чарбалык
жана башка ишмердиктин объекттеринде колдонулган же колдонулчу, алар
үчүн кооптуулук категориясы белгиленген же алардын пландалган иштеши
үчүн айлана-чөйрөгө таасирин баалоо талап кылынган бардык өндүрүштүк
процесстер, ошондой эле продукцияны сактоо, ташуу жана утилдештирүү
процесстери эсептелет.
6-статья. Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу
принциптери
Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу
төмөнкүдөй принциптерге ылайык ишке ашырылат, алар:
1) чарбалык жана башка ишмердикти жүргүзүү боюнча чечим чыгарыл-
ганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана айлана-чөйрөгө
таасирди баалоонун милдеттүү жүргүзүлүшү;
2) ушул жана башка техникалык регламенттерде белгиленген талаптар-
га жараша чарбалык жана башка ишмердиктин айлана-чөйрөгө таасиринин
белгиленген дењгээлинин жол берилиши;
3) чарбалык жана башка ишмердиктин айлана-чөйрөгө терс таасирин
экономикалык жана социалдык факторлорду, табигый ресурстардын сарамжал-
дуу пайдаланылышын эске алуу менен колдо болгон мыкты технологияларды
пайдалануу жолу менен азайтууну камсыздоо;
4) айлана-чөйрө үчүн натыйжасын болжолдоого мүмкүн болбогон чарба-
лык жана башка ишмердик процесстердин жүргүзүлүшүнө, ошондой эле айла-
на-чөйрөгө терс таасир тийгизүүгө алып келиши мүмкүн болгон долбоорлор-
дун ишке ашырылышына тыюу салуу;
5) табигый экологиялык системалардын сакталууга артыкчылыгы;
6) ачыктык принциби: экологиялык натыйжалары болуучу чарбалык жана
башка ишмердик процесстерин пландоодогу, ишке киргизүүдөгү ачык-айкын-
дык, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланыш, табигый ресурстарды
сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иштерди сүрөмөлөө
жана түрткү берүү.
II глава
Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун негиздери
7-статья. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо каражаттары
Чарбалык жана башка ишмердик объекттеринин экологиялык коопсузду-
гун камсыздоо төмөнкүдөй жолдор аркылуу ишке ашырылат:
1) айлана-чөйрөгө терс таасир азайышын, персоналдын коопсуздугун
камсыздоочу жана авариялык кырдаал чыгышын болтурбоочу конструкциялык
сапаттары бар машиналарды жана жабдууларды, ошондой эле технологиялык
процесстерди колдонуу;
2) саркындыларды, чыккан булгоочу заттарды тазалоонун айла-
на-чөйрөгө терс таасирдин дењгээлин минималдаштырууга мүмкүндүк берүүчү
натыйжалуу ыкмаларын жана технологияларын, пайда болгон калдыктарды
утилдештирүүнүн технологияларын колдонуу;
3) ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук-
тун талаптарын эске алуу менен чарбалык жана башка ишмердиктин планда-
лып жаткан объектинин айлана-чөйрөгө таасирин андай ишти жүргүзүү
жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин баалоо.
8-статья. Чарбалык жана башка ишмердиктин экологиялык коопсуздугун
камсыздоо ыкмалары
1. Чарбалык жана башка ишмердик объекттеринин экологиялык коопсуз-
дуктун талаптарын аткарышы айлана-чөйрөнү жана калкты андай ишмердик
жүргүзүүдө болуучу терс таасирден коргоонун зарыл ыкмаларынын жыйнагын
колдонуу жолу менен жетишилет, ал ыкмаларды чарбалык жана башка ишмер-
диктин субъект өз алдынча аныктайт.
2. Чарбалык жана башка ишмердик объекттеринин экологиялык коопсуз-
дугу төмөнкүдөй камсыздалат:
1) экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуу имараттарды,
курулмаларды, өндүрүштүк аянттарды жана башка чечимдерди жайгаштыруучу
орунду тандоо менен;
2) технологиялык жана жаратылышты коргоочу жабдуулардын эксплуата-
циялык документтерде белгиленген иштөө режимин аткаруу менен;
3) опурталдуу сырьену, материалдарды жана аларды камтыган продук-
цияны чыгарууда (иштетүүдө) айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоочу та-
лаптарды аткаруу менен;
4) сырьенун, материалдардын, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыкта-
рынын опурталдуу түрлөрүн коопсуз сактоонун, ташуунун алар айла-
на-чөйрөгө уруксатсыз чыгарылышын болтурбоочу шарттарын камсыздоо ме-
нен;
5) айлана-чөйрөгө терс таасир этүүгө байланыштуу процесстер менен
операцияларды андай таасир эњ аз болуучу жана терс таасирдин уруксат
берилген дењгээлдеринен ашпачу процесстерге жана операцияларга алмашты-
руу менен;
6) калдыгы аз технологияларды жана өндүрүштүк цикл жабылуучу тех-
нологияларды колдонуу, эгер ал мүмкүн болбосо өндүрүштүн айлана-чөйрөгө
терс таасирдин булагы болуучу калдыктарын өз убагында утилдештирүүчү
(жок кылуучу, зыянсыздандыруучу, көмүүчү ж.б.) технологияларды колдонуу
менен; суунун айланма камсыздоочу системаларын пайдалануу, пайдаланууга
мүмкүн болгон мыкты технологияларды эске алып экологиялык коопсуздуктун
талаптарын аткаруунун башка чараларын жана ыкмаларын колдонуу менен;
7) айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруу максатында техно-
логиялык процесстерди жана операцияларды өркүндөтүү менен;
8) ишенимдүү иштечү жана такай текшерилип турчу контролдоо-
чу-өлчөөчү приборлорду, авариядан сактануучу түзүлүштөрдү, маалыматты
алуунун, иштетүүнүн жана берүүнүн каражаттарын пайдалануу менен.
3-глава. Чарбалык жана башка ишмердикке карата
экологиялык коопсуздуктун талаптары
9-статья. Ишке ашырылчу жана пландалчу чарбалык жана башка
ишмердиктин экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча
жалпы талаптар
1. Айлана-чөйрөнүн абалын турукташтырууга жана жакшыртууга айла-
на-чөйрөгө терс таасир тийгизип жатышкан чарбалык жана башка ишмердик-
тин объекттери терс таасирдин дењгээлин этаптуу азайтуунун талаптарын
аткарышы менен жетишилет.
2. Өндүрүштүн жайгаштырылчу калдыктарынын көлөмү (калдыктарды жай-
гаштырууга лимиттер) кайрадан иштетилчү, сатылчу же башка ишканаларга
утилдештирүү үчүн өткөрүп берилчүдөн башка калдыктарды уюшкандыкта жай-
гаштыруу объекттеринин ведомствого таандык аймактарындагы
мүмкүнчүлүктөн ашпоого тийиш.
3. Чарбалык жана башка ишмердиктин иштеп жаткан жана пландалган
объекттеринин айлана-чөйрөгө уруксат берилген терс таасиринин дењгээлин
аныктоо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган мый-
замда белгиленген тартипте аныктачу тартипте ишке ашырылат.
4. Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери өз иштерин айла-
на-чөйрөгө терс таасирдин көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу бекитилген урук-
саттарга, зарыл учурда терс таасирдин көлөмүн азайтуунун сандык
көрсөткүчтөрү жана саркындылардын, булгоочу заттардын чыгарылуу жана
калдыктардын жаралуу көлөмдөрүн азайтуу боюнча пландаштырылып жаткан
иш-чаралардын баяндамасы берилген терс таасирди азайтуу планына ылайык
жүргүзүшөт.
5. Уруксат берилген терс таасирдин дењгээлин (жол берилген саркын-
дылар, булгоочу заттардын жол берилген чыгарылышы, калдыктарды жайгаш-
тыруу лимиттери) аныктоо жол-жобосу мыйзамда белгиленген тартипте анык-
талат.
6. Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери жыл сайын саркынды-
лардын, булгоочу заттарды чыгаруунун, калдыктар боюнча иштөөнүн курамы
жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө мамлекеттик статистика органдарына,
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга
жана мамлекеттик администрацияларга айлана-чөйрөгө терс таасирдин эсе-
бин алуу үчүн отчет беришет.
7. Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери субъекттин жетекчи-
лиги бекиткен регламентке ылайык өндүрүштүк, ведомстволук экологиялык
контроль жүргүзүшөт.
8. Булгоочу заттар айлана-чөйрөгө терс таасирдин уруксат берилген
дењгээлинен ашык, анын ичинде авариянын натыйжасында чыгарылган учурда
чарбалык жана башка ишмердиктин субъект айлана-чөйрөгө жана элдин ден
соолугуна келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
компенсациялоого милдеттүү.
9. Пландалып жаткан, айлана-чөйрөгө түз же кыйыр таасир этиши
мүмкүн болгон чарбалык жана башка ишмердик боюнча мамлекеттик экология-
лык экспертиза жүргүзүлөт. Милдеттүү мамлекеттик экологиялык эксперти-
задан өткөрүлчү экономикалык иштин түрлөрү ушул Мыйзамдын N 1 тиркеме-
синде берилди.
10-статья. Атмосфералык абанын корголушун камсыздоочу экологиялык
коопсуздук талаптары
1. Атмосфералык абаны коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) чарбалык жана башка ишмердиктин саркындыларды тазалоочу жана
контролдоочу каражаттар менен жабдылбаган, ошондой эле аз калдыктуу
технологияларды пайдаланбагандыктын натыйжасында атмосфералык абага
булгоочу заттарды чыгаруунун нормативдери аткарылбачу туруктуу объект-
терин пайдаланууга жана эксплуатацияга киргизүүгө;
2) атмосферага булгоочу заттарды чыгарышынын курамы жана көлөмү
жана үнүнүн дењгээли боюнча атайын техникалык регламенттердин талапта-
рына жооп бербеген автотранспорт каражаттарды эксплуатациялоого;
3) чарбакер субъекттердин жана калктуу конуштардын аймактарында
өндүрүштүн жана керектөөнүн айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарын
көмүүгө, зыянсыздандырууга жана өрттөөгө.
2. Туруктуу жана көчмө булактардагы булгоочу заттардын көлөмү ата-
йын техникалык регламенттерде белгиленчү талаптарга ылайык чектелет.
3. Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттеринин санитардык-корго-
очу зоналары белгиленет жана алардын режими сакталат.
4. Жердин озон катмарын сактоо максатында айлана-чөйрөнү коргоо
боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган озонду бузуучу заттарды
жана алар камтылган продукцияны өндүрүүнү жана керектөөнү, алып келүүнү
жана алып чыгууну мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат.
5. Объектиде атмосферага булгоочу заттарды жана парник газдарды
чыгаруучу туруктуу жана көчмө булактары бар чарбакер субъекттер:
1) булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун жол берилчү белгилен-
ген нормативдери сакталышын жана булгоочу заттарды чыгаруунун белгилен-
ген лимиттерин азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын ишке ашырылышын
камсыздашат;
2) өндүрүштүк экологиялык контролдун маалыматтарынын негизинде
булгоочу заттарга, парник газдарга жана озонду бузуучу заттарга ар бир
булак боюнча инвентаризация жана эсеп жүргүзүшөт;
3) саркындыларды, парник газдарды жана озонду бузуучу заттарды та-
залоого жана атмосфералык абага чыгарылышын контролдоого арналган жаб-
дууларды жана курулмаларды эксплуатациялоо эрежелерин жана режимдерин
сакташат.
6. Бардык булактардан саркындылардын, парник газдардын жана озонду
бузуучу заттардын чыгарылышын мамлекеттик контролдоо менчиктин формасы-
на карабастан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
11-статья. Суу объекттеринин корголушун камсыздоочу экологиялык
коопсуздук талаптары
1. Өндүрүштүк саркынды суулар чарбалык жана башка ишмердиктин объ-
екттерин айланма суу системалары менен камсыздоодо болушунча толук пай-
даланылууга тийиш.
2. Суу объекттерди коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) суу коргоо зоналарынын жана коргоочу суу тилкелеринин чектерин-
де опурталдуу объекттерди жайгаштырууга;
2) чарбалык-ичүүчү, коммуналдык-тиричиликтик жана балык чарбалык
арналыштагы, айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыњдоочу
максаттардагы суу объекттерине, ошондой эле жер астындагы горизонтко
жана сугат талааларга тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана илдеттер-
ден арылтылбаган сууларды төгүүгө;
3) шаардык жана поселоктук канализациялардын системаларына аларды
канализациялык системага кабыл алуунун талаптарына жооп бербеген, ло-
калдуу тазалагыч курулмаларда тазаланбаган сууларды куюуга;
4) аныктоо методу белгиленбеген заттары бар өндүрүштүк саркынды
сууларды канализация системаларына куюуга;
5) чарбалык жана башка ишмердиктин саркынды сууларды тазалоочу жа-
на алардын иштешин контролдоочу түзүлүштөр менен жабдылбаган объектте-
рин ишке киргизүүгө жана эксплуатациялоого;
6) суу үстүндө жүрүүчү, ал кемелерде жана объекттерде топтолуучу
калдыктарды жана саркындыларды топтогуч курулмалары жок өзү жүрүүчү жа-
на өзү жүрбөөчү кемелерди эксплуатациялоого;
7) өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктарды суу объекттерге
төгүүгө жана көмүүгө, анын ичинде суу объекттерди жана алардын жээкте-
рин калдыктар менен булгоого; саркынды суулардын тунмаларын жайгаштыруу
жана сактоо үчүн санкцияланбаган жерлерге төгүүгө;
8) рельефтин жапыз жерлерине тазаланбаган саркынды сууларды
төгүүгө, ошондой эле нөшөрдүн тазаланбаган сууларын бурууга;
9) саркынды сууларды суу объекттерге жапырт кое берүүгө.
3. Ишинин натыйжасында саркынды суулар пайда болуучу чарбалык жана
башка ишмердиктин субъекттери:
1) суу объекттерине булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген лими-
ти сакталышын жана аларды азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын атка-
рылышын камсыздашат;
2) жер үстүнөн жана жер астынан алынчу суулардын эсебин
жүргүзүшөт;
3) суу системаларына жана канализация системаларына булгоочу зат-
тардын чыгарылышын инвентаризациялашат, ошондой эле өндүрүштүк экологи-
ялык контролдун маалыматтарынын негизинде жана/же технологиялык жана
тазалоочу жабдуунун иштеген убактысына жана режимине, отундун, сырьенун
жана материалдардын сарпталышына, чыгарылган продукциянын көлөмүнө жа-
раша башка уюмдарга өткөрүп берилген саркынды суулардын эсебин алышат;
4) саркынды сууларды суу объекттерине жана канализация системала-
рына чыгаруу үчүн тазалоого арналган жабдууларды жана курулмаларды экс-
плуатациялоонун эрежелерин жана режимин сакташат.
12-статья. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин
коргоону камсыздоочу экологиялык коопсуздук талаптары
Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттерин долбоорлоодо, курууда
жана эксплуатациялоодо жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектте-
рин сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери ылањга чалдыгышын жана өлүшүн,
алардын жашоо чөйрөсү начарлашын болтурбоону гарантиялачу чараларды
жүргүзбөстөн өсүмдүктөрдү өрттөөгө, пестициддерди, жер семирткичтерди,
химиялык реагенттерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана жаныбарлар
дүйнөсүнүн объекттери (зыянкечтерден башкалары) жана алардын жашоо
чөйрөсү үчүн коркунучтуу башка материалдарды, сырьену жана калдыктарды
сактоого жана колдонууга;
2) жаныбарлардын жапырт миграциясынын жолдорунда атайын өткөөлдөрү
жок туташ тосмолорду жана курулмаларды орнотууга;
3) жаныбарлар төлдөп жаткан учурда чарбалык жана башка ишмердиктин
объекттерин куруу үчүн дарак-бадал өсүмдүктөрдү кыйып орун бошотууга;
4) суудагы жана суу жанындагы жаныбарлар урук таштачу, кыштачу жа-
на көп топтолгон жерлерге ар кандай саркынды сууларды жана таштандылар-
ды төгүүгө;
5) айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органдын уруксатысыз жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн
объекттерин алууга;
6) Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар
жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамда каралгандан башка мак-
саттарда алууга;
7) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринен сууну балыктардын
кирип кетишин болтурбоочу түзүлүштөрсүз (балыкты тосуучу жабдыктарсыз)
алууга;
8) сыйымдуулуктарды жана резервуарларды аларга жаныбарлар түшүп
калышын болтурбоочу натыйжалуу системаларсыз пайдаланууга;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү наркотиктүү
өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген жапайы өскөн өсүмдүктөрдү, алардын
бөлүктөрүн, продуктуларын жана оргондон кийинки калдыктарын, ошондой
эле табигый наркотиктүү сырьенун калдыктарын өзү пайдалануу, сатуу же
иштетүү максатында жыйноого;
10) жаратылышты коргоо, ден соолукту чыњдоо, рекреациялык жана та-
рыхый-маданий багыттагы жерлерде жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объек-
ттерин иши алардын максаттык арналышына жана белгиленген режимге ылайык
келбеген жеке жана юридикалык жактарга ижарага берүүгө.
2. Төмөнкүдөй чектөөлөр коюлат:
1) колдонууга уруксат берилген шаймандар жана ыкмалар менен жаны-
барлар дүйнөсүнүн өнөр жайлык түрлөрүн жана дары чөптөрдү алууга эреже-
лер, мөөнөттөр жана тизмелер менен;
2) жапырт миграция, төлдөө жана түлөө, төлдү багып жетилтүү учу-
рунда, балыктын урук таштоо, жетилүү учурунда жумуштарды жүргүзүүгө;
3) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери жер которуучу жана топтолгон
жерлерде транспорттун жүрүү ылдамдыгына, ал үчүн атайын белгилер орно-
тулат.
3. Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттерин долбоорлоодо жана
курууда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коруу чаралары, анын ичинде
жапырт жер которуу учурунда, төлдөө жана түлөө, төлдү багып жетилтүү,
балыктын урук таштоо, жетилүү учурунда жумуштардын жүргүзүлүшүн чектөө
камсыздалууга тийиш.
4. Өткөргүч түтүктөр көмүлүүгө (жерге тийиштүү терењдикке жаткыры-
лууга) тийиш. Өткөргүч түтүктөрдү курууда жаныбарлардын жашоо
чөйрөсүнүн түтүктөрдү жерге көмүү мүмкүн болбогон аялуу жерлеринде жер
которгон жаныбарлар үчүн өткөөлдөрдү караштырып, өткөргүч түтүктөрдүн
айрым участокторун 3 метрден кем эмес бийикке көтөрүү зарыл. Дарыядан
өткөрүлгөн учурда өткөргүч түтүк терењдетип жаткырылат жана бекитилет
(калкып чыгышын болтурбоо үчүн). Өткөргүч түтүк дарыялардын башталышы-
нан жана өзөндөрдөн өткөн учурда эстакада орнотулат. Өткөргүч түтүктөр
балык урук таштоочу жерлерден жана кыштоочу чуњкурлардан өтпөөгө тийиш.
5. Суу объектинен, кургактагы жаныбарлар топтолгон же алар жер ко-
торуучу жолдордон өткөн учурда өткөргүч түтүк анын авариянын натыйжа-
сында бузулган участогу өчүрүлүшүн камсыздоочу техникалык түзүлүштөр
менен камсыздалууга тийиш.
6. Өткөргүч түтүктү куруу, реконструкциялоо же оњдоо бүткөндөн ки-
йин конструкцияларды, жабдууларды калтырууга жана траншеяларды
көмбөстөн калтырууга тыюу салынат.
7. Өнөр жайлык жана суу чарбалык процесстер ал аянттарга жапайы
жаныбарлар киришин болтурбоочу атайын тосмосу бар өндүрүштүк аянттарда
жүргүзүлүүгө тийиш.
8. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери өндүрүштүк аянттагы коркунуч-
туу заттардын жана сырьенун таасиринен өлүмгө учурашын болтурбоо үчүн
төмөнкүлөр зарыл:
1) материалдарды, сырьену жана калдыктарды туюк канализация систе-
масы бар бетондолгон же жал кылып үйүлгөн тосмолуу жерлерде гана сак-
тоо;
2) чарбалык жана өндүрүштүк саркынды сууларды иштетүү же утилдеш-
тирүү үчүн атайын полигондорго ташуу үчүн өндүрүштүк аянттын өзүндөгү
идишке куюу;
3) алынчу суюк жана газ түрүндөгү сырьену топтогуч, сактагыч жана
ташуучу системалардын толук жылчыксыз бүтөлүшү;
4) идиштерди жана резервуарларды аларга жаныбарлар кирип кетишин
болтурбоочу коруу системасы менен камсыздоо.
9. Транспорттук магистралдарды долбоорлоодо жана курууда аларды
ландшафттардын ар түрлүү типтеринин чектери боюнча, жаныбарлар
дүйнөсүнүн объекттери жер которуучу жана топтолуучу жерлерден өтүшүн
чектөө зарыл.
10. Транспорт каражаттардын ээлери жана транспорттук магистралдар-
ды эксплуатациялоочу уюмдар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян ке-
лишин болтурбоочу чараларды көрүүгө милдеттүү. Транспорттук магистрал-
дарда атайын эскертүүчү белгилерди жана транспорттук каражаттын ылдам-
дыгын чектечү белгилерди орнотуу зарыл.
11. Транспорттук магистралдардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери
топтолгон жерлердеги жана алардын жер которуу жолдорундагы участоктору
атайын өткөөлдөрү бар түзүлүштөр менен тосулат.
12. Транспорттук магистралдар майда суулардан жана өзөндөрдөн (жер
үстүндөгү суулардан) өткөндө балыктардын жана кургактагы жаныбарлардын
эркин миграциясы камсыздалууга тийиш.
13. Транспорттук магистралдарды долбоорлоодо жаныбарлар дүйнөсүнүн
объекттерине жүрүп бараткан транспорттун үнүнүн таасирин азайтуу үчүн
санитардык-коргоочу зоналар белгиленүүгө тийиш.
14. Жањы байланыш жана электр өткөргүч линияларды долбоорлоодо жа-
на курууда ток жүргөн зымдар түркүктөрдүн конструкцияларына бекитилген
участоктордо куштардын өлүмгө учуроо опурталын болтурбоо жана азайтуу
боюнча чаралар каралууга тийиш. Электр өткөрүүчү линиялар, түркүктөр
жана изоляторлор куштарды коргоочу атайын түзүлүштөр, анын ичинде куш-
тардын ток жүргөн зымдарга тийиши мүмкүн болгон жерлерге уя салышына
тоскоол болуучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш. Куштарды коргоочу
атайын түзүлүш катары изоляцияланбаган металл конструкцияларды колдону-
уга тыюу салынат.
15. Транспорттук магистралдарды долбоорлоодо, курууда жана эксплу-
атациялоодо жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери топтолуучу жана жер кото-
руучу жолдорундагы опурталдуу участокторду атайын өткөөлдөрү бар тосмо-
лор менен камсыздоо, балыктардын жана кургактагы жаныбарлардын майда
суулардан жана өзөндөрдөн (жер үстүндөгү суулардан) эркин өтүшүн кам-
сыздоо зарыл.
16. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин электр өткөргүч линиялардын
электр-магниттик талаасынын таасиринен өлүмгө учурашын болтурбоо үчүн
ал линиялардын боюна санитардык-коргоочу тилкелер орнотулат.
17. Электр өткөргүч линиялардагы трансформатордук подстанциялар,
алардын түйүндөрү жана иштечү механизмдери жаныбарлар трансформатордук
подстанциянын аянтына келишин жана аталган түйүндөргө жана механизмдер-
ге кирип кетишин болтурбоочу түзүлүштөр (тосмолор, каптар жана башка-
лар) менен жабдылууга тийиш. Куштар жапырт топтолгон жерлерде алар бай-
ланыш линияларына урунуп өлүшүн болтурбоо үчүн асма зым системаны жер
астындагы кабель же радиорелелик системага алмаштыруу сунушталат.
18. Көлмөлөрдөн жана дарыялардан суу алууда суу алуучу жерди тан-
доонун эсебинен суудагы жана суу жанындагы жаныбарлар өлүшүн болтурбоо-
чу балыктарды коргоочу түзүлүштөр, суунун мүмкүн болгон көлөмү сыяктуу
жана башка чаралар каралууга тийиш.
19. Жөнгө салынуучу суу объекттеринде балыктар урук таштачу мез-
гилде балыктын төлдөшү үчүн максимум шарттарды түзүүчү балык чарбалык
суу кое берүүлөр камсыздалууга тийиш.
20. Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түр-
лөрүн эл аралык соодалоо жөнүндө конвенциянын таасирине кирген жапайы
жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын алып
келүүнүн жана алып чыгуунун талаптары аткарылышын камсыздоо зарыл.
21. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген
өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана башка организмдердин жашоо чөйрөлөрүн
сактоо зарыл.
22. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин өнөр жайлык түрлөрүн алуу-
нун жана дары чөптөрүн чогултуунун куралдары менен ыкмаларын колдонууга
уруксат берилген эрежени, мөөнөттү жана тизмелерин сактоо;
23. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мажбурлап алуу жана кармоо
шарттарын, эрежесин сактоо.
13-статья. Кыртышты жана жаратылыш ландшафттарын коргоону
камсыздоочу экологиялык коопсуздук талаптары
1. Кыртыш катмарынын, кыртыштын асылдуулук катмарын бузууга байла-
ныштуу иш өндүрүшүндө рекультивациялоо үчүн алууга, сактоого жана кийин
пайдаланууга болот.
2. Убактылуу кирүү жолдорунун трассаларын төшөө жергиликтүү жара-
тылыш шарттарын эске алуу менен колдонуудагы жол тармагын болушунча
пайдалануу аркылуу ишке ашырылат.
3. Транспорттун жана атайын техникалардын кыймылы коопсуз кыймылды
камсыздоочу, өсүмдүк жана кыртыш катмарын бузууга алып келбеген атайын
курулган жолдор боюнча гана ишке ашырылат.
4. Пайдалуу кендерди иштетүүдө чарбакер субъект төмөнкүлөргө мил-
деттүү:
1) кыртыштын суу жана шамал эрозиясын жердин шор басып кетишин,
саздакка айланышын же асылдуулугун төмөндөтүүчү башка түрлөрүн болтур-
боочу же тоскоолдук кылуучу иш-чараларды жүргүзүүгө;
2) жумушту аяктагандан кийин жабдууларды демонтаждоо, аянттардын
гидроизоляциялык катмарларын, бетон пайдубалдарын бузуу; иш жүргүзгөн
жерлерде жана жанаша аймактарда аны металл калдыктарынан, курулуш таш-
тандыларынан тазалоо, булганган катмарды алуу боюнча иштерди
жүргүзүүгө;
3) техникалык рекультивациялоону (жердин үстүн пландоо, асылдуулук
катмарын эгер ал алынса ташуу), ошондой эле биологиялык рекультивация-
лоону жүргүзүүгө, анын ыкмалары жаратылыштык-климаттык шарттар жана
жерди максаттуу пайдалануу менен аныкталат. Техникалык рекультивация
субъектинин чарбалык жана башка иш-аракетинин күчү менен аткарылат.
5. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы чарбалык жана башка
иш-аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектелет.
14-статья. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө
жагындагы экологиялык коопсуздук талаптары
1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жагындагы экологи-
ялык коопсуздук талаптарын сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ушул техникалык регламентте жана атайын техникалык регламент-
терде белгиленген талаптарга ылайык техникалык каражаттар менен жабдыл-
баган жана технологиялык жактан зыянсыздандырылбаган, өндүрүш жана ке-
ректөө калдыктарын коопсуз жайгаштырбаган чарбалык объекттерди колдону-
уга киргизүүгө жана башка иш-аракеттерге;
2) курчап турган айлана-чөйрө үчүн кооптуулуктун аныкталбаган
классындагы калдыктарды өндүрүү жана колдонууга;
3) калдыктарды көмүү жана зыянсыздандыруу максатында Кыргыз Рес-
публикасынын аймагына алып келүүгө;
4) өндүрүш жана керектөө калдыктарын калк жашаган аймактарга, то-
койлуу паркка, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыњдоо, рекреациялык жа-
на суу коргоо зоналарына, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык-тиричилик
суу колдонуу максатында пайдаланылган жер алдындагы суу объекттеринин
суу топтоочу аянттарында көмүүгө;
5) калдыктарды айлана-чөйрөгө өз алдынча жайгаштырууга;
6) калдыктарды өз алдынча өрттөөгө.
2. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизүүчү терс
таасирине жараша өндүрүш жана керектөө калдыктары коркунучтуу калдык-
тарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө
Базель конвенциясында белгиленген критерийлерге ылайык кооптуулук
класстарына бөлүнөт.
3. Калдыктарды жайгаштыруу объекттери айлана-чөйрөгө терс таасир
этүүчү объекттерди мамлекеттик эсепке алуунун бөлүгү болуп саналуучу,
калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
4. Коркунучтуу калдыктарга айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ый-
гарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча паспорт
түзүлүшү керек. Коркунучтуу калдыктардын паспорту алардын составы жана
түзүлүшү жөнүндө маалыматтардын, алардын коркунучтуулугуна баа берүүнүн
негизинде түзүлөт, Паспорттоштуруу тартиби айлана-чөйрөнү коргоо боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Калдыктарды (сырье) колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын
аймагына алып келүү мыйзамда белгиленген тартипте берилген уруксаттын
негизинде жүргүзүлөт. Калдыктарды трансчегаралык ташууда аларды жөнгө
салууга тийиш болгон тартип, эреже жана тизме эл аралык талаптарга ыла-
йык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкта-
лат.
6. Чарбалык жана башка иштердин объекттерин долбоорлоодо, курууда,
пайдаланууга берүүдө, реконструкциялоодо, консервациялоодо жана жоюуда
атайын техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык жабдылган,
калдыктарды чогултуу жана/же топтоо үчүн аянтчалар каралууга тийиш.
7. Коркунучтуу калдыктарды топтоочу жерлерге ташуу, сактоо, утил-
дештирүү, көмүү жана/же жок кылуу төмөнкүдөй шарттарды аткарган учурда
жүргүзүлөт:
1) коркунучтуу калдыктардын паспорту болгондо;
2) атайын жабдылган жана атайын белгилер коюлган транспорт кара-
жаттары болгондо;
3) ташылуучу коркунучтуу калдыктардын санын, аларды ташуу максатын
жана бара турган жерин көрсөтүү менен коркунучтуу калдыктарды ташуу жа-
на берүү үчүн документтер болгондо.
8. Калдыктарды жайгаштыруу объекттеринде калдыктарды сактоодо
(көмүүдө) аларды кийин иштетүү, жүктөө, ташуу, түшүрүү, утилдештирүү
жана жок кылуу максатында өзүнчө жана ресурсту үнөмдөп кармоо талаптары
камсыздалууга тийиш.
9. Терс таасиринин дењгээлине ылайык чарбалык жана башка иштердин
объекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) колдонулуучу сырьелор менен материалдардын составын эске алуучу
калдыктардын чогулушунун нормативдеринин долбоорлорун белгиленген тар-
типте иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) топтолгон, колдонулган, зыянсыздандырылган, башка адамдарга бе-
рилген же башка адамдардан алынган, ошондой эле жайгаштырылуучу калдык-
тардын эсебин алууга;
3) калдыктарды жана аларды жайгаштыруу объекттерин инвентаризация
жүргүзүүгө;
4) калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин аймактарындагы айла-
на-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө;
5) бузулган жерлерди тийиштүү түрдө максаттуу пайдалануу абалына
чейин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө;
6) калдыктарды жайгаштырууга жана аларды кыскартуу боюнча пландаш-
тырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууга белгиленген лимиттерди сактоону
камсыздоого.
15-статья. Жаратылыш ресурстарын пайдаланууда экологиялык
коопсуздук талаптар
1. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иш-аракетти жүргүзүүдө:
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) калктуу конуштарда атмосфералык абаны булгоочу чањ, зыяндуу
газ, жаман жыттануучу заттардын булагы болуп саналган калдык сактоочу
жайларды жана калдыктарды жайгаштырууга;
2) жер казынасын өз алдынча пайдаланууга;
3) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оњ корутундусун алганга
чейин жердин үстүн жана анын жер байлыгынын бүтүндүгүн бузуучу иштерди
аткарууга;
4) жер байлыгы жаткан аянтка өз алдынча курулуш курууга жана бул
аянттарды башка максаттар үчүн пайдаланууга.
Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иш-аракетти жүргүзүүдө
төмөнкүлөр камсыздалат:
1) пайдалуу кен байлыктарын суу каптоодон, суу ташкынынан, өрттөн
жана пайдалуу кендердин, өнөр жайлык баалуу кендердин сапатын
төмөндөтүүчү же аларды иштеп чыгууну татаалдатуучу башка факторлордон
коргоо;
2) жер казынасын пайдаланууга байланыштуу, айрыкча мунайзатты же
башка заттарды жана материалдарды жер алдында сактоого байланыштуу иш-
терди жүргүзүүдө, жер казынасын булганышын, коркунучтуу заттарды жана
өндүрүш калдыктарын көмүүнү, булганыч сууларды чыгарууну болтурбоону;
3) газдардын капилет чыгышын, суунун жарып чыгышын болжолдоо жана
алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды жүзөгө ашырууну;
4) пайдаланууга болбогон кен иштеп чыгууларды жана бургулоо сква-
жиналарын жоюуну же консервациялоону;
5) уруксат берүүчү документтер менен аныкталган кен пайдалануунун
башка шарттарын аткарууну.
3. Токой пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө төмөнкүлөргө
тыюу салынат:
1) кыртыштын эрозиясын күчөтүүгө жана токойлордун абалына, аларды
көбөйтүүгө нормадан ашыкча терс таасир тийгизүүчү, ошондой эле суунун
жана башка жаратылыш объекттеринин бузулушуна алып келүүчү ыкмалар ме-
нен иш жүргүзүүгө;
2) токойдун коргоо түзүлүштөрүнүн, өрткө каршы, экологиялык жана
санитардык абалынын, ошондой эле аларды көбөйтүү шарттарынын начарлашы-
на алып келүүчү иштерди жүргүзүүгө;
3) экосистеманын жана токойлорду көбөйтүү абалына зыяндуу таасир
этүүнү четтетүүчү түзүлүштөр менен камсыздалбаган жањы жана реконструк-
цияланган объекттерди пайдаланууга берүүгө;
4) жыгач тактайлардын жоголушуна, ишке жарактуу жыгач тактайларды
отун кылууга жана аны багытынан тышкары чыгымдоого;
5) токойлорду кыюунун бардык түрлөрүнө жана илимий изилдөө максат-
тарынан тышкары корук токойлорунда башка токойлорду пайдаланууга;
6) экинчи кезектеги токой материалдарын даярдоого, мал жаюуга,
улуттук жаратылыш парктарынын токойлорунда, токой заказниктеринде токой
продуктуларын өнөр жайлык даярдоого, жаратылыш эстеликтерин илимий жана
тарыхый мааниси бар токойлордо, токой парктарында, шаардагы токойлордо,
калктуу конуштардын жана өнөр жайлык борборлордун айланасындагы жашыл
зоналардын токой парк бөлүктөрүндө, мамлекеттик токой тилкелеринде эро-
зияга каршы жана субальп токойлорунда, дарыялардын, көлдөрдүн жээкте-
риндеги жана башка суу объекттериндеги тыюу салынган токой тилкелеринде
токой продуктуларын даярдоого;
7) кыйылган жыгач тактайларды аны даярдоо мөөнөтү бүткөндө ошол
жерде чала иштетип калтырууга.
Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иш-аракетти жүргүзүүдө
төмөнкүлөр камсыздалат:
1) токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын пайдаланууга берилген
участоктордо сактоо жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү, ал эми то-
койдо өрт келип чыкса - аны өчүрүү;
2) кыюу иштеринин натыйжасында жаш көчөттөр жок кылынып же бак да-
рак-бадал өсүмдүктөрү жоголгон аянттарда токой өстүрүү иш-чараларын
жүргүзүү;
3) токойлордо санитардык эрежелерди сактоо;
4) токой фондуна кирбеген жерлердин жана токой фондунун абалына
дайыма көз салуу, токой зыянкечтеринин жана ооруларынын очокторун анык-
тоо, көрсөтүлгөн очоктордун келип чыгышынын алдын алуу, аларды жоюу бо-
юнча чараларды көрүү;
5) токой пайдалануу токой фондунун участокторун колдонуу жагындагы
уруксат берүүчү документтердин башка шарттарын сактоо.
16-статья. Калктуу конуштардын аймактарында жүргүзүлүүчү чарбалык
жана башка иштерге экологиялык коопсуздук талаптары
1. Шаар жана башка калктуу конуштардын чектеринде атмосфералык
абалынын сапатына терс таасир этүүчү чарбалык жана башка иштердин объ-
екттеринин долбоорлоодо жана жайгаштырууда атмосфералык абаны булгоонун
фондук дењгээли жана көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө анын сапатынын
өзгөрүш божомолу эске алынууга тийиш.
2. Атмосфералык абага булгоочу заттардын авариялык чыгышынан пайда
болгон атмосфералык абанын абалы өзгөргөндө жана муну менен адамдын
өмүрүнө жана ден соолугуна, чарбалык жана башка иштердин субъекттерине
коркунуч келтирилгенде жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардан калкты, аймактарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык калкты коргоо боюнча шашылыш чаралар көрүлөт.
3. Жашыл зоналардын топтому, анын ичинде өсүмдүктөрдүн бак да-
рак-бадал менен капталган жана ушул чөп өсүмдүктөрү өскөн шаарларды жа-
на калктуу конуштарды жашылдандыруу объекттери сакталууга жана
өнүктүрүлүүгө тийиш.
Жашылдандыруу объекттеринин аймактарында аларга терс таасир тий-
гизүүчү жана экологиялык, санитардык-гигиеналык жана рекреациялык ба-
гыттагы функцияларды аткарууга тоскоолдук кылуучу чарбалык жана башка
иштерге тыюу салынат.
4. Өндүрүштүк булганган суулардын канализациялык тармактары калк-
туу конуштардын канализациялык тармагына кошууда контролдук кудуктар
курулушу керек.
5. Шаар жана башка калктуу конуштардын аймактарында, токой паркы-
нын, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыњдоо, рекреациялык зоналарда,
ошондой эле суу коргоочу зоналарда, ичүү жана чарбалык-тиричиликтик суу
менен жабдуу максатында колдонулуучу жер алдындагы суу объекттеринин
суу топтоочу аянттарында калдыктарды көмүүгө тыюу салынат.
17-статья. Экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин
тастыктоо жол-жоболорун белгилөө үчүн продукцияны
өндүрүү, сактоо, ташуу, утилдештирүү боюнча
иш-аракеттин колдонуудагы объекттеринин классификациясы
1. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында айлана-чөйрөгө
терс таасир этүү баскычы - кооптуулук категориясы боюнча чарбалык иш-
мердиктин колдонуудагы объекттерин классификациялоо жүргүзүлөт (ушул
Мыйзамга 2-тиркеме).
2. Продукциялар менен калдыктарды өндүрүү, сактоо, ташуу, утилдеш-
тирүү боюнча ишмердиктен айлана-чөйрөгө терс таасир этүүнүн дењгээли
чарбакер субъекттердин иш-аракетинин натыйжасында айлана-чөйрөгө тарко-
очу булгоочу заттардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен айла-
на-чөйрөнү мүмкүн болуучу булгоонун көлөмү жана составы менен аныкта-
лат.
3. Кооптуулук категориясы зыяндуу заттарды чыгаруу жана калдыктар-
ды жайгаштыруу боюнча ар бир ишкана үчүн өзүнчө белгиленет.
4-глава. Чарбалык жана башка ишмердик процесстеринин
экологиялык коопсуздуктун талаптарына
шайкеш келишин баалоо
18-статья. Шайкеш келүүнү баалоо жана шайкеш келүүгө баа берүү
формалары
1. Чарбалык жана башка иштердин процесстеринин шайкеш келишин баа-
лоо продукцияларды өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча
пландаштырылуучу жана жүргүзүлүүчү иштердин ушул техникалык регламент-
тин талаптарына шайкеш келишин аныктоо максатында белгиленет.
2. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишине баа берүү
мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө формасында ишке ашырылат.
3. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы
атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талап-
тарына шайкеш келүүгө баа берүү 1-тиркемеге ылайык чарбалык жана башка
иштердин пландаштырылган объекттери үчүн жана кооптуулук категориясы
бар чарбалык жана башка иштердин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү
мүнөзгө ээ (2-тиркеме).
5. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талап-
тарына шайкеш келишин тастыктоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ.
6. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл мамлекеттик экологиялык конт-
роль формасында колдонуудагы объекттер үчүн жана мамлекеттик экология-
лык экспертиза формасында пландаштырылуучу объекттер үчүн ишке ашыры-
лат.
19-статья. Мамлекеттик экологиялык контроль
1. Чарбалык жана башка иштердин объекттеринин экологиялык коопсуз-
дук талаптарына шайкеш келишин мамлекеттик экологиялык контролдоо чар-
балык жана башка иштердин объекттери аларга карата ушул техникалык рег-
ламентте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын тек-
шерүү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы атайын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүүчү иш-чаралар формасында жүзөгө
ашырылат.
2. Ушул техникалык регламент жана башка техникалык регламенттер
тарабынан коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарууну мамлекет-
тик экологиялык контроль жүргүзүүдө изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эре-
желери менен методдору, ошондой эле изилдөөлөр менен өлчөөлөрдү
жүргүзүү үчүн мыйзам тартибинде белгиленген, ушул техникалык регламент-
ти колдонуу үчүн зарыл болгон башка техникалык регламенттердин
үлгүлөрүн тандоо эрежеси колдонулат.
3. Чарбалык жана башка иштердин объектиси ушул техникалык регла-
ментте коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү бо-
юнча иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы
атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөө;
2) текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү.
4. Ушул техникалык регламент менен экологиялык коопсуздук талапта-
рына объекттердин шайкештигин жөнгө салууну контролдоо төмөнкүдөй фор-
маларда ишке ашырылат:
1) визуалдуу контроль;
2) инструменталдык контроль;
3) документтердин болушуна контроль.
5. Визуалдуу контроль - юридикалык же жеке жактар экологиялык ко-
опсуздуктун ушул регламенттерде коюлган талаптар продукцияларды жана
өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процессте-
ринде аткарышын текшерүү боюнча атайын жабдууларды (приборлорду) кол-
донбостон органдардын жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чаралар.
6. Инструменталдык контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдык-
тарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экология-
лык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын
юридикалык же жеке жактар аткарышын текшерүү боюнча приборлордун же
атайын жабдуулардын же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын
чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринде же болбосо продук-
цияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдеш-
тирүү жерлеринен тышкары тийиштүү изилдөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүү
үчүн үлгүлөрдү тандоо аркылуу өлчөө бирдиктерин камсыздоо жагындагы
колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүчү иш-чара.
7. Документтердин болушун контролдоо - продукцияларды жана өндүрүш
калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин
экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу та-
лаптарын юридикалык же жеке жактар аткарышын текшерүү боюнча
көрсөтүлгөн процесстердин документтерин көрсөтүү үчүн милдеттүү болгон
иш-чара.
8. Документтердин болушун контролдоо үчүн зарыл болгон чарбалык
жана башка иштердин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү документтер-
дин тизмеси
| N | Аталышы | Чыгаруулар/таштоолор/калдыктар | ||
| боюнча кооптуулук категориясы | ||||
| I | II | III | ||
| 1. | Абага чыгаруулар | |||
| 1.1. | Эњ жогорку жол берилген | + | ||
| чыгаруулардын эсеби | ||||
| 1.2. | Экологиялык паспорт | + | + | |
| 1.3. | Чыгарууга уруксат | + | ||
| 2. | Чыгаруулар | |||
| 2.1. | Эњ жогорку жол берилген | + | + | |
| чыгаруулардын эсеби | ||||
| 2.2. | Чыгарууга уруксат | + | + | |
| 2.3. | Экологиялык паспорт | + | + | |
| 2.4. | Тазалоочу курулмалардын | + | ||
| мүнөздөмөсү | ||||
| 2.5. | Булганыч сууларды башка | + | ||
| уюмдарга өткөрүп берүү жөнүндө | ||||
| маалымат | ||||
| 3. | Калдыктар | |||
| 3.1. | Өндүрүш жана керектөө | + | ||
| калдыктарынын түзүлүшүнүн | ||||
| нормативдеринин эсеби | ||||
| 3.2. | Калдыктарды жайгаштырууга | + | ||
| уруксат | ||||
| 3.3. | Экологиялык паспорт | + | + | |
| 3.4. | Калдыктарды башка уюмдарга | + | ||
| берүү жөнүндө документ | ||||
| 3.5. | Көлөмү жана составы жөнүндө | + | ||
| маалымат |
+ - документтердин сөзсүз болушу.
20-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертиза
1. Мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында чарбалык жана
башка иштеринин объекттеринин экологиялык коопсуздукка дал келишине баа
берүү айлана-чөйрөнү жана калкты пландаштырылуучу иштердин потенциалдуу
терс таасиринен коргоо максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
2. Чарбалык иш-аракеттин демилгечиси мамлекеттик экспертизага
берүүчү документтердин курамында эњ мыкты жеткиликтүү технологияларды
колдонуу жөнүндө далил материалдар болууга тийиш.
3. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оњ корутундусунун болушу
1-тиркемеге ылайык айлана-чөйрөгө таасир этүүчү чарбалык жана башка иш-
терди баштоо үчүн негиз болуп саналат.
21-статья. Шайкештигин тастыктоо
1. Экологиялык коопсуздук шайкештигин тастыктоо чарбалык жана баш-
ка иштердин субъекттери тарабынан жүргүзүлөт.
2. Чарбалык жана башка иштердин объектисин ушул регламенттин та-
лаптарына ылайык келишин тастыктоо 5 жыл бою жарактуу.
5-глава. Корутунду жана өтмө жоболор
22-статья. Өтмө жоболор
1. Бул техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып зыян кел-
тирүү тобокелдигинин дењгээли ушул техникалык регламентте эске алынган
зыян келтирүү тобокелдигинин дењгээлинен жогору болгон экологиялык ко-
опсуздук маселелери боюнча атайын техникалык регламенттер күчүнө кир-
генге чейин чарбалык жана башка иштердин процесстери ушул техникалык
регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Бул техникалык регламенттин жоболорун колдонууга киргизгенге
чейин ал расмий жарыяланган күндөн тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында объекттерди мамлекеттик эсепке алуу үчүн айла-
на-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү чарбалык объекттердин жана башка иш-
тердин реестрлери түзүлөт.
23-статья. Бул техникалык регламенттердин талаптарын бузуу үчүн
жоопкерчилик
1. Чарбалык жана башка иштердин субъекти ушул техникалык регла-
ментте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу үчүн жаран-
дык, администрациялык, эмгек жана кылмыш-жаза кодексинде аныкталган
учурларда жана тартипте жарандык, администрациялык, кылмыш жана дисцип-
линардык жоопкерчиликке тартылат.
2. Ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук
талаптарына чарбалык жана башка иш процесстеринин шайкештигине баа
берүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы техникалык регламенттин объекттер-
ди жөнгө салуу боюнча шайкештигине баа берүү эрежелерин жана формаларын
бузгандыгы үчүн колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде жана
тартипте администрациялык, дисциплинардык жана кылмыш жоопкерчилигине
тартылат.
24-статья. Нормативдик укуктук актыларды ушул техникалык
регламентке ылайык келтирүү
1. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул техникалык регла-
ментти колдонуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук
актылары колдонулбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн
тартып 12 айдын ичинде ушул бул Мыйзамды колдонуу үчүн зарыл болгон
нормативдик укуктук документтерди иштеп чыксын жана бекитсин.
25-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 айдан кийин күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
"Экологиялык коопсуздук жөнүндө"
жалпы техникалык регламент тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
1-тиркеме
Экономикалык иштин милдеттүү экологиялык
экспертизадан өтүүчү түрлөрү
1. Энергетика объекттери:
1) жылуулук электроцентралдар, жылуулук электр станциялары, гидро-
электр станциялар;
2) электр энергиясын, буу, ысык суу өндүрүү боюнча өнөр жайлык
түзүлүштөр;
3) газ, нефти жана нефти продуктуларын, жылуулук өткөрүүчү
өткөргүч түтүктөр линиялары;
4) жогорку вольттогу электр өткөрүүчү линиялар;
5) нефти продуктуларды, газ, катуу отун сактачу кампалар;
6) күл, таштанды сактагычтар.
2. Суу сактагычтар.
3. Нефтини, нефти продуктуларды, газды казып алуу жана иштетүү бо-
юнча ишканалар.
4. Курулуш материалдарды өндүрүү (цемент, асфальт, шифер, ас-
бест-цемент түтүктөр ж.б.).
5. Айыл чарба жана токой чарба:
1) айыл чарбаны ургаалдаштыруу долбоорлору;
2) айыл чарбалык жер ээликтерин уюштуруу жана өзгөртүп уюштуруу
боюнча долбоорлор;
3) суу ресурстарды айыл чарба максаттарында башкаруу долбоорлору;
4) жер пайдалануунун тибин өзгөртүү максатында жерлерди рекульти-
вациялоо долбоорлору;
5) канаттуулар, мал, балык чарба комплекстери;
6) мелиорация долбоорлору.
6. Кен казуу өнөр жайы:
1) издөөчү-чалгындоочу, тажрыйбалык-эксплуатациялык жумуштар;
2) минералдык сырьену казып алуу (мрамор, базальт, туз, кум, ша-
гыл, чопо ж.б.);
3) көмүр казуу;
4) рудаларды казуу;
5) рудаларды иштетүү;
6) түстүү, сейрек, кымбат металлдарды өндүрүү;
7) калдыктарды, анын ичинде коркунучтуу жана уулуу калдыктарды
утилдештирүү жана көмүү.
7. Металл иштетүү өнөр жайы:
1) машина-станок жасоо өндүрүшү;
2) жарым өткөргүч материалдарды өндүрүү;
3) авиация, темир жол транспортторун оњдоо боюнча ишканалар;
4) радио жана телеаппараттарды жасоо.
8. Айнек өндүрүү.
9. Фармацевттик, биологиялык, белок препараттарды чыгаруу.
10. Химия өндүрүшү.
11. Тамак-аш өнөр жайы:
1) майларды чыгаруу;
2) эт-сүт продуктуларды өндүрүү;
3) кант өндүрүү;
4) тамеки өндүрүү.
12. Текстиль, булгаары, кездеме өнөр жайы:
1) жүндү жана терини баштапкы иштетүү;
2) жыгач-таарынды такталарды, картон, жыгач-була такталарды жасоо;
3) булгаары өндүрүшү;
4) кагаз жасоо;
5) боек өндүрүшү;
6) желим техника өндүрүшү.
13. Уулуу, коркунучтуу радиоактивдүү заттардын кампалары.
14. Саркынды сууларды, түтүндүү газдарды тазалоо боюнча
түзүлүштөр.
15. Жер астынан суу чыгаргычтар.
16. Калктуу конуштарды суу менен камсыздоо системалары, гидромели-
орациялык системалар.
17. Автомобилдик жана темир жолдорду куруу.
18. Аэропорттор, аэродромдор, сыноолор үчүн полигондор, ички кеме-
лер үчүн порттор, автодромдор.
19. Рекреациялык жана туристтик багыттагы объекттерди куруу.
20. Өнөр жайлык тармактарды уюштуруу.
21. Канализациялык тармактар.
22. Кен көтөргүчтөр жана аркан жолдор.
23. Өнөр жайдын жана тиричиликтин калдыктарын утилдештирүү, иш-
тетүү жана көмүү.
"Экологиялык коопсуздук жөнүндө"
жалпы техникалык регламент тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
2-тиркеме
Коркунучтуулук категориясы
1. Жалпы жоболор
Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттеринин коркунучтуулук кате-
гориясы табигый айлана-чөйрөнү булгоонун көлөмүнө, атмосферага,
чөлкөмдөгү рельефке же суу объекттерине чыгарылчу зыяндуу заттардын,
ошондой эле жайгаштырылчу калдыктардын санына жана түрлүк курамына жа-
раша аныкталат.
Коркунучтуулук категориясына жараша жаратылышты пайдалануу долбо-
орлорунун көлөмү жана мазмуну, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана
белгиленген нормалардын аткарылышын мамлекеттик контролдоодо тек-
шерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү аныкталат.
2. Коркунучтуулук категориясын аныктоонун
тартиби
Чарбалык жана башка ишмердик объектинин коркунучтуулук категория-
сын айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган чарбалык жана башка ишмердиктин субъект берчү маалыматтын неги-
зинде аныктайт.
Чарбалык жана башка ишмердиктин субъект айлана-чөйрөнү коргоо жа-
гындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суроо келгенден ки-
йин 1 айдын ичинде коркунучтуулук категориясын эсептеп чыгаруу үчүн ке-
ректүү маалыматты берүүгө милдеттүү. Суроо белгиленген мөөнөттө атка-
рылбаган же туура эмес маалыматтар берилген учурда айлана-чөйрөнү кор-
гоо жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чарбалык жана
башка ишмердиктин субъектинин ишине тыюу салуу же токтотуп туруу
жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган 1 айдын ичинде эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана аны бекитүү үчүн чар-
балык жана башка ишмердиктин субъектине берүүгө милдеттүү. Коркунучтуу-
лук категориясын эсептөөнүн жыйынтыктарын берүү мөөнөтү аткарылбаган
учурда айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекет-
тик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тар-
тат.
Чарбалык жана башка ишмердиктин субъект коркунучтуулук категория-
сын эсептөөнүн жыйынтыгына макул болбогон учурда пикир келишпестиктер
колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чечилет.
3. Чарбалык жана башка ишмердиктин атмосферага
саркындыларды чыгаруучу субъекттеринин
коркунучтуулук категориясын аныктоо
Чарбалык жана башка ишмердиктин субъектинин коркунучтуулук катего-
риясын аныктоо үчүн атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышы жөнүндө
статистика органдарына же жаратылышты коргоо органдарына берилчү маалы-
маттар пайдаланылат.
Чарбалык жана башка ишмердиктин субъектинин коркунучтуулук катего-
риясы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
n аi
КК = E (Мi / ПДКcci), мында:
i=1
n - чарбалык жана башка ишмердиктин субъекти атмосферага чы-
гарчу булгоочу заттардын саны;
Мi - чыгарылган конкреттүү заттын массасы, т/жыл;
ПДКcci - калктуу конуштарда конкреттүү булгоочу заттын атмосфера-
лык абада суткалык орточо жол берилген топтолушу,
мг/куб.м;
аi - өлчөмсүз константа. Өлчөмсүз константанын чоњдугу
3.1-таблица боюнча аныкталат.
3.1-таблица
аi константанын булгоочу заттын коркунучтуулук
классына жараша чоњдугу
| Константа | Заттын коркунучтуулук классы | ||
| 1 | 2 же 3 | 4 | |
| ai | 1.7 | 1.0 | 0.8 |
Коркунучтуулук классынын чоњдугу Мi / ПДКcci > 1.0 болгон шартта
эсептелет. Мi / ПДКcci <= 1.0 болсо КК чоњдугу эсептелбейт жана 0гө ба-
рабар делет.
Маалыматтык адабияттарда калктуу конуштардагы атмосфералык абанын
жол берилчү суткалык орточо эњ жогорку концентрацияларынын чоњдуктары
жок болсо максимум бир жолку жол берилчү эњ жогорку концентрация же
калктуу конуштардын атомосфералык абасы үчүн таасирдин болжолдуу корку-
нучсуз дењгээлинин (ТБКД) чоњдуктары же жумушчу зонанын абасынын 10 эсе
азайтылган ошого барабар чоњдуктары пайдаланылат.
Маалыматтык адабияттарда калктуу конуштардын атмосфералык абасы
үчүн булгоочу заттын КК жок болсо жумушчу зонанын абасы үчүн чоњдуктары
пайдаланылат, эки чоњдук тењ жок болсо КК үчүн 3-чоњдук пайдаланылат.
Жол берилчү эњ жогорку концентрациялар же ТБКД жөнүндө информация
жок булгоочу заттар үчүн коркунучтуулук классынын чоњдугу ал заттардын
чыгарылыш массасына тењештирилет, б.а. жол берилчү эњ жогорку концент-
рация 1.0гө барабар, ал эми КК 3 деп алынат.
Озон катмарын бузуучу заттар жөнүндө Монреаль протоколу менен
жөнгө салынчу озонду бузуучу булгоочу заттар үчүн жол берилчү эњ жогор-
ку концентрация = 1 / (ОБЖ * 1000), ал эми коркунучтуулук классы 1ге
барабар деп кабыл алынат, мында ОБЖ - Монреаль протоколу боюнча заттын
озонду бузуу жөндөмү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Киото протоко-
лу менен жөнгө салынчу парник газдар болуп эсептелген булгоочу заттар
үчүн жол берилчү эњ жогорку концентрация = 1/ГЫП, ал эми коркунучтуулук
классы 1ге барабар деп кабыл алынат, мында ГЫП - Киото протоколу боюнча
глобалдык ысуу потенциалы.
Коркунучтуулук классы боюнча 3.2-таблицада чарбалык жана башка иш-
мердик объектинин коркунучтуулук категориясы аныкталат. Чарбалык жана
башка ишмердик объектинин коркунучтуулук классына ылайык анын отчет бе-
ришинин жана контролдонушунун мезгилдүүлүгү аныкталат (3.3-таблица).
3.2-таблица
Чарбалык жана башка ишмердик субъектинин ишинин
КК чоњдугуна жараша эсептелген коркунучтуулук
категориясы
| Чарбалык жана башка ишмердик | КК чоњдугу |
| субъектинин коркунучтуулук | |
| категориясы | |
| I | КК >= 10000 |
| II | 10000 > КК >= 2000 |
| III | 2000 > КК >= 200 |
3.3-таблица
Чарбалык жана башка ишмердик субъектинин коркунучтуулук
категориясына жараша отчет берүү жана контролдонуу
мезгилдүүлүгү
| № | Иштин түрү | Калдыктар боюнча коркунучтуулук | ||
| категориясы | ||||
| I | II | III | ||
| 1. | Атмосферага булгоочу заттарды | + | + | + |
| чыгаруу булактарын | ||||
| инвентаризациялоо | ||||
| (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 2. | Жол берилчү чыгаруу нормаларын | + | + | - |
| кайра кароо (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 3. | 2 ТП - аба формасы боюнча | + | - | - |
| статистикалык отчет (жыл сайын) | ||||
| 4. | Атмосфералык абаны коргоо | + | + | - |
| боюнча план (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 5. | Жол берилчү чыгаруу нормаларын | + | - | - |
| иштеп чыгуу | ||||
| 6. | Ишти контролдоонун | |||
| мезгилдүүлүгү: | ||||
| жыл сайын | + | |||
| 3 жылда 1 жолу | + | |||
| 5 жылда 1 жолу | + |
4. Саркынды сууларды чыгаруучу чарбалык жана башка
ишмердиктин субъекттери үчүн коркунучтуулук
категориясын аныктоо
Чарбалык жана башка ишмердик субъекттеринин саркындыларды чыгаруу
боюнча коркунучтуулугунун категориясы саркынды сууларга карата мамиле-
синин мүнөзүнүн негизинде, ошондой эле анын көлөмүнө жараша бир нече
критерий боюнча аныкталат. Чарбалык жана башка ишмердиктин I категория-
дагы коркунучтуу объекттерине төмөнкүдөй шарттарын бири же бир нечеси
аткарылчулар кирет, алар:
1) суу объекттерине, суу чарба курулмаларына же рельефке (жалдар-
га, жарларга, котловандарга, кургак сайларга ж.б.) же коллектордук-дре-
наждык системаларга шарттуу таза суудан башка саркынды сууларды тазала-
гыч түзүлүштөрдөн өткөрбөстөн чыгаруучу чарбалык жана башка ишмердиктин
объекттери;
2) балансында колдонуудагы калдык сактагычтар, шлам сактагычтар
ж.б. бар чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери;
3) тазаланган саркынды сууларынын көлөмү чакан шаарлардын тазала-
гыч түзүлүштөрүнүн орточо чыгарылчу саркынды сууларынын көлөмүнө бара-
бар чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери;
2. Чарбалык жана башка ишмердиктин II категориядагы коркунучтуу
объекттерине төмөнкүдөй шарттардын бири же бир нечеси аткарылчулар ки-
рет, алар:
1) суу объекттерине, суу чарба курулмаларына же рельефке (жалдар-
га, жарларга, котловандарга, кургак сайларга ж.б.) же коллектордук-дре-
наждык системаларга шарттуу таза суудан башка саркынды сууларды тазала-
гыч түзүлүштөрдөн өткөндөн кийин чакан шаарлардын тазалагыч
түзүлүштөрүнүн орточо чыгарылчу саркынды сууларынын көлөмүнөн аз
көлөмдө чыгарчу чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери;
2) саркынды сууларды топтогучтарга, ањдарга, септиктерге ж.у.с.
төгүп, кийин тазалагыч түзүлүштөргө алып чыкчу чарбалык жана башка иш-
мердиктин объекттери.
3. Чарбалык жана башка ишмердиктин III категориядагы коркунучтуу
объекттерине саркынды суулары бар, бирок аларды чарбалык жана башка иш-
мердиктин башка объекттерине өткөрүп берүүчү чарбалык жана башка ишмер-
диктин объекттери кирет.
4.1-таблица
Чарбалык жана башка ишмердиктин объектисинин
коркунучтуулук категориясына жараша отчет
беришинин жана контролдонушунун
мезгилдүүлүгү
| № | Иштин түрү | Калдыктар боюнча коркунучтуулук | ||
| категориясы | ||||
| I | II | III | ||
| 1. | ТП Суу чарба 2 формасы боюнча | + | - | - |
| статистикалык отчет (жыл сайын) | ||||
| 2. | Саркындыларды азайтуу планы | + | + | - |
| (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 3. | ПДС нормаларын иштеп чыгуу | + | + | - |
| (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 4. | Ишти контролдоонун | |||
| мезгилдүүлүгү: | ||||
| жыл сайын | + | |||
| 3 жылда 1 жолу | + | |||
| 5 жылда 1 жолу | + |
5. Чарбалык жана башка ишмердиктин калдыктардын
жаралышына алып келүүчү объекттеринин
коркунучтуулук категориясын аныктоо
Чарбалык жана башка ишмердиктин калдыктар боюнча коркунучтуулук
категориясын аныктоо бир нече критерий боюнча иштин мүнөзүнө жараша
аныкталат.
1. Калдыктар боюнча I коркунучтуулук категориясына төмөнкүдөй
шарттардын бири же бир нечеси аткарылган чарбалык жана башка ишмердик-
тин объекттери кирет, алар:
1) негизги иши башка уюмдардын калдыктарын топтоо, кабыл алуу жа-
на/же кайра иштетүү;
2) калдыктарды көмүүчү же узакка сактоочу объекттер балансында бар
же эксплуатацияланат (полигондор, шлам жана калдык сактагычтар, кен
калдыктары, жакыр рудалардын калдыктары, күл ж.б.у.с);
3) түзүлчү калдыктардын саны айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын
ишканалары үчүн жылына 5 мињ т, жана башка ишканалар үчүн - 300 т;
4) өндүрүштүк иштин натыйжасында 3-класстан жогорку коркунучтагы
калдыктар жаралат.
2. Коркунучтуулуктун II категориясындагы чарбалык жана башка иш-
мердиктин объекттерине төмөнкүдөй шарттардын бири же бир нечеси атка-
рылгандар кирет, алар:
1) жаралчу калдыктардын саны жылына 1000 т ашат, бирок айыл чарба
жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн 5 мињ т барабар, башкалары
үчүн 60 т ашат, бирок жылына 300 т аз же барабар;
2) өндүрүштүк иштин натыйжасында башкалар менен кошо 3-класстан
жогорку коркунучтагы калдыктар жаралат.
3. Коркунучтуулуктун III категориясындагы чарбалык жана башка иш-
мердиктин объекттерине төмөнкүдөй шарттардын бири же бир нечеси атка-
рылгандар кирет, алар:
1) жаралчу калдыктардын саны жылына 100 т ашат, бирок айыл чарба
жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн 1000 мињ т аз же барабар,
башкалары үчүн 10 т ашат, бирок жылына 60 т аз же барабар;
2) өндүрүштүк иштин натыйжасында башкалар менен кошо 4-класстан
төмөн коркунучтагы калдыктар жаралат.
5.1-таблица
Чарбалык жана башка ишмердиктин объекттери
коркунучтуулук категориясына жараша отчет
беришинин жана контролдоонун мезгилдүүлүгү
| № | Иштин түрү | Калдыктар боюнча коркунучтуулук | ||
| категориясы | ||||
| I | II | III | ||
| 1. | № 2 форма - уулуу калдыктар | + | - | - |
| формасы боюнча статистикалык | ||||
| отчет (жыл сайын) | ||||
| 2. | Калдыктарды азайтуу планы | + | + | - |
| (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 3. | Өндүрүштүн жана керектөөнүн | + | - | - |
| калдыктарын жайгаштыруу | ||||
| нормативдерин иштеп чыгуу | ||||
| (5 жылда 1 жолу) | ||||
| 4. | Ишти контролдоонун | |||
| мезгилдүүлүгү: | ||||
| жыл сайын | + | |||
| 3 жылда 1 жолу | + | |||
| 5 жылда 1 жолу | + |
6. Кабыл алынган кыскартуулар:
КК - чарбалык жана башка ишмердик субъектинин коркунучтуулук ка-
тегориясы;
ПДК - эњ чоњ жол берилчү концентрация;
ТБКД - таасирдин болжолдуу коркунучсуз дењгээли;
ОБЖ - заттын Монреаль протоколу менен жөнгө салынчу озонду бузуу
жөндөмү (Кыргыз Республикасынын 15.01.2000-ж. № 16 "Ратифи-
кациялоо жөнүндө" Мыйзамы);
ГЫП - БУУнун "Климаттын өзгөрүшү жөнүндө" Алкактык конвенциясы
менен жөнгө салынчу заттардын глобалдык ысуу потенциалы
(КР 14.01.2000-ж., № 11 Мыйзамы);
ПДВ - эњ чоњ жол берилчү чыгаруулардын тому;
ПДС - эњ чоњ жол берилчү чыгаруу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 902-IV ""Экологиялык коопсуздук жөнүндө" жалпы техникалык Регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын биринчи окууда…Постановление · 22.01.2009 · № 902-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 12-мартындагы № 1038-IV ""Кыргыз Республикасында Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.03.2009 · № 1038-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О присоединении Кыргызской Республики к Рамочной Конвенции ООН об изменении климата и Конвенции ЕЭК ООН по трансграничному загрязнению воздуха на большие расстоянияЗакон · 14.01.2000 · № 11
- О ратификации Венской конвенции об охране озонового слоя и Монреальского протокола по веществам, разрушающим озоновый слойЗакон · 15.01.2000 · № 16
- Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламентЗакон · 29.12.2008 · № 280 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон