14-берене. Техникалык тейлөөнү уюштуруу жана машиналар менен
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
жабдууларды оњдоо боюнча талаптар
1. Эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды техникалык
тейлөө жана оњдоо уюштурулушу же алар алмаштырылышы керек.
2. Техникалык тейлөөнүн көлөмү машиналарды жана жабдууларды экс-
плуатациялоонун коопсуздугун кармоо жана ушул техникалык регламентте,
атайын техникалык регламенттерде, эксплуатациялык документтерде карал-
ган алмашып туруучу жумуш шарттарынын чегине ылайыктоо муктаждыгы менен
аныкталышы керек.
3. Машиналардын жана жабдуулардын айрым түрлөрү үчүн оњдоонун мез-
гилдүүлүгү жана анын бардык түрлөрү, эгер башкасы атайын техникалык
регламентте каралбаса, долбоорлоочунун жана/же даярдоочунун эксплуата-
циялык документтерине ылайык белгиленет.
4. Долбоорлоочу жана/же даярдоочу тарабынан аныкталган тийиштүү
талаптарды эске алуу менен техникалык диагностоонун жыйынтыгы боюнча
машиналардын жана жабдуулардын абалына карата оњдоонун мезгилдүүлүгүн
өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.
5. Технологиялык комплекске тикелей байланыштуу машиналарды жана
жабдууларды оњдоо акыркыларды оњдоо менен бир убакта жүргүзүлөт.
6. Машиналарды жана жабдууларды конструкциялык өзгөртүү техникалык
регламенттерге, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык
документтерине ылайык белгиленген чекте жүргүзүлөт.
7. Оњдоодон кийин машиналарды, жабдууларды эксплуатацияга берүүдө
каралган жумуштардын бардыгынын аткарылышы, атайын техникалык регла-
ментте жана/же даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык до-
кументтеринде каралган оњдоонун отчеттук техникалык документтеринин бо-
луусу текшерилиши керек.
8. Оњдоодон кийин машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияга
берүү атайын техникалык регламенттин, даярдоочунун жана/же долбоорлоо-
чунун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо боюн-
ча жумуштарды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуучу уюштуруучулук жана
техникалык иш чаралар аткарылышы керек.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202496/st-14" title="14-берене - Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>