32-берене. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Ушул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн баштап алты
ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук акты-
ларын ушул Техникалык регламентке ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
"Машиналарды жана жабдууларды
коопсуз эксплуатациялоо жана
утилдештирүү жөнүндө" жалпы
Техникалык регламентке
тиркеме
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз
эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө"
жалпы Техникалык регламент тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу жайылтыла
турган машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
жана утилдештирүү процесстеринин
ТИЗМЕСИ
1. Пайдалуу кен байлыктарын казуу, кайра иштетүү жана байытуу боюн-
ча.
2. Мунай жана газ өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча.
3. Өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды чыгаруу боюнча.
4. Тамак-аш азыктары, анын ичинде суусундуктарды, тамекини чыгаруу
жана данды кайра иштетүү боюнча.
5. Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча.
6. Булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдарды жана бут кийимдерди
чыгаруу боюнча.
7. Жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды чыгаруу боюнча.
8. Целлюлоза-кагаз өндүрүшү, басмакана иши боюнча.
9. Мунайзаттарды өндүрүү боюнча.
10. Химия өндүрүшү боюнча.
11. Желим жана пластмасса буюмдарды чыгаруу боюнча.
12. Курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды, такта
айнек чыгаруу боюнча.
13. Металлургия өндүрүшү жана металлконструкцияларын чыгаруу боюн-
ча.
14. Машиналарды жана жабдууларды чыгаруу боюнча.
15. Электржабдууну, электрондук жана оптикалык жабдууну чыгаруу
боюнча.
16. Транспорт каражаттарын жана жабдууларды чыгаруу боюнча.
17. Электр, жылуулук энергиясын жана сууну өндүрүү боюнча.
18. Дыйкан (фермердик) чарбаларда айыл чарба продукциясын чыгаруу
боюнча.
19. Капиталдык курулушта.
20 Электр энергиясын, жылуулук энергиясын, газ түрүндөгү отунду
жана сууну бөлүштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
21. Соода кызматтарын көрсөтүүдө, анын ичинде мотор майын дүњүнөн
жана чекене сатууда.
22. Автомобилдерди жана тиричилик техникасын техникалык тейлөө жа-
на оњдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
23. Мейманканалардын, пансионаттардын, курорттук-ден соолукту
чыњдоочу башка мекемелердин, ресторандардын, кафелердин кызмат
көрсөтүүлөрүндө.
24. Жүргүнчүлөр жана жүк транспортунун, ошондой эле электр байла-
нышынын бардык түрлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүндө.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202496/st-32" title="32-берене - Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>