26-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмалары
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү төмөнкү ыкмалар менен
жүргүзүлөт:
1) башка арналышы боюнча пайдалануу;
2) жок кылуу, анын ичинде кайра иштетүү жолу менен;
3) көмүү.
2. Башка арналышы боюнча пайдалануу утилдештирүү ыкмасы болуп са-
налат, анда машиналар жана жабдуулар долбоорлоодогу жана даярдоодогу
максаттарда каралбаган башка максаттарда колдонуу дењгээлинде машина-
лардын жана жабдуулардын максаттарынын сапаттык өзгөрүшү жүрөт.
3. Машиналарды жана жабдууларды жок кылуу утилдештирүү ыкмасы бо-
луп саналат, анын жыйынтыгында жок кылынуучу машиналардын жана жабдуу-
лардын даярдоочу жана/же долбоорлоочу белгилеген бүтүндөй, ошондой эле
анын айрым түзүүчү бөлүктөрүнүн касиеттери жана белгилери сакталбастан
машиналар жана жабдуулар жок кылынат.
4. Машиналарды жана жабдууларды кайра иштетүү энергия же/жана чий-
кизат, же/жана материалдарды алуу менен машиналарды жана жабдууларды
жок кылуунун ыкмасы болуп саналат.
5. Машиналардын жана жабдуулардын айрым бөлүктөрүн, түйүндөрүн
көмүү, аларды башка максаттарда пайдалануу же жок кылуу, анын ичинде
кайра иштетүү жолу менен жок кылуу мүмкүн болбогондо жана/же максатка
ылайык келбеген учурда гана колдонулушу мүмкүн.
6. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмасы ушул Техника-
лык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген та-
лаптарды эсепке алуу менен тандалып алынат.
7. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинде пайда
болгон таштандылар жок кылынууга, анын ичинде кайра иштетилүүгө, ошон-
дой эле көмүлүүгө тийиш. Таштандылар айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштүн
жана керектөөнүн таштандыларын чыгаруу тармагындагы Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чыгарылат.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202496/st-26" title="26-берене - Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>