Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-сентябры № 183 Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү ижарага, берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык.
- Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы, 2 жана 2-1-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
3. 2018-жылдын 10-октябрынан тартып бул токтом күчүнө киргенге чейинки мезгилде колдонуу мөөнөттөрү аяктаган мамлекеттик мүлк боюнча ижара келишимдери тараптардын ортосунда үч жылдык мөөнөткө кайра түзүлүүгө тийиш, мында алар ижара келишиминде узартуу жөнүндө шарттардын камтылганына карабастан бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 65-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга жооп бериши керек, ушуну менен бирге ижарага алуучулар мамлекеттик мүлктү иш жүзүндө пайдаланууну улантышат жана төмөнкүлөргө ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде ижара акысын төлөшөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого.
4. Бул токтомдун 3-пунктуна ылайык кайра түзүлүүгө тийиш болгон ижара келишимдериндеги ижара акысы бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 67-пунктунда каралган тартипте аныктала тургандыгы белгиленсин.
41. Ушул токтомдун колдонулушу ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мезгилде “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик ишканага (филиалдарына) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү ижарага, ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүүгө жайылтылбайт. Аталган мамлекеттик ишканалар (филиалдар) мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик мүлк жана ижара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан, өз алдынча аларга бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага, ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесинин 10-пунктунун экинчи абзацы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту, 2-пунктунун 1-пунктчасы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 45 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (45)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу…Постановление · 18.08.2017 · № 507
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 341
- Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр…Положение · 14.11.2025 · № 10-1/317
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилди)Положение · 24.09.2021 · № 183
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 160-т (Имаратты жана жанаша жайгашкан аймакты билим берүү максатында пайдалануу үчүн өткөрүп берүү…Распоряжение · 05.04.2023 · № 160-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 404-т (Кытайдын Хэнань университетинин алдындагы Жибек Жолу институтуна жана Жусуп Баласагын атындагы…Распоряжение · 06.07.2023 · № 404-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 788-т "Убактылуу пайдалануу берүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 15.09.2025 · № 788-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майындагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2026 · № 374
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 256 Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту…Постановление · 20.05.2022 · № 256
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-августундагы № 416-р ("Казань улуттук технологиялык изилдөө университети" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык мамлекеттик бюджеттик…Распоряжение · 05.08.2022 · № 416-р
- Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 555-т «Мамлекеттик менчик объекттерин «МЕС Текстиль» мамлекеттик ишканасынан «МедВетСити+» инновациялык…Распоряжение · 23.07.2026 · № 555-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 289-т (Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 28.05.2024 · № 289-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 513-т (Имаратты убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 28.08.2024 · № 513-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги ("Бишкектеги Француз Альянсы" коомдук бирикмесине имарат берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 02.04.2026 · № 216-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-августундагы № 603-т (Мүлктүк комплексти акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 06.08.2026 · № 603-т
- ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 483-т "Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө"…Распоряжение · 26.06.2026 · № 483-т
- Бүргөндү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 2 "Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну У. Долотбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.10.2023 · № 2
- Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-мартындагы №5/3 "Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" токтому.Постановление · 17.03.2025 · № 5/3
- Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги №6/1 Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча аткарылган иштер жөнүндө токтомуПостановление · 16.04.2026 · № 6/1
45 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу…Постановление · 18.08.2017 · № 507
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 11.12.2019 · № 674
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик…Постановление · 18.12.2020 · № 620 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.