Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-декабры № 341 “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 48, 2023-жылдын 22-мартындагы № 148, 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181, 2023-жылдын 12-июлундагы № 353, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445, 2024-жылдын 27-февралындагы № 84, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 194, 2025-жылдын 14-августундагы № 495, 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өнөр жайды модернизациялоону жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциясынын номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом болгон 1 000 000,0 (бир миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен уставдык капиталында 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому (мындан ары – “Кыргызиндустрия” ААК) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштүн) мамлекеттик пакеттери “Кыргызиндустрия” ААКтын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилүүчү чарбалык коомдордун тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) “Кыргызиндустрия” ААКтын ишеним башкаруусуна өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин мамлекеттик ишканаларынын (филиалдарынын) тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргызиндустрия” ААКтын уюмдаштыруучусу жана жалгыз акционери болуп саналары;
2) 2-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн чарбалык коомдордогу акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылары;
3) ушул токтомдун 4-пунктуна ылайык түзүлүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мезгилинде “Кыргызиндустрия” ААКка төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилери:
– ээликтен ажыратуу жана күрөөгө берүү маселелерин кошпогондо, 2-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн чарбалык коомдордогу акционердин (катышуучунун);
– 3-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстер катары мамлекеттик ишканаларга (филиалдарга) карата мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик башкаруучу органдын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында “Кыргызиндустрия” ААКты жайгаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
2) чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин жана мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканаларды (филиалдарды) ушул токтомдун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык тизме боюнча “Кыргызиндустрия” ААКына ишенимдүү башкарууга өткөрүп берсин жана “Кыргызиндустрия” ААК менен тиешелүү келишим түзсүн;
21) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22) "Кыргызиндустрия" ААКтын уставын бекитсин;
23) "Кыргызиндустрия" ААКта белгиленген тартипте директорлор кеңешин түзүү боюнча чараларды көрсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84, 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) “Кыргызиндустрия” ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн
1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын издеп тапсын жана бөлүп берсин;
2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын даярдоодо ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражаттарды эске алсын.
51. "Кыргызиндустрия" ААК ушул токтомдун 2, 3-тиркемелерине ылайык тизмектер боюнча чарбалык коомдордун акцияларынын (үлүштөрүнүн) мамлекеттик пакеттеринин жана мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплекстеринин рыноктук наркын аныктоо үчүн өз каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте көз карандысыз баалоо жүргүзсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: “5. Ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мезгилде “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик ишканалар (филиалдар).”.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункту менен толукталсын:
“41. Ушул токтомдун колдонулушу ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мезгилде “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик ишканага (филиалдарына) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү ижарага, ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүүгө жайылтылбайт. Аталган мамлекеттик ишканалар (филиалдар) мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик мүлк жана ижара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан, өз алдынча аларга бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага, ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүүгө укуктуу.”.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштүн) мамлекеттик пакети “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү чарбалык коомдордун тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353, 2025-жылдын 14-августундагы № 495 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. “Дустлик” ачык акционердик коому (85,15 % акциялар).
3. “Ош-Дюбек” ачык акционердик коому (40,0 % акциялар).
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. “Кара-Кулжа автотранс” ачык акционердик коому (70,01 % акциялар).
6. “Минтеке ТТ” механикалаштырылган көчмө колонна” жоопкерчилиги чектелген коому (100,0 % үлүшү).
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 495 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
8. А. Масалиев атындагы “Беш-Буркан шахтасы” жоопкерчилиги чектелген коому (95,69 % үлүшү).
_______________________________________________________
3-тиркеме
“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын (филиалдарынын) – мүлктүк комплекстердин тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 48, 2023-жылдын 22-мартындагы № 148, 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181, 2023-жылдын 12-июлундагы № 353, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 194 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 48, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 194 токтомдорунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автотранспорттук-экспедициялык ишканасы” мамлекеттик ишканасы.
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик ишканалар жөнүндө " жобоПоложение · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо…Постановление · 04.09.2023 · № 445
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия"…Постановление · 06.02.2023 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 “Кыргызиндустрия”…Постановление · 12.07.2023 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2023 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик…Постановление · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон
- “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна)Устав · 24.12.2021 · № 341 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (14)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун мындан аркы ишинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2023 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо…Постановление · 04.09.2023 · № 445
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-августундагы № 495 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү маселелери…Постановление · 14.08.2025 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакетибар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун…Постановление · 18.04.2026 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 “Кыргызиндустрия”…Постановление · 12.07.2023 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия"…Постановление · 06.02.2023 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2023 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишин…Постановление · 27.02.2024 · № 84
14 ичинен 13 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.