Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-майы № 289-т Жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, эл аралык келишимдердин шарттарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 8, 11-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (мындан ары - АРИС) социалдык маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу мезгилинде жергиликтүү деңгээлдеги артыкчылыктуу социалдык жана экономикалык проблемаларды аныктоодо жана чечүүдө жергиликтүү коомчулуктарга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына техникалык, административдик жана финансылык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн жана эксплуатациялык чыгымдардан тышкары) убактылуу пайдаланууга берсин.
2. АРИС мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга АРИСтин облустук жана райондук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери ээлеген кызматтык жайлардын тиешелүү тизмегин берсин.
3. АРИСтин акысыз (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн жана эксплуатациялык чыгымдардан тышкары) убактылуу пайдаланууга берилген мамлекеттик кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугу тиешелүү мамлекеттик кыймылсыз мүлктү иш жүзүндө ээлеген учурдан тартып пайда болот деп аныкталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122