Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик менчик объекттерин «МЕС Текстиль» мамлекеттик ишканасынан «МедВетСити+» инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү борбору» ачык акционердик коомуна акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө» тескемесинин
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 23-июлу № 555-т
Өнөр жайды модернизациялоону камсыз кылуу, мамлекеттик менчик объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-статьясынын 3-бөлүгүнө, 225-статьясынын 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 «Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «МЕС Текстиль» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын өнөр жай зонасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «МЕС Текстиль» мамлекеттик ишканасына ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик менчиктин төмөнкү объекттерин «МедВетСити+» инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү борбору» ачык акционердик коомуна 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин:
– жалпы аянты 2 906,3 кв. м, идентификациялык коду 7-10-08-0052-0101-01-013 болгон дары формаларын өндүрүү боюнча цехти (турак эмес жайларды);
– жалпы аянты 7 175,5 кв. м, идентификациялык коддору 7-10-08-0052-0101-01-001, 7-10-08-0052-0101-01-002, 7-10-08-0052-0101-01-003, 7-10-08-0052-0101-01-012 жер тилкелеринде жайгашкан радиозаводду (өндүрүштүк жайды);
– жалпы аянты 55 401,8 кв. м, идентификациялык коду 7-10-08-0052-0239 жер тилкеси менен мүлктүк комплексти (бастырманы);
– жалпы аянты 7 135,0 кв. м, идентификациялык коду 7-10-08-0052-0224 болгон жер тилкесин;
– жалпы аянты 2 742,1 кв. м, идентификациялык коду 7-10-08-0052-0101-01-014 болгон имаратты.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «МЕС Текстиль» мамлекеттик ишканасынын директоруна «МедВетСити+» инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү борбору» ачык акционердик коому менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик менчик объекттерин акысыз убактылуу пайдалануу келишимине төмөнкү шарттарда кол коюуга ыйгарым укук берилсин:
– көрсөтүлгөн келишимдин шарттары талаптагыдай аткарылган шартта келишимди кийин узартуу мүмкүнчүлүгү;
– өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик менчик объекттеринин бардык коммуналдык кызматтарынын акысын, күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн төлөө боюнча милдеттенме;
– өздүк жана тартылган каражаттардын эсебинен жаңы өндүрүш объекттерин куруу, технологиялык паркты уюштуруу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик менчик объекттерин реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча милдеттенме;
– чектеш аймакты көрктөндүүрү жана өнүктүрүү боюнча милдеттенме;
– жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында физикалык жана моралдык жактан эскирген имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте демонтаждоо (зарыл болгон учурда) укугу;
– акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген мамлекеттик менчик объекттерин, ошондой эле жаңыдан түзүлүп жаткан объекттерди максаттуу пайдалануу боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн келишимди бир тараптуу тартипте мөөнөтүнөн мурда бузуу укугу.
3. «МедВетСити+» инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү борбору» ачык акционердик коомуна мамлекеттик менчик объекттерин эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15