Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин тууралуу буйругу менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 10-1/317 буйругу менен бекитилген тиркеме
Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына системалуу каттоону жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Системалуу каттоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына болгон укуктарды толук жана ишенимдүү каттоону камсыз кылуу;
– суу ресурстарын эффективдүү башкаруу үчүн бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү;
– каттоо укуктарын ишке ашыруу процессиндеги тоскоолдуктарды жоюу;
– суу чарба курулмаларынын реестринин негизинде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 257-беренесине ылайык ээси жок кыймылсыз мүлктөрдү белгиленген тартипте арыздын негизинде ээси жок мүлктү каттоо реестринде эсепке алуу.
3. Системалуу каттоого алынуучу суу чарба курулмалары Кыргыз Республикасына таандык мамлекеттик менчиктеги объекттер кирет.
4. Системалуу каттоого алынуучу суу чарба курулмалары Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар жана башка суу фондунун объекттеринде жайгашкан курулмалар эсептелинет.
5. Системалуу каттоого алынуучу объектиге тиешелүү укукту аныктоочу документтер жок болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге, системалык каттоо объектисин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оперативдик башкаруу же чарбалык жүргүзүү укугуна берүү тууралуу чечим кабыл алат.
Бул учурда суу реестри боюнча маалыматтар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтар, негиз катары колдонулат.
2-глава. Системалуу каттоону жүргүзүү тартиби
6. Системалуу каттоо төмөнкү этаптарда жүргүзүлөт:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесинин негизинде түзүлгөн каттоого алынуучу объекттердин реестрин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан жергиликтүү каттоо органга өткөрүп берүүсү;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары системалык каттоо жүргүзүү мезгилинде өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында укукту аныктоочу документтери болбогон системалык каттоо объекттерине карата кабыл алынган чечимдери, райондук суу чарба башкармаларынын же суу чарба башкы башкармалыктарынын арыздарынын негизинде каттоого кабыл алынуусу;
– ошол эле учурда укук аныктоочу документтери бар, бирок мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн суу чарба курулмаларын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, райондук суу чарба башкармаларынын же суу чарба башкы башкармалыктарынын арыздарынын негизинде, укук аныктоочу документтерди каттоого кабыл алуу.
Жергиликтүү каттоо органы кабыл алынган арыздын негизинде:
– кыймылсыз мүлк объекттеринин чек араларын аныктоо (тиешелүү өткөрүп алуу актылардын, жер тилкелеринин пландарынын негизинде), идентификациялык коддорду ыйгаруу;
– кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо жана укуктар тууралуу мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү.
Кыймылсыз мүлк объекттерине идентификациялык код берүү, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аларга байланыштуу чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо, бирдиктүү мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана укук ээлерине мамлекеттик реестрден көчүрмөлөрдү берүү, кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3-глава. Суу объекттерин каттоонун өзгөчөлүктөрү
7. Үчүнчү жактардын суу объектилерин колдонуу укуктары (суу пайдалануу) Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык берилген жоболор, келишимдер же башка документтердин негизинде катталат.
Суу объектилеринин коргоочу аймактары жана тилкелери Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген суу объекттеринин коргоочу аймактары жана тилкелери тууралуу Жобонун талаптарына ылайык катталат.
4-глава. Каржылоо
8. Системалуу каттоону каржылоо суу ресурстарын башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
5-глава. Жыйынтыктоочу жоболор
9. Системалык каттоодон өткөрүлгөн суу чарба курулмаларына укук күбөлөндүрүүчү документти милдеттүү түрдө алуу шарты талап кылынбайт. Суу ресурстарын башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын, аны аймактык бөлүмдөрүнүн арыздарынын негизинде бул документтер кийин берилиши мүмкүн.
10. Системалуу каттоо учурунда чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
11. Ушул Жобо системалуу каттоо бүткөнгө чейин, тактап айтканда 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т (Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 19.08.2025 · № 712-т
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.1995 · № 271
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 10-1/317 "…Приказ · 14.11.2025 · № 10-1/317
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 7-июлундагы № 10-1/159 "Кыргыз…Приказ · 07.07.2025 · № 10-1/159
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген)Положение · 07.07.1995 · № 271
- Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 24.09.2021 · № 183