Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 26-июну № 483-т
Автотранспорт каражатын кийин өткөрүп берүү менен мамлекеттик менчикке жүгүртүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 4-пунктуна, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин автотранспорт каражатын акысыз негизде өткөрүп берүү ниети жөнүндө арызынын негизинде белгиленген тартипте 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JTFSX23P806127981, кыймылдаткычынын көлөмү - 2694 см3, күмүш түстөгү Toyota Hiace маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын, наркын баалоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны баалоону жүргүзсүн жана аны максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52