КР Министрлер Кабинетинин «Убактылуу пайдалануу берүү жөнүндө» тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 15-сентябры № 788-т
“Чүй облусунун жаш майыптар коому” коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте “Чүй облусунун жаш майыптар коому” коомдук бирикмесине Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көчөсү, 124 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 150,0 кв. м турак эмес жертөлө жайын акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шарттарында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялоо чыгымдарын төлөө менен ээликтен ажыратуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү укугусуз беш жылга чейин мөөнөткө берсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 389-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 198-б буйругу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 389-б " Убактылуу пайдалануу берүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 07.09.2017 · № 389-б · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 198-б (Чуй облусунун Жаш майыптар союзу” коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 01.06.2020 · № 198-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 389-б " Убактылуу пайдалануу берүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 07.09.2017 · № 389-б · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 198-б (Чуй облусунун Жаш майыптар союзу” коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 01.06.2020 · № 198-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.