Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун мындан аркы ишинин маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 22-марты № 148 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун мындан аркы ишинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181, 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Иштебей токтоп калган ишканалардын ишин жакшыртуу, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү жайгаштыруу үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлк объекттерин кийин пролонгациялоо укугу менен белгиленген тартипте "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. "Кыргызиндустрия" ААК ушул токтомдун 2, 3-тиркемелерине ылайык тизмектер боюнча чарбалык коомдордун акцияларынын (үлүштөрүнүн) мамлекеттик пакеттеринин жана мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплекстеринин рыноктук наркын аныктоо үчүн өз каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте көз карандысыз баалоо жүргүзсүн.";
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишеним башкаруусуна өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин мамлекеттик ишканаларынын (филиалдарынын) тизмегинде:
- 3, 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- (абзац 3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац 4 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181, 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 341
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 507 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик…Постановление · 09.09.2022 · № 507
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2023 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишин…Постановление · 27.02.2024 · № 84
- “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна)Устав · 24.12.2021 · № 341 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 04.04.23 ж. №181 токтомуПостановление · 04.04.2023 · № 181
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2023 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишин…Постановление · 27.02.2024 · № 84
- “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна)Устав · 24.12.2021 · № 341 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.