Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 сентября 2021 года № 183 "О вопросах, регламентирующих порядок предоставления государственного имущества в аренду, хозяйственное ведение, оперативное управление, безвозмездное временное пользование"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-09-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-июну № 374 Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573, 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик имараттарды, курулмаларды жана жайларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтом күчүнө киргенге чейин түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишиминин колдонулушу белгиленген мөөнөттүн аягына чейин улантылат. Ошондой келишимдерде башкалар каралбаса, мындай келишимдер боюнча ижара акысына кайра эсептөө жүргүзүү талап кылынбайт;
2) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдарды, мекемелерди же ишканаларды, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган, башка мамлекеттик уюмдун чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик имаратка (жайларга) жайгаштыруу коммуналдык тейлөө кызматтарына төлөмдөрдөн жана ошол имаратты (жайды) күтүү боюнча пайдалануу чыгымдарынан башка, кайтарымсыз негизде жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн өлчөмү жана мамлекеттик имаратка (жайларга) мамлекеттик органды, мекемелерди же ишканаларды жайгаштыруунун башка шарттары алардын, ошол имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминде белгиленет. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик имарат (жай) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, төмөнкү учурларда кайтарымсыз негизде убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн экендиги белгиленсин:
1) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык жактан маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге, ошондой эле 2010-жылдын 7-8-апрелиндеги окуяларга активдүү катышкан коомдук бирикмелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында;
2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарын аткаруу максатында.
Мамлекеттик имаратты (жайды) кайтарымсыз негизде убактылуу пайдаланууга алган жак, аталган имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик уюмга коммуналдык тейлөө кызматтарынын жана аны күтүү боюнча пайдалануу чыгымдарынын наркын төлөп берет. Аталган төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, мамлекеттик имаратты (жайды) кайтарымсыз негизде убактылуу пайдалануунун башка шарттары жогоруда аталган жактын ошол имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминде белгиленет. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573, 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 263 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды кабыл алышсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 20 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (20)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын" УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 токтому менен бекитилген)Устав · 23.06.2017 · № 405
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 362-б ("Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга имарат…Распоряжение · 26.09.2019 · № 362-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 129-б "Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максаттарын аткаруу жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 04.05.2021 · № 129-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 11-б ("Айыл банк" ачык акционердик коомуна имаратты берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.01.2018 · № 11-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 40-б "Балдардын билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын…Распоряжение · 10.02.2020 · № 40-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 48-б "Социалдык маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруучу "Жакшы адамдардын дүйнөсү" Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду"…Распоряжение · 05.03.2021 · № 48-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 32-б (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү…Распоряжение · 01.03.2019
- КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б ( "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында…Распоряжение · 29.03.2017 · № 91-р
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2012 · № 104
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 токтомуна)Устав · 25.12.2020 · № 627 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 85-б (Имараттарды пайдаланууга укук берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.03.2017 · № 85-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б (Мамлекеттик имараттар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 03.06.2019 · № 184-р · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 мая 2011 года №263 "О вопросах аренды государственного имущества"Постановление · 30.05.2011 · № 263 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 183 токтомуПостановление · 24.09.2021 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-февралындагы № 115 токтомуПостановление · 27.02.2020 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби…Постановление · 27.02.2020 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 08.11.2016 · № 573 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби…Постановление · 16.01.2018 · № 25 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2012 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 мая 2011 года №263 "О вопросах аренды государственного имущества"Постановление · 30.05.2011 · № 263 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу…Постановление · 18.08.2017 · № 507
- "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 18.08.2017 · № 507 · Күчүн жоготкон