Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Бишкектеги Француз Альянсы» коомдук бирикмесине имарат берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-апрели № 216-т
Социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 «Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктунун 1-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети» мекемесинин балансында турган Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 547 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 97,3 кв. м, идентификациялык коду 1-01-03-0012-0755-01 жайды келишим түзүү шарты менен «Бишкектеги Француз Альянсы» коомдук бирикмесине 3 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана бул имаратты (жайды) күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөөнү кошпогондо) берсин.
2. «Бишкектеги Француз Альянсы» коомдук бирикмесине белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жайды келишим түзүү шарты менен 3 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жайды маданий-билим берүү максаттарында гана пайдалануу;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилүүчү жайды күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;
4) акысыз убактылуу пайдалануу келишими боюнча өзүнүн укуктарын башка жактарга өткөрүп бербөө жана өткөрүп берилген мүлктү келишимде көрсөтүлгөндөн айырмаланган максаттарда пайдаланбоо;
5) ушул пункт менен каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик мүлктү субижарага бербөө;
6) ижара келишими боюнча өзүнүн укуктарын башка жактарга бербөө, күрөөгө койбоо, милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун башка түрлөрүнө өткөрүп бербөө, аларды юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизбөө, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлккө башка түрдө күч келтирбөө.
3. «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети» мекемесине ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183