Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 19/III-29
Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген 4-бер. 14-пунктун аткаруу, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине ылайык Кант шаарынын мэриясынын 30.01.2025-жылдагы №1/3 катынын негизинде Кант шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарында 2025-2027-жылдары колдонууга берилүүчү турак жайларга жана имараттарга салыктын чени 1 чарчы метрине 40 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарынын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага
М.Бейшебаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123