Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январы № 15/IV-29
Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө “Салык жана салык чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу салык ставкаларын бекитүү боюнча Ысык-Ата району боюнча мамлекеттик салык кызматынын 008/73 21.01.2025-жылдагы каты сессияда каралып,Кыргыз Республикасынын “КР Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379, 380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагында 2025-2027-жылдарга салыктык мезгилде колдонуу үчүн турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкалары 1 чарчы метрге 16,83 сом өлчөмүндө бекитилсин:
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнө калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана турак жай имараттарына жана жайларына салыктарды чогултууда аткарууга кабыл алынсын.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Дж.Маванкуй
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3