Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-октябры № 570 Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесин ишке ашыруу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргоону камсыздоо, товарларды эсепке алынбаган/контрабандалык ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү (мындан ары - Маркалануучу товарлардын тизмеги) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүчү экономикалык иш субъекттери төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат деп белгиленсин:
- бул токтом менен бекитилген Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташып келинүүчү, сатылуучу, милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларга маркалоо каражаттарын түшүрөт;
- Маркалануучу товарлардын тизмегинде көрсөтүлгөн маркаланбаган товарларды сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөтү келип жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган товарларды жүгүртөт.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору менен бирдикте:
- товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүдө, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо/ташып келүүдө аларга милдеттүү маркалоону киргизүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- Маркалануучу товарлардын тизмегиндеги товардык топторду кеңейтүүнү эске алуу менен Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат системасын системалык негизде жеткире иштеп чыксын;
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүнү, импорттоону/ташып келүүнү жүзөгө ашырган экономикалык иш субъекттеринин арасында түшүндүрүү жана маалыматтык ишти системалык негизде жүргүзсүн.
4. Ыйгарым укуктуу салык органы эки жумалык мөөнөттө бул токтомдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды маркалоонун методикалык эрежелерин бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Маркалануучу товарлардын тизмегине киргизилүүчү өзгөртүүлөргө ылайык маркалоого тийиш болгон айрым товардык позициялар боюнча 9 белгинин деңгээлиндеги Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификаторунун (мындан ары - ПМСК) жана 10 белгинин деңгээлиндеги ЕАЭБ ТЭИ ТН (2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген) коддорун шайкеш келтирүүгө туруктуу негизде көмөк көрсөтүү сунушталсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү
№
Товарлардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
ПМСК коду*
Маркалоо киргизүү мөөнөттөрү
Маркаланбаган товарларды сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөттөрү
1
Арак
220860
11.01.10.630
11.01.10.850
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
2
Ликер-арак ичимдиктери
220830
220870
220890
11.01.10.300
11.01.10.810
11.01.10.820
11.01.10.830
11.01.10.840
11.01.10.890
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
3
Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар
220840
220850
11.01.10.400
11.01.10.500
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
4
Шараптар
220410 жана 220430дан тышкары, 2204, 2205, 2206,
11.02.12.110
11.02.12.170
11.02.12.200
11.02.12.300
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
5
Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары)
2208201200- 2208202900, 2208206200-
2208208900
11.01.10.220
11.01.10.230
11.01.10.290
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
6
Шуулдама шараптар, шампанды кошкондо
2204
2205
2206
11.02.11.300
11.02.11.900
11.04.10.000
11.03.10.100
11.03.10.200
11.03.10.300
11.03.10.400
11.03.10.500
11.03.10.600
11.03.10.700
11.03.10.900
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
7
Алкоголу аз ичимдиктер
220890
11.01.10.650
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
8
Тамекилер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула)
2402, 2404
12.00.11.500
12.00.11.700
12.00.19.990
2021-жылдын 1-июлунан тартып
2022-жылдын 1-январынан тартып
ПМСК коду* - бул сап маркалоочу товардын карточкасын түзүүдө жана маркалоочу товарлардын каталогуна киргизүүдө ишкердик субъекттердин ишинин ыңгайлуулугу үчүн маалыматтык мүнөзгө ээ.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна)Положение · 18.10.2022 · № 570
- КР Өкмөтүнүн токтому 2020-жылдын 2-октябры № 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым…Постановление · 02.10.2020 · № 514
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик…Постановление · 21.04.2021 · № 159
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2019 · № 554 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.09.2019 · № 470 · Күчүн жоготкон
- Бажы органы тарабынан авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок кылуу жана кайтарылгыс жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же)…Порядок · 13.02.2020 · № 79 · Күчүнө кире элек
- МСКнын 2022-жылдын 28-октябрындагы №423 "Кыргыз Республикасынын аймагында “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз) жана ысытылган тамекиси бар буюмдар” товарлар тобу үчүн…Приказ · 28.10.2022 · № 423
- МСКнын 2022-жылдын 28-октябрындагы №422 "Кыргыз Республикасынын аймагында “Алкоголдук продукция” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык…Приказ · 28.10.2022 · № 422
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым…Постановление · 31.03.2021 · № 123 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине…Постановление · 17.07.2020 · № 388 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бажылык жөнгө…Постановление · 29.06.2026 · № 444 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Өкмөтүнүн токтому 2020-жылдын 2-октябры № 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым…Постановление · 02.10.2020 · № 514
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик…Постановление · 21.04.2021 · № 159
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2019 · № 554 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.09.2019 · № 470 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине…Постановление · 17.07.2020 · № 388 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым…Постановление · 31.03.2021 · № 123 · Күчүн жоготкон