Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 10 - марты №79»Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-марты № 79
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун
өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык, каржылоо булактарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө
статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-
сына жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-мартындагы
№ 79 токтомуна
тиркеме
"Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын
борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык "Бишкек шаарынын - Кыргыз Рес-
публикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын борбору жөнүндө өзүнчө мыйзамдык акт кабыл
алуу зарылдыгы шексиз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
3-статьясынын 3-пунктуна жана 6-статьясынын 2-пунктуна ылайык Бишкек
шаары Кыргыз Республикасынын борбору, республикалык маанидеги шаар бо-
луп эсептелет, анын статусу мыйзам менен аныкталууга тийиш.
Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бул дол-
боор боюнча сунуш-пикирлер бар, алар төмөндө айтылат.
1. Мыйзамдын долбоорунда финансылык-экономикалык эсептөөлөр, жүр-
гүзүлгөн илимий жана атайын (мыйзамдык, финансылык-экономикалык ж.б.)
экспертизалардын актылары, статистикалык маалыматтар, кабыл алынган ак-
тынын аракетинин мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, юридикалык жа-
на башка натыйжаларынын божомолу жана долбоордун жоболорун негиздөө
үчүн керектүү башка маалыматтар берилген эмес. Бул талап "Кыргыз Рес-
публикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамынын 31-статьясына ылайык зарыл.
2. Мыйзамдын долбоорунун аталышында жана кириш сөзүндө "өзгөчө"
деген сөздү алып салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын
Конституциясында борбор шаардын өзгөчө статусун жөнгө салуучу Мыйзам
кабыл алуу зарылдыгы айтылган эмес.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-статьясында "Кыргыз Республикасынын
борборунун статусу - Бишкек шаарынын шаардык бийликти жана өз алдынча
башкарууну, шаардын мамлекеттик бийликтин органдары менен мамилесин
уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн шарттачу укуктук абалы..." каралган.
Сүйлөмдүн мындай контекстинде "шаардык бийлик" деген термин мамле-
кеттик органдардыбы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынбы,
кайсынысын билдирери түшүнүксүз. Эгер каралып жаткан статьянын экинчи
сүйлөмүнө жана мыйзам долбоорунун 9-статьясына таянсак, "шаардык бий-
лик" деп шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түшүнүү ке-
рек.
Ушуга байланыштуу "шаардык бийликти жана өз алдынча башкарууну"
деген сөздөрдү "шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" де-
ген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, шаар менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара
мамилесин караштырган норманын тууралыгына көњүл бурабыз.
Ага байланыштуу "шаардын жана мамлекеттик бийлик органдары менен"
деген сөздөрдү "шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
мамлекеттик органдар менен" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Бүткүл текст боюнча "мамлекеттик бийлик органдары" жана "шаардык
бийлик" деген сөздөрдү тиешесине жараша "мамлекеттик органдар" жана
"шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө ал-
маштыруу керек.
4. Мыйзам долбоорунун 3-статьясында бул Мыйзамдын нормалары башка
мыйзамдык актылардын нормаларына каршы келсе ушул Мыйзамдын нормалары
жарактуу болот деп белгиленген.
Башка мыйзамдык актыларга караганда артыкчылыктуу күчкө Кыргыз
Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинде ратификацияланган эл аралык келишимдер ээ экенин белгилеп коюу
зарыл.
Каралып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын борбору жана
республикалык маанидеги шаар катары Бишкек шаарынын статусун белгилөөгө
жана Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өз-
гөчөлүктөрүн жөнгө салууга арналганын эске алып 3-статьяны алып салууну
сунуш кылабыз.
5. Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкаруу системасы бар бирдик-
түү унитардык мамлекет экенин жана Кыргыз Республикасынын символдору
(герб, туу жана гимн) администрациялык-аймактык бөлүнүшүнө карабастан
бирдей экенин эске алып, мыйзам долбоорунун 4-статьясында нормаларды
белгилөө зарылдыгына көњүлдү бурабыз.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-статьясын эске алуу
менен мыйзам долбоорунун 5-статьясынын текстин төмөнкүдөй редакцияда
берүүнү сунуш кылабыз:
"Бишкек шаарынын аймагы администрациялык-аймактык бирдиктер жөнүн-
дө мыйзамга ылайык кабыл алынуучу мыйзамда аныктала турган чектерден
куралат.".
7. Мыйзам долбоорунун 6-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын эл
аралык келишимдери" деген сөздөрдү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 12-статьясына ылайык "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана
мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана
макулдашуулар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
8. 7-статьядагы "негизги" деген сөз алып салынсын, "жөнгө салуучу"
деген сөздөр "аныктоочу" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. Мыйзам долбоорунун 6-статьясында шаар жамаатына аныктама берил-
гендиктен 10-статьянын биринчи абзацындагы "калкы" деген сөздү "жамаа-
ты" деген сөзгө алмаштырууну сунуш кылабыз.
10. Мыйзам долбоорунун жоболорунда шаардын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу системасына ыйгарым укуктарды берүү менен "Өкмөт" деген инсти-
туттун иштеши каралган.
Бирок бул Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мазмунуна жана
табиятына), ошондой эле мамлекеттин унитардык түзүлүш маселесин жөнгө
салуучу эл аралык мыйзамдарга каршы келерин айтмакчыбыз.
Анын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-статьясын-
да жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түзүүчү органдардын жана
кызмат адамдарынын толук тизмеси каралган. Конституциянын башка жоболо-
рунда, ошондой эле мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ага
баш ийген органдар менен кошо мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
каралган.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун жоболорун Кыргыз Республика-
сынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келтирүүнү сунуш кыла-
быз.
Ушул эле себеп боюнча мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "ат-
каруучу-тескөөчү бийлик" деген сөздөрдү "аткаруучу-тескөөчү орган" де-
ген сөздөргө алмаштырууну, ал эми округдарды (аймактык округдарды),
алардын башкаруу органдарын уюштуруунун, алардын жетекчи курамдарын тү-
зүүнүн маселелерин жөнгө салуучу жоболорду алып салууну сунуш кылабыз.
11. Мыйзам долбоорунун 11-статьясынын экинчи бөлүгүн төмөнкүдөй
редакцияда баяндоо ылайыктуу болот деп эсептейбиз:
"Эгер каралчу маселелердин мүнөзү жабык жыйын өткөрүүнү талап кыл-
баса, шаардык кењештин сессиялары ачык өткөрүлөт.".
12. 12-статьяда:
- үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы алып салынсын, анткени админист-
рациялык-аймактык бирдиктер мыйзам менен аныкталат, же бул абзац төмөн-
күдөй редакцияда баяндалышы керек:
"- мэрдин сунушу боюнча мэриянын райондук администрацияларына баш
ийген подразделениелерди түзөт жана жоет";" - үчүнчү бөлүгүнүн сегизин-
чи абзацы "салык мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- тексттеги "стратегиялары жана" деген сөздөр Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясынын 95-статьясынын 3-пунктуна ылайык алып салынсын;
- ошондой эле шаардык кењештин ыйгарым укуктарында Бишкек шаардык
жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мэр ыйгаруучу сыйлыктарын уюшту-
рууну караштыруу зарыл деп эсептейбиз.
13. Мыйзам долбоорунун 16 жана 18-статьяларынын жоболорун бирикти-
рүүнү же бири-бири менен байланыштырууну сунуш кылабыз. Мында "чакырып
алынган", "бошотулган" деген терминдердин ордуна бир терминди пайдала-
нууну сунуш кылабыз. 18-статьянын экинчи абзацы шайлоо укугунун жалпы
принциптерине каршы келүүчү катары алып салынсын.
14. Мыйзам долбоорунун 22-статьясында:
- шаар мэринин ыйгарым укуктары, анын ичинде соттордон, прокурор-
лордон, улуттук коопсуздук органынын жетекчилеринен башка мамлекеттик
органдардын аймактык подразделениелеринин жетекчилерин дайындоо жана
бошотуу боюнча ыйгарым укуктары белгиленет.
Бирок "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекет-
тик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статья-
сынын жоболорун эске алып, кадрларды координациялоонун жана дайындоонун
колдонулуп жаткан тартибин сактоону максатка ылайык деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын 1-статьясынын 10-пунктуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык
кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктайт. Ушуга байланыштуу
шаар мэринин шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын кыз-
маткерлерине эмгек акынын өлчөмүн көбөйтүү жагында ыйгарым укуктарын
кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу.
15. 23-статьянын биринчи бөлүгүнө төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:
үчүнчү абзацты "шаардык кењештин сессиясынын депутаттардын жалпы
санынын добуштарынын үчтөн эки көпчүлүгүнүн макулдугу менен" деген сөз-
дөр менен толуктоону;
сегизинчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"- чет мамлекеттин жарандыгын алган же Кыргыз Республикасынын жа-
рандыгынан чыккан учурда;".
16. Ушул корутундунун 2-пунктунда айтылган негиздер боюнча мыйзам
долбоорунун 25-статьясын муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана
жүгүртүү жагында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдына башкаруу
жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык принциптери жөнүндө", "Кыр-
гыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүн-
дө" мыйзамдарына ылайык келтирүү максатка ылайык деп эсептейбиз. Мындан
тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчтү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды
жана жарандыгы жок, экономикалык иш жүргүзүүчү жана ишкердик кылуучу
адамдарды ишке тартуучу юридикалык жана жеке жактар үчүн уруксат доку-
менттерди берүүнү шаардын мэриясынын ыйгарым укуктарынан чыгарууну су-
нуш кылабыз, анткени "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 14 жана 27-статьяларына ылайык мындай функциялар миграция
боюнча ыйгарым укуктуу органга тапшырылган.
17. Мыйзам долбоорунун 33-статьясынын биринчи бөлүгү Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кењешүү
боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка
дайындайт жана бошотот деп айтылган 5-пунктчасына каршы келет.
18. Мыйзам долбоорунун 35-статьясында:
- долбоордун 35-статьясынын бешинчи абзацын алып салууну сунуш кы-
лабыз, анткени ал мыйзам долбоорунун 22-статьясынын биринчи бөлүгүнүн
бешинчи абзацынын жоболорун кайталайт;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 69 жана 70-стать-
яларына ылайык камкордукка алуучу же көзөмөл кылгандар балдардын укук-
тарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистешкен структу-
ралык подразделение болгон жана райондук мамлекеттик администрациянын
же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын алдында
түзүлгөн Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан дайында-
лат. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 35-статьясын алып салууну су-
нуш кылабыз.
19. 39-статьянын экинчи абзацы "пайдалангандык үчүн" деген
сөздөрдөн кийин "муниципалдык" деген сөз менен толукталсын, анткени
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шаарга мамлекеттик эмес, муниципалдык
менчикти пайдалангандык боюнча гана чыгымдарды компенсациялашы мүмкүн.
20. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасы унитардык мамлекет, администрациялык-аймактык бир-
дик менен республиканын (Бишкек шаары менен Кыргыз Республикасынын) ор-
тосундагы мамиле федерациялык республикага тиешелүү, ошондуктан
39-статьянын үчүнчү абзацын, 40-статьянын бешинчи абзацын жана
41-статьяны алып салууну сунуш кылабыз.
21. 43-статьянын экинчи бөлүгүнүн онунчу абзацын тактоо максатында
төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган ишканалардын ишинен алынган ки-
решелер.".
22. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принципте-
ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык "Кыр-
гыз Республикасынын бюджетке жана финансыга тиешелүү нормативдик укук-
тук актылары ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Мыйзамына
жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарына
ылайык келүүгө тийиш.". Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 42 жана
43-статьяларын Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги прин-
циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык
келтирүү зарыл деп эсептейбиз.
23. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принципте-
ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясында автомобил-
дик жолдорду пайдалангандык үчүн салык, автотранспорт каражаттарды кат-
тагандык жана кайра каттагандык үчүн жыйым, айлана-чөйрөнү булгагандык
үчүн акы (таштандылар, төгүүлөр жана калдыктарды жайгаштыргандык үчүн
акылар менен кошо) республикалык бюджеттин кирешеси болот деп айтылган.
Ошондой болсо да, мыйзам долбоорунун 44-статьясында жол фондунун
булактары деп жогоруда айтылган салыктар менен жыйымдарды да белгилөө
сунушталган, ал эми 47-статьяда айлана-чөйрөнү булгагандык жана тиричи-
ликтик катуу таштандыларды жайгаштыргандык үчүн акы экологиялык фонддун
булагы болот деп белгиленген.
24. 46-статьяда турак жай-коммуналдык фондду түзүүнүн булагы болуп
урбанизация үчүн жыйым аныкталган. Кыргыз Республикасынын Салык кодек-
синде мындай жыйым аныкталбагандыктан, бул кодекстин 205-статьясына
ылайык, Салык кодексинде каралбаган жергиликтүү салыктарды жана жыйым-
дарды киргизүүгө жол берилбегендиктен, долбоордун аталган статьясынын
экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацын алып салууну сунуш кылабыз.
25. Мыйзам долбоорунун 49-статьясында "билим берүү жана саламаттык
сактоо" деген сөздөрдү "билим берүү, маданият, искусство жана саламат-
тык сактоо, ошондой эле тарыхый мааниге ээ муниципалдык менчик объект-
тери" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
26. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-статьясына ылайык
жер жана башка жаратылыштык ресурстар менчиктин жеке, муниципалдык жана
башка формаларында болушу мүмкүн экендигин эске алып, ошондой эле жер
жөнүндө мыйзамдардын нормаларын бирдей түрдө колдонуу максатында Мыйзам
долбоорунун 51 жана 52-статьяларын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине
ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
27. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-статьясында Кыргыз
Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарын же жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала кабарлоо шарты менен саясий
чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттер-
ди тынч жана куралсыз өткөрүү укугуна ээ экендиги айтылган. Аларды
өткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат. Ушуга байла-
ныштуу мыйзам долбоорунун 59-статьясынын экинчи абзацын алып салууну
сунуш кылабыз.
28. Берилген Мыйзам долбоору боюнча жалпысынан финансылык-экономи-
калык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын бөлүш-
түрүү жагындагы маселелерди, Мыйзам кабыл алынса республикалык бюджет-
тин чыгымдары канча болоорун негиздөө жеткиликсиз экенин белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун берилген негиздемесинде жергиликтүү бюджеттин
дүњ салмагынын кирешелердин жалпы көлөмүнө карата динамикасында кийинки
жылдарда (2002-2007-жж.) төмөндөө тенденциясы белгиленген. Салык кызма-
тындагы болгон маалыматтар боюнча ушул көрсөтүлгөн мезгилде Бишкек шаа-
рынын жергиликтүү бюджети боюнча алынган салыктардын суммасы жыл сайын,
943,0 млн. сомдон 2275,7 млн. сомго өскөн.
Бюджет түзүүчү ишканалардын көбү Бишкек шаарында катталганын, де-
мек алар салыктардын жана жыйымдардын негизги суммасын шаардык бюджетке
төгөөрүн эске алуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын
бардык региондорунун керектөөлөрүн каржылашы зарыл жана Бишкек шаарын
каржылоого көбүрөөк өлчөмдү бөлүү башка региондордун каржыланышына терс
таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-статья-
сына ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган жергилик-
түү салыктар жана жыйымдар жана жер салыгы түз эле жергиликтүү бюджетке
түшөт. Ушул нормага жараша, ошондой эле жакын арада жањы Салык кодексин
кабыл алуу белгиленип жатканын эске алып, салык маселесин Бишкек шаары-
нын статусун жөнгө салуучу мыйзамдык актыга бекитүүнү максатка ылайык-
сыз деп эсептейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндөЗакон · 21.09.2001 · № 83 · Күчүн жоготкон