Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-октябры № 473 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15 октябрындагы № 473 токтому менен жактырылган
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 52-пунктуна ылайык айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанууда беренелердеги бөлүктөрдү, пункттарды жана тамга менен белгиленген пунктчаларды өзгөртүүгө жол берилбейт. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун биринчи абзацындагы “26-28” деген цифраларды “30-32” деген цифраларга жана тиешелүү түрдө экинчи-төртүнчү абзацтарындагы пункттардын номерлерин алмаштырууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 13-апрелиндеги №39 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгү 27-29-пунктчалар менен толукталган. Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүн дагы алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунда товарлардын жаңы категориялары азырынча жетишээрлик изилдене электигине жана Кыргыз Республикасынын базарларына аз берилгенине байланыштуу, ошондой эле салыктык мониторинг жүргүзүү максаты үчүн ысытылуучу тамекиси бар буюмдарга жана никотин камтыган суюктуктарга акциздик салыктын нөлдүк ставкасын колдонуу менен эки жыл - жеңилдетилген мезгил (2019-жылдан 2020-жылды кошо алганда) караштырылган. Ошону менен бирге жеңилдетилген мезгилди алып салууну жана 2019-жылдан тартып аталган продукцияны акциздик салыктык ставкасын 2022-жылга чейин жыл сайын 250 сомго жогорулатуу менен 500 сом өлчөмүндө белгилөө максатка ылайыктуу болот деп эсептейбиз.
Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык белгиленген базалык ставканын чегинде акциздик салыктын колдонуудагы ставкасына ыкчам өзгөртүү киргизүү зарылдыгы болгон учурларда мүмкүнчүлүк берүү максаттарында электрондук сигареттерде колдонуу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде никотиндүү суюктуктарга 10 сом өлчөмүндө акциздик салыктын базалык ставкасын белгилөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Ушуларга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: “3. 287-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи саптар менен толукталсын: “
Ысытылуучу тамеки буюмдары (ысытылуучу тамеки таякчалары, тамекиси бар ысытылуучу капсула жана ысытуу менен колдонулуучу башка тамеки буюмдары): 2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2022-жылдын 1-январынан тартып
2403
тамеки аралашмасы килограмм
500 сом
750 сом
1000 сом
1250 сом
Электрондук сигареттерде колдонуу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде никотиндүү суюктук 2019-жылдын 1-январынан тартып
3824
миллилитр
10 сом
Ысытылуучу тамеки буюмдарын жана никотиндүү суюктуктарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу максатында ысытылуучу тамеки буюмдарын жана никотиндүү суюктуктарды акциз маркалары менен маркалоону сунуштайбыз. Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз: “4. 295-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “2 жана 3” деген сөздөр “2, 3, 41 жана 42” деген сөздөргө алмаштырылсын”. Мыйзам долбооруна карата даярдалган жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын талаптарына жооп бербей тургандыгын билдиребиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдойт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
- Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 13.04.2018 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому…Методика · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон