Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси» Кодекси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ 2017-жылдын 13-апрели № 58 (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген)
(КР 2018-жылдын 4-августундагы № 85, 2018-жылдын 10-ноябрындагы № 94, 2019-жылдын 15-февралындагы № 25, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 28-февралындагы № 21, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 88, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2020-жылдын 14-августунда № 129, 2020-жылдын 14-августундагы № 130, 2020-жылдын 14-августундагы № 131, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 , 2021-жылдын 15-январындагы № 5, 2021-жылдын 10-мартындагы № 30, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 48, 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88, 2021-жылдын 4-августундагы № 90, 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бузуулар жөнүндө мыйзамдар
1. Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Кодекстен турат.
2. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге негизденет.
2-берене. Ушул Кодекстин милдеттери
1. Инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук жактан камсыз кылуу ушул Кодекстин милдеттери болуп саналат.
2. Көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ушул Кодексте бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик принциптери жана негиздери белгиленет, кайсы жосундар бузуулар болуп эсептелери аныкталат жана аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрү белгиленет.
2-глава. Бузуулар жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу
3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу
1. Бузууну жасаган жак, аны жасоо убагында колдонууда болгон ушул Кодекстин жоболорунда аныкталган негизде жана тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
2. Бузуу жасаган адамдын жоопкерчилигин аныктоочу же күчөтүүчү же башкача түрдө укуктук абалын начарлатуучу ушул Кодекстин жоболору кийинкиге колдонулбайт.
3. Бузуу жасаган адамдын жоопкерчилигин жокко чыгаруучу же жеңилдетүүчү же укуктук абалын башкача түрдө жакшыртуучу ушул Кодекстин жоболору буга чейинки аракеттерге колдонулат.
4. Ушул Кодекс менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда дал келбөөчүлүктөр келип чыккан учурда, ушул Кодекстин тиешелүү жоболору колдонулат.
4-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу
1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
2. Эгерде бузуу Кыргыз Республикасынын аймагында башталса, аяктаса же ага бөгөт коюлса, бузуу анын аймагында жасалды деп таанылат.
5-берене. Ушул Кодекстин адамдардын чөйрөсү боюнча колдонулушу
1. Бузууну жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык иммунитетке ээ болгон башка адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында бузуулар жасалган учурда, алардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.
3-глава. Бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптери
6-берене. Бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптери
1. Бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчилик мыйзамдуулук, мыйзам алдында теңдик, күнөөсүздүк презумпциясы, бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушу, адилеттүүлүк, жаза чараны жекелештирүү, гумандуулук принциптерине негизденет.
2. Бузгандыгы үчүн бузуунун жоопкерчилик принциптерин сактабоо, алардын мүнөзүнө жараша далилдерге жол бербестикти же кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну таануу үчүн негиз болуп саналат.
7-берене. Мыйзамдуулук принциби
1. Бузуу, жаза чарасы жана аларды жасагандыгы үчүн кошумча укуктук кесепеттер ушул Кодексте аныкталат.
2. Адамдар мыйзамдын негизинде гана белгиленген, ушул Кодексте каралган эрежелерди, талаптарды, режимдерди, лимиттерди, тартиптерди, нормативдерди, ченемдерди, стандарттарды, технологияларды, мөөнөттөрдү, чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
3. Бузуулар жөнүндө мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонууга тыюу салынат.
4. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын негизинде жана чектеринде жүзөгө ашырылат.
8-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби
1. Бузуу жасаган жеке адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, динге ишенүүсүнө, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
2. Бузуу жасаган юридикалык жактар мыйзам алдында тең жана менчигинин формасына, турган жерине, уюштуруучулук-укуктук түрүнө, баш ийүүсүнө жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
3. Жеке жана юридикалык жактар үчүн жаза чаралардын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү белгиленген ушул Кодекстин жоболорунда мыйзам алдында теңдик принциби бузулбайт.
9-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы Адамдын бузууну жасаган фактысы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленмейинче, ал бузууну жасоодо күнөөсүз деп эсептелет жана ага карата жаза чарасы колдонулушу мүмкүн эмес.
10-берене. Бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болуу принциби
1. Бузуу жасаган ар бир адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Ушул Кодексте каралган учурларда жана негиздерде гана жаза чарасын колдонуудан бошотууга жол берилет.
11-берене. Адилеттүүлүк принциби
1. Ушул Кодекстин негизинде адамга карата колдонулуучу жаза чарасы жасалган бузуунун мүнөзүнө жана аны жасоо жагдайларына ылайык келүүгө тийиш.
2. Бир эле бузуу үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.
12-берене. Жаза чараны жекелештирүү принциби Ыйгарым укуктуу орган келтирилген зыяндын түрүн жана өлчөмүн, жазаны жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алууга жана өз чечиминде тандап алынган жаза чарасын жүйөлөштүрүүгө милдеттүү.
13-берене. Гумандуулук принциби
1. Ушул Кодекстин негизинде жеке жакка карата колдонулуучу жаза чарасы адамдын дене-боюн жабыркатуу жана ар-намысын кемсинтүү максатын көздөбөйт.
2. Ушул Кодекстин негизинде юридикалык жакка карата колдонулуучу жаза чарасы анын ишкердик беделине зыян келтирүү максатын көздөбөйт.
II БӨЛҮМ. БУЗУУ
4-глава. Бузуу түшүнүгү. Бузуу субъектиси жана анын күнөөсү
14-берене. Бузуу түшүнүгү жана анын субъектиси
1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган коомдук башкаруу тартибине каршы жеке же юридикалык, жактар тарабынан жасалган укукка каршы, күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик) бузуу деп таанылат.
2. Эгерде бул жосундар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, ушул Кодексте каралган бузуулар үчүн жоопкерчилик келип чыгат.
3. Жеке жана юридикалык жактар бузуу субъекттери болуп саналат,
15-берене
15-берене. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке жактар
1. Бузуу жасаган учурда он алты жаш курагына толгон жеке жактар (жаран, чет өлкөлүк адам, жарандыгы жок адам) бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатат.
2. Алкоголду, баңги зат, психотроптук каражаттарды же башка маң заттарын колдонуунун айынан же көңүл коюуну жана реакциянын тездигин төмөндөтүүчү медициналык дары-дармектердин таасиринен улам мас абалындагы адам тарабынан бузууларды жасоосу, аны ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликтен бошотпойт.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу юридикалык жактар Юридикалык жак жана чет өлкөлүк юридикалык жак, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан анын өкүлчүлүгү, юридикалык жак статусу жок филиалы бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
17-берене. Жеке жактардын күнөөсү Бузуу жасаган жеке жак, эгерде ал жосунунун (аракетинин же аракетсиздигинин) укукка каршы экендигин аңдап-сезсе же аңдап-сезе алса жана аңдап-сезүүгө тийиш болсо, күнөөлүү деп таанылат.
18-берене. Юридикалык жактардын күнөөсү Бузуу жасаган юридикалык жак, эгерде жеке жак менен эмгек мамилелери болсо же келишим боюнча юридикалык жактын кызыкчылыктары үчүн белгилүү бир аракеттерди аткаруучу жеке жак өз жосунунун (аракетинин же аракетсиздигинин) укукка каршы экендигин аңдап-сезсе же аңдап-сезе алса жана аңдап-сезүүгө тийиш болсо, күнөөлүү деп таанылат.
5-глава. Адамдын күнөөлүүлүгүн жана бузуунун укукка каршы экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар
19-берене. Жактын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар
1. Өнөкөт психикалык оорунун, убактылуу акылынан адашуунун, акыл-эсинин кемдигинин же психикасынын башка оорулуу абалынын айынан өз кыймыл-аракетин (аракетсиздигин) аңдап-сезе жана башкара албаган адамдын укукка каршы жосун жасашы жеке адамдын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар катары таанылат. Мындай адамга карата психиатриялык жардам жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулат.
2. Аны менен эмгек мамилелери болгон жеке адамдын же келишим боюнча юридикалык жактын кызыкчылыктарында белгилүү бир аракеттерди аткарган жеке адамдын эркинен жана ан-сезиминен көз каранды болбогон себептердин айынан укукка каршы жосун жасоо юридикалык жактын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар деп таанылат.
20-берене. Бузуунун укукка жат экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар Өтө зарылдык (аргасыздык), кара күч менен же психикалык мажбурлоо, мыйзамдуу буйрукту же тескемени аткаруу - бузуунун укукка жат экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар болуп саналат.
21-берене. Өтө зарылдык Эгерде кооптуулукту бул жагдайларда башка каражаттар аркылуу четтетүүгө мүмкүн болбосо жана эгерде келтирилген зыян болтурбай койгондон олуттуу болбосо, башкача айтканда, инсандын укуктарына жана эркиндиктерине, юридикалык жактардын кызыкчылыктарына, коомдук тартипке, менчикке, башкаруунун белгиленген тартибине кооптуулук туудурган коркунучтарды четтетүү үчүн өтө зарылдык болгондо укук коргоо кызыкчылыктарына зыян келтирүү бузуу болуп саналбайт.
22-берене. Кара күч же психика аркылуу мажбурлоо
1. Түздөн-түз кара күч аркылуу мажбурлоонун таасири астында болуп, адамдын өз жүрүм-турумун башкара албагандын айынан жасалып, укук коргоо кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдын жосуну бузуу болуп саналбайт.
2. Мындай кара күч аркылуу мажбурлоонун таасири астында болгон менен ал өз аракеттерин (аракетсиздигин) башкаруу мүмкүнчүлүгүн сактап калганда, же болбосо психикалык мажбурлоонун таасири астында жасалган, укук коргоо кызыкчылыктарына келтирилген зыяндар үчүн адамдын жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 21-беренесинин жоболоруна ылайык чечилет.
23-берене. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимдерин аткаруу
1. Адамдын укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирген жосуну, эгерде ал кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимин (буйрук, тескеме, токтом) аткаруу максатында жасалса, бузуу болуп саналбайт.
2. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын чечимдери, эгерде алар тиешелүү жак же коллегиялуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана анын ыйгарым укуктарынын чектеринде берилсе жана өзүнүн маңызы боюнча мыйзамга карама-каршы келбесе жана адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузуу менен байланышпаса, мыйзамдуу болуп саналат.
3. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамсыз чечимин аткаруудан баш тартуусу бузуу болуп саналбайт.
4. Жак мыйзамсыз чечимди аткаргандыгы үчүн бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган менен бирдей жоопкерчилик тартат.
5. Эгерде адам кабыл алынган чечимдин мыйзамсыз мүнөзүн аңдап-түшүнбөгөн болсо жана аңдап-түшүнө албаса, анда бузуу үчүн жоопкерчиликти бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган гана тартат.
III БӨЛҮМ. БУЗУУНУН УКУКТУК КЕСЕПЕТТЕРИ
6-глава. Жаза чаралары
24-берене. Жаза чарасы түшүнүгү жана анын максаттары
1. Жаза чарасы бузуу жасагандыгы үчүн мамлекет тарабынан колдонулуучу таасир этүүчү чара болуп саналат.
2. Жеке адамга карата жаза чарасы укук тартибин калыбына келтирүү жана адамды Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын сактоонун рухунда тарбиялоо, ошондой эле жеке адамдын өзү сыяктуу эле, башка адамдар тарабынан да жаңы бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.
3. Жаза чарасы юридикалык жакка карата укук тартибин калыбына келтирүү жана юридикалык жактын өзү сыяктуу эле, башка жактар тарабынан да жаңы бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.
25-берене. Жаза чарасынын түрлөрү Бузууларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
1) эскертүү;
2) айып пул.
26-берене. Эскертүү Эскертүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазуу жүзүндө чыгарылат жана келечекте буга окшогон бузууларга жол бербөө максатын көздөйт. Эскертүү, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген бузууларды жасаганда колдонулушу мүмкүн.
27-берене
27-берене. Айып пул
1. Айып пул акчалай жаза чарасы болуп саналат, бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте салынат.
2. Айып пул эсептик көрсөткүчтөр менен эсептелет.
3. Айып пул өлчөмү боюнча төмөнкүдөй сегиз категорияга бөлүнөт:
119-120-1, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главада каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат. 217-берененин 3-бөлүгүндө, 242-берененин 2-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат.
1) 1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүч;
2) 2 категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 130 эсептик көрсөткүч;
3) 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 170 эсептик көрсөткүч;
4) 4-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 230 эсептик көрсөткүч;
5) 5-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 280 эсептик көрсөткүч;
6) 6-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 350 эсептик көрсөткүч;
7) 7-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 150 эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактар үчүн - 450 эсептик көрсөткүч;
8) 8-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 550 эсептик көрсөткүч.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 14-августунда № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-глава. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери
28-берене
28-берене. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары
1. Жаңы бузууларды жасоону болтурбоого же айып пулду төлөөнү камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп саналат.
2. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) туум;
2) мүлктү алып коюу;
3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;
4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү.
3. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери бузуу категорияларына карабастан колдонулат жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.
4. Мүлктү алып коюу формасындагы бузуунун кошумча укуктук кесепети жеке адам тарабынан бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн болгон куракка чыкканга чейин жосун жасалган учурларда да колдонулат.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене
29-берене. Туум
1. Төлөөнүн мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айып пулдун суммасынан 1 пайызга барабар өлчөмдө пайыздарда эсептелген акчалай төлөм туум болуп саналат.
2. Туумдун эң чоң өлчөмү бузуучуга карата колдонулган айып пулдун өлчөмүнөн ашпайт.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене
30-берене. Мүлктү алып коюу
1. Мүлктү алып коюу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде төмөнкүдөй буюмдарды жана башка заттарды мажбурлап алып коюудан турат:
1) бузуу жасалган каражатты (куралды);
2) мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан бузуу предметин;
3) бузуу жасоонун натыйжасында алынган.
2. Жүгүртүүгө тыюу салынган же аларды жүгүртүү чектелген буюмдардан жана заттардан, ошондой эле жасалган бузуунун натыйжасында алынган, ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жок кылынууга, же болбосо тиешелүү уюмдарга алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон буюмдарды жана заттарды кошпогондо, алынып коюлган буюмдар же башка заттар бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ээсине кайра берилүүгө тийиш.
3. Эгерде алынып коюлган предметтер бузуу жасоонун каражаты (куралы) болуп саналса, бузуучуга таандык болсо, анда аларды конфискациялоо жөнүндө маселе сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене
31-берене. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу
1. Мажбурлап эвакуациялоо транспорт каражатын бузуу жасалган жерден же жол транспорт кырсыгы болгон жерден атайын унаа токтотуучу жайга которуп, мажбурлап алып барууда турат.
2. Дөңгөлөктөрдү блокировкалоо Жол кыймылынын эрежелери, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартиби, Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартиби транспорт каражатын айдоочу тарабынан бузулган учурда, транспорт каражатынын кыймылдоо (дөңгөлөктөрдүн айлануу) мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу техникалык каражаттарды транспорт каражатына мажбурлап орнотуудан турат. Шаймандардын башка түрлөрү рулдук башкарууну жана газдын педалын блокировкалоо үчүн (мотоцикл, трицикл, квадроцикл жана башка мототранспорт үчүн) колдонулат.
3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээсине транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабар берилет. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу жөнүндө бузуу тууралуу протоколдо тиешелүү белги коюлат.
4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого жана аны сактоо боюнча чыгымдардын ордун бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат.
5. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, атайын унаа токтотуучу жайга алып баруу, аны сактоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
311-берене
311-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү
1. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү - бул бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу.
2. Жеке жактар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкү учурларда четтетилет:
1) эгерде транспорт каражатын башкарган адамда транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүк, тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жок болсо;
2) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жараксыз айдоочулук күбөлүктү алып жүрсө;
3) эгерде транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде эгерде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо же болбосо башка транспорт каражатына берилген (жалган) болсо;
4) эгерде транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келбесе;
5) эгерде транспорт каражатын мас абалдагы адам башкарып баратса жана бул медициналык күбөлөндүрүүнүн, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн натыйжалары менен ырасталса же болбосо бул адам күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса;
6) эгерде транспорт каражатына жабдууларды орнотуу же аны кайра жабдуу ченемдик талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын ичинде, эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп сигналдуу) сигнализация же жаркылдап туруучу жарык сигнал менен жабдылса, же болбосо айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин сактабаса;
8) ушул Кодекстин 19-главасында каралган бузуулар болгон учурда ушул Кодекстин 342-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген айып пулдарды төлөө мөөнөтү бузулса.
3. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү мындай четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу ишке ашырылат.
4. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан бузуу жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылат, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган учурда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү кошумча укуктук чара колдонуу жөнүндө токтом чыгарылат.
5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттары менен каралган учурларда транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн атайын (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-глава. Жаза чараларын колдонуунун жана аларды дайындоодон бошотуунун жалпы эрежелери
32-берене. Жаза чараларын колдонуу Жаза чараларын колдонууда жасалган бузуунун мүнөзү, келтирилген зыяндын өлчөмү, жаза чараларын жеңилдетүүчү, же болбосо оордотуучу жагдайлар, ал эми жеке жакка карата бузуучунун ким экендиги да эске алынат.
33-берене. Жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдайлар
1. Зыяндардын ордун ыктыярдуу толтуруу же келтирилген зыянды жоюу жеке жана юридикалык жактардын жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанылат.
2. Ошондой эле жеке адамдардын жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:
1) жашы жете элек адам тарабынан бузуунун жасалышы;
2) кош бойлуу абалдагы аял тарабынан бузуунун жасалышы;
3) бузуу жасалгандан кийин жабырлануучуга түздөн-түз медициналык же башка жардам көрсөтүлүшү.
34-берене
34-берене. Жаза чарасын оордотуучу жагдайлар
1. Жеке жана юридикалык жактардын жаза чарасын оордотуучу жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:
1) ыйгарым укуктуу органдын токтот деген талабына карабастан, укукка жат жүрүм-турумду улантуу;
2) адамдардын тобу тарабынан, башкача айтканда, алардын өз ара алдын ала сүйлөшүп алгандыгына карабастан, эки же андан көп адам тарабынан биргелешип бузууларды жасоо;
3) согуштук же өзгөчө абал шарттарында же болбосо коомдук кырсыктардын шарттарында бузууларды жасоо.
2. Алкоголдук мас абалында же болбосо баңгизат, психотроптук же башка маң кылуучу каражаттарды колдонуудан келип чыккан абалда адамдын бузуу жасоосу да жеке адамдардын жаза чарасын оордотуучу жагдайлар деп таанылат.
3. Бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу ишти кароочу ыйгарым укуктуу орган ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайды оордотуучу деп тааныбашы мүмкүн.
Эскертүү. Ушул Кодексте коомдук кырсык деп адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал таанылат. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Бир нече бузууларды жасаганда жаза чараларын колдонуу Бир эле адам тарабынан эки же андан ашык бузуулар жасалган учурда жаза чарасы ар бир бузуу үчүн өзүнчө колдонулат.
36-берене. Жаза чарасын колдонуунун эскириши
1. Айып пул түрүндөгү жаза чарасы бузуу жасалган күндөн тартып алты айдын ичинде, ал эми бузуу улантыла берсе, бузуу табылган күндөн тартып алты айдын ичинде колдонулушу мүмкүн.
2. Эгерде бузуу жасаган адам ыйгарым укуктуу органдан качса, ошол качып жүргөн бүтүндөй убакытта эскирүү мезгилинин өтүшү токтотула турат. Адам табылган күндөн тартып эскирүүнүн мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Мында туум ушул Кодекстин 29-беренесине ылайык эсептелет.
3. Эскертүү түрүндөгү жаза чарасы бузуу табылган учурларда, ал жасалгандан кийин жана жасалган жеринде түздөн-түз колдонулушу мүмкүн.
37-берене. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу учуру Жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып жак бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды деп эсептелет.
38-берене. Зыяндын ордун толтуруу
1. Бузуу жасаган жана жоопкерчиликке тартылуучу жак келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
2. Бузуу жасаган жак келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруудан качкан учурда, анын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү тартибинде жүзөгө ашырылат.
39-берене. Жаза чарасын жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонуудан бошотуу Жаза чарасы жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепет төмөнкү учурларда колдонулбайт:
1) жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөтү аяктаганда;
2) бузуу жасаган адам каза болгондо;
3) бузуу жасаган юридикалык жак мыйзамда каралган учурларда жоюлганда;
4) жеке жактын бузуу жасалгандан кийин өз аракетин (аракетсиздигин) аңдап-сезүү жана өзүн-өзү башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу психикалык оору менен ооруп калышы.
9-глава. Бузууларды жана аларды жасаган жактарды каттоо
40-берене
40-берене. Бузууларды жасаган жактарды каттоо
1. Бузууларды жасаган жактарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, жакка карата колдонулган жаза чарасы жөнүндө маалыматтын болушу, анын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын чектөө үчүн негиз болушу мүмкүн.
(КР 2018-жылдын 10-ноябрындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-берене
41-берене. Бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2018-жылдын 10-ноябрындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
IV БӨЛҮМ
ЖАРАНДАРДЫН ШАЙЛОО УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ, САЛАМАТТЫК САКТОО, ЭМГЕК, АДЕП-АХЛАК, МАДАНИЙ МУРАС ЖАНА АБАТТАШТЫРУУНУ ТҮЗҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР
10-глава. Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 42 - 422, 43-48-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 42-3-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене
42-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу Шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, депутаттыкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
421-берене
421-берене. Шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоо Жеке жана юридикалык жактардын шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо комиссиясына бербөөсү, ошого тете шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шайлоо комиссиясынын чечимдерин жана талаптарын аткарбоосу, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
422-берене
422-берене. Шайлоочунун билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү Шайлоочунун шайлоо дарегин өзгөрткөндүгү жөнүндө билип туруп анык эмес маалыматтарды шайлоо комиссиясына берүүсү, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
423-берене
423-берене. Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу Сатып алуучунун же алардын атынан чыккан адамдардын пайдасына активдүү шайлоо укугун ишке ашыргандыгы үчүн шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) жеке өзү, же болбосо ортомчу аркылуу акчалай каражаттарды жана (же) материалдык баалуулуктарды алуусу, - 1-категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет. Эскертүү. Ушул беренеде каралган аракеттерди жасаган адам, эгерде шайлоону жана референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу Депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкер болуп катталган талапкерге, талапкердин ишенимдүү адамына, же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө катышуу үчүн мыйзамда каралган өргүүнү берүүдөн администрациянын (иш берүүчүнүн) баш тартуусу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
44-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу
1. Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
45-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу Депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысын же кадыр-баркын жаманатты кылган маалыматтарды билип туруп таратуу, - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
46-берене. Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы Шайлоо дайындалгандан тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейинки мезгил ичинде талапкердин, саясий партиянын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы, - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
47-берене. Тоголок үгүт материалдарын таратуу Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, же болбосо референдум мезгилинде алардын чыгарылышы үчүн жооптуу уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүттүк басма сөз материалдарын, же болбосо чет өлкөдө даярдалган материалдарды таратуу, - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
48-берене
48-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу Имараттарда, курулмаларда же башка объекттерде илинген укма-көрмө материалдарды, депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин портретин, анын өмүр таржымалы бар плакатты, же болбосо башка үгүт материалдарын билип туруп жок кылуу же болбосо бузуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Үгүт материалдары имараттын, курулманын же башка объекттин менчик ээсинин (ээсинин) макулдугу жок илинсе, ал ушул берене боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.
11-глава. Саламаттык сактоо жана эмгек чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 49 - 50 жана 54-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 52, 53, 571-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 55-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми ушул Кодекстин 55-беренесинин 3-бөлүгүндө каралгандар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
5. Ушул Кодекстин 56 жана 57-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
49-берене. Донордук канды жүгүртүү тартибин бузуу Донордук канды, анын компоненттерин же препараттарын жүгүртүү тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
491-берене
491-берене. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режиминин мезгилинде дарыларды жогорулатылган баалар боюнча сатуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
50-берене. Элдик медицина (дарылоо) менен алектенүү тартибин бузуу Элдик медицина менен алектенүү (дарылоо) тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
51-берене. Милдеттүү медициналык кароо эрежелерин бузуу Кызматкерлерди милдеттүү түрдө медициналык кароодо эрежелерин бузуу же милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөн адамдын иштешине жол берүү, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
52-берене. Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу Калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелеринин талаптарын бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
53-берене
53-берене. Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу Тамеки заттарын тыюу салынган жерлерде чегүү, коомдук жерлерде жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуу (түкүрүү, чимкирүү, чемичке чагуу жана башка ушундай аракеттер) - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде адамдын аракеттери гигиена эрежелерин сактоо жана бет аарчыны, салфетканы, башка каражатты же урнаны пайдалануу менен жасалса, ал жоопкерчиликке тартылбайт. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
54-берене. Калкты тамеки заттарынын зыяндуу таасиринен коргоо эрежелерин бузуу Тамеки тарткандар үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жай бөлүп берүү эрежелерин, тамеки заттарын тартуу жайлары жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматты жайгаштыруу же мындай жайды жабдуу тууралуу талаптарды бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
55-берене. Тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузуу
1. Тамеки заттарын мыйзамда каралган медициналык эскертүүсү же маалымат берүүчү жазуусу жок сатуу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Зыяндуу заттардын жол берилген деңгээлдеринен ашуусу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу менен тамеки заттарын сатуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Жашы жете электерге тамеки заттарын сатуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
56-берене. Радиациялык кырсыктарды жоюуга тартуу эрежелерин бузуу Радиациялык кырсыктарды же алардын кесепеттерин жоюуга жактардын айрым категорияларын тартуу эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
57-берене. Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу
1. Сунуш кылынган иш медициналык корутундуга ылайык анын ден соолугу үчүн зыяндуу болуп саналган адам менен эмгек келишимин түзүү, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Өзүнчө категориядагы адамдарды түнкү, ченемден ашык иштерге, же дем алыш күндөрдө ишке тартуу эрежелерин бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Өзүнчө категориядагы адамдарды оор иштерге, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттары бар иштерге тартуу эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
571-берене
571-берене. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Кыргыз Республикасында эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу
1. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Кыргыз Республикасында эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Чек арага танапташ эмгекчи-мигрант тарабынан Кыргыз Республикасында эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-глава
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 58 жана 60-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 59-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
58-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорду өндүрүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
59-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды же аларга окшош түрлөрүн жок кылуу тартибин бузуу Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшош түрлөрүн жок кылуу тартибин бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
60-берене
60-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды түгөлдөө тартибин бузуу Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн түгөлдөө тартибин бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
13-глава
Адеп-ахлакты жана тарыхый-маданий мурасты коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы тил жөнүндө мыйзамдарды бузуулар Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 61-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 62-65-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 65-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
(КР 2018-жылдын 4-августундагы № 85, 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
61-берене. Ата-энелик милдеттерден качуу
1. Ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, ал он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келиши, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ага-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, он алтыдан он сегиз жаш чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жоопкерчилиги каралган жоруктардын белгилерин камтыган жосундардын жасоосуна алып келиши -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, он төрттөн он сегиз жаш чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жоопкерчилиги каралган жоруктардын белгилерин камтыган жосундардын жасоосуна алып келиши -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
62-берене. Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, пайдалануу жана кайтаруу талаптарын бузуу
1. Тарыхый-маданий мурас объектилерин, алардын аймактарын жана коргоо зоналарын сактоо, пайдалануу жана кайтаруу талаптарын бузуу, ошого тете анын күтүү режимин сактабоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын өзгөчө баалуу объекттерине, алардын аймактарындагы тарыхый-маданий мурас объекттерине, мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий коруктардын (корук-музейлердин) аймактарындагы, ошого тете аларды кайтаруу зоналарындагы объекттерге карата жасалган жосундар -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, тарыхый-маданий мурастар табылган объекттерге карата же алардын аймагында жасалган жосундар -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
63-берене. Тарыхый-маданий мурас объекттерин кайтаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксаты жок иш жүргүзүү Эгерде мындай уруксат милдеттүү түрдө болсо, тарыхый-маданий мурас объекттерин кайтаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксаты жок жер казуу, курулуш, мелиоративдик, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүү, - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
64-берене. Археологиялык чалгындоолорду же казууларды уруксатсыз жүргүзүү
1. Белгиленген тартипте алынган уруксаты жок же болбосо уруксатта каралган шарттарды бузуу менен археологиялык чалгындоо же казуу иштерин жүргүзүү, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктын айынан археологиялык мурас объектин бузууга же жок кылууга алып келген жосундар, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
65-берене
65-берене. Тарыхый-маданий баалуулуктарды жашырып коюу Археологиялык талаа иштеринин натыйжасында табылган тарыхый-маданий баалуулуктарды (антропогендик, антропологиялык, палеозоологиялык, палеоботаникалык жана тарыхый-маданий баалуулукка ээ башка объекттерди кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Музей фондуна туруктуу сактоого өткөрүп берүүдөн качуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
65-1-берене. Тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу
1. Тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфографиялык эрежелер) ылайык келбеген көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды юридикалык жана жеке жактардын имараттарында жайгаштыруу, -
эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган иш-аракеттер эскертүү жаза-чарасы колдонулгандан кийин бир айдын ичинде оңдолбосо же алты айдын ичинде кайталанып жасалса, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. "Шаардагы, айылдагы калктуу конуштарда тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфография эрежелер) ылайык келбеген сырткы жарнактарды жайгаштыруу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2018-жылдын 4-августундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-глава. Абатташтырууну кайтаруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 66-71 жана 77-79-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 72-76-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
66-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин санитардык күтүү эрежелерин бузуу Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин: жертөлөлөрдү, жарым жертөлөлөрдү, кургатуучу жайларды, чатырларынын алдын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерди, үй алдындагы аймактарды санитардык жактан күтүү эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
67-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин өзүм билемдик менен пайдалануу Квартира ээлеринин биргелешкен менчиги болуп саналган көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлк элементтерин: жертөлөлөрдү, жарым жер төлөөлөрдү, кургатуучу жайларды, чатырларынын алдын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерин, инженердик жабдууларын, үй алдындагы аймактарын өзүм билемдик менен пайдалануу, - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
68-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жай мүнөзүндөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн аларды соода орундары катары пайдалануу, анын ичинде мейманкана катары, ошондой эле туруктуу жашоодон тышкары ар кандай башка максаттарда пайдалануу, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
69-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттерди аткарбоо Менчик ээлери тарабынан көп квартиралуу үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттердин жана турак жай мыйзамдарынан келип чыгуучу башка талаптардын бузулушу, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
70-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу Калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
71-берене
71-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө
1. Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
72-берене. Суу түтүгүнүн, канализациянын жана борбордук жылытуу тутумунун инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу Тиешелүү кызматтар менен макулдашпастан, квартиралардын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн, канализациянын жана борбордук жылытуу тутумунун инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
73-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу Суу түтүгүнүн, канализациялык жана жылуулук люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерди жөнгө салуу, пломбаларын жулуу - жылуулук берүү, суу менен жабдуу тутумунун кадимкидей иштешин бузууга алып келсе, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
74-берене. Жашыл бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугаруу Жашыл бак-дарактарды суу түтүгүнөн ичүүчү суу менен сугаруу - эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
75-берене. Суу түтүгүнө же башка тарамдарга өзүм билемдик менен кошулуу Суу түтүгүнө, канализациялык же жылуулук берүү тарамдарына өзүм билемдик менен кошулуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
76-берене. Жылытуу системасынан ысык сууну (жылуулук булагын) өзүм билемдик менен алуу Ысык сууну борбордук жылуулук берүү тутумунан (жылуулук булагынан, радиатордон) чарбалык жана жеке муктаждыктарга өзүм билемдик менен алуу - 1 -категориядагы айып пул салууга алып келет.
77-берене. Жүргүнчү ташуучу лифтти пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Жүргүнчү ташуучу лифтти пайдалануу эрежелерин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Лифт жабдууларын бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
78-берене. Көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу Көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу - эскертүүгө же 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
79-берене. Иттерди жана мышыктарды багуу эрежелерин бузуу Иттерди жана мышыктарды багуу эрежелерин бузуу - эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
80-берене
80-берене. Темир жол транспортунда тазалык эрежелерин сактабоо Поезддин вагонунан таштандыларды же башка буюмдарды ыргытуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
V БӨЛҮМ
КООМДУК ТАРТИПТИ, КООМДУК КООПСУЗДУКТУ, ӨНДҮРҮШТҮН ЖАНА КУРУЛУШТУН КООПСУЗДУГУН, ТРАНСПОРТТУН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР
15-глава
Коомдук тартипти камсыз кылуу, курал-жаракты, башка кооптуу предметтерди жана заттарды колдонуу, ошондой эле коомдук жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 81-86 жана 89-91-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 87, 88 жана 93-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 92-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер диний иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81-берене. Коомдук жайларда баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто, же болбосо башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү, ошого тете коомдук жайларда адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактоочу мас абалында жүрүү, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
82-берене. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
821-берене
821-берене. Коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо Өзгөчө же согуштук абал мезгилинде киргизилген коменданттык сааттын убагында атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана инсандыгын ырастаган документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жерлерде же болбосо турак жайдан тышкары жүрүү, - 2- категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
822-берене
822-берене. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал шарттарында укук тартибин бузуу Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал жарыяланган аймактарда укук тартибин бузууга багытталган аракеттер, же болбосо анык эмес маалыматтарды жайылтуу жолу менен жасалган коомдук тартипти жана жеке адамдардын тынчтыгын бузган аракеттер, - 3- категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу Милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам кызматтарын же башка адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
84-берене. Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу
1. Ички иштер органдарынын уруксаты бар жеке адамдар тарабынан атуучу куралды же болбосо атуучу ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу, -
эскертүүгө же 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Алардын сакталышы үчүн жооптуу ишкананын, мекеменин же уюмдун кызматкеринин атуучу куралды, же болбосо атуучу ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуусу, же болбосо атуучу куралды же атуучу ок-дарыларды багышталышы боюнча пайдаланбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Адамдын алкоголдук, баңгизаттан, же токсикоманиялык мас абалында атуучу курал алып жүрүүсү, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
85-берене. Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу Жарандардын атуучу (мергенчилик) куралды каттатуунун (кайра каттатуунун) белгиленген мөөнөттөрүн же жашаган жери өзгөргөндө ички иштер органдарында эсепке коюу эрежелерин бузушу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
86-берене. Атуучу куралды сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу
1. Жарандардын атуучу (мергенчилик) куралын ички иштер органдарынын уруксаты жок сатып алышы, башка адамдарга бериши же сатышы -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Соода ишканасынын (уюмунун) кызматкеринин атуучу сайсыз мергенчилик куралын жана алардын атуучу ок-дарыларын ички иштер органдарынын уруксаты жок жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга сатышы, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
87-берене. Жарылгыч материалдарга карата тиешелүү эрежелерди бузуу
1. Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын контролу астындагы объекттерде жарылгыч заттарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, ташып келүү, ташып кетүү, пайдалануу жана жок кылуу боюнча эрежелерди, ченемдерди жана нускамаларды бузуу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
88-берене. Жумушка паспортсуз же каттоосуз кабыл алуу Иш берүүчүнүн жарандарды жумушка паспортсуз же каттоосуз кабыл алуусу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
89-берене. Паспортту мыйзамсыз алып коюу Жарандын паспортун күрөөгө алуу же башка мыйзамсыз алып коюу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
90-берене. Эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуу Спорттук, маданий мүнөздөгү эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүү убагында аларды уюштуруп жана өткөрүп жаткан жооптуу жактардын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуусу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
91-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
92-берене. Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу:
1) диний бирикменин жетекчисинин бирикмени мамлекеттик башкаруу органдарында каттатуудан качуусу;
2) диний чогулуштарды, жүрүштөрдү же башка диний табынуу аземдерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн мыйзамдарда белгиленген эрежелерин бузуу;
3) диний кызматкер же диний бирикменин мүчөсү тарабынан атайын балдардын (уландардын) диний табынууну аткарууга тиешеси жок чогулуштарын, же болбосо эмгек, адабий же башка ийримдерди (топторду) уюштуруусу, же болбосо өткөрүүсү, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
93-берене
93-берене. Өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу Өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
16-глава. Өндүрүш жана курулуш коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 94-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 95-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
94-берене. Долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу
1. Объекттерди долбоорлоонун, жайгаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун жана пайдаланууга кабыл алуунун мамлекеттик стандарттарынын эрежелерин бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Шаар куруу документтеринин курулуш же реставрациялоо иштерин аткаруу тартибине ылайык келбеген бөлүгүндө объекттерди же курулмаларды долбоорлоо эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Эксплуатациялоо процессинде курулмалардын архитектуралык түрүн өзгөртүү тартибин бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Курулуш материалдарын, буюмдарын же конструкцияларын өндүрүү, сатуу же болбосо курулушта колдонуу убагында мамлекеттик стандарттарды, ченемдерди, эрежелерди же долбоорлоо чечимдерин бузуу -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Курулуш аяктагандан кийин мамлекеттик кабыл алуу (техникалык) комиссиясынын кабыл алуусуз үйдү же курулманы эксплуатациялоо же пайдалануу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
95-берене. Объекттерди жана курулмаларды долбоорлоонун, куруунун, даярдоонун жана өндүрүштүн жаңы каражаттарын пайдалануунун санитардык ченемдери менен тартибин бузуу Объекттерди же курулмаларды долбоорлоонун, куруунун, реконструкциялоонун, эксплуатациялоого киргизүүнүн санитардык ченемдерин жана жаны технологияларды, өндүрүш каражаттарын иштеп чыгуу же пайдалануу тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
96-берене
96-берене. Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзү билемдик менен кеңейтүү Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзү билемдик менен кеңейтүү - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
17-глава
Аба транспорту кыймылынын коопсуздугун жана аны эксплуатациялоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 97-106-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
97-берене. Аба транспортун пайдалануу эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун, атап айтканда, аба кемелеринин, учкучу жок аба кемелеринин учууларынын, ракеталарды атуунун, ок атуунун, жардыруу иштерин жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрүнүн тартибин бузуу, ал төмөнкүдөй түрдө жасалса:
1) учуу планын көрсөтпөстөн (кабарлабай туруп контролдонбогон аба мейкиндигинен учууда), учууну уруксатысыз аткарууну жүзөгө ашыруу, аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу;
2) аба кемелеринин Кыргыз Республикасында аба мейкиндигин пайдалануудагы тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабагандыгы;
3) Кыргыз Республикасынын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты болбостон аба кемесинин тыюу салынган зонанын, учуу чектелген зонанын аймагынын үстүнөн учуп өтүшү же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү эрежелерин бузуу;
4) буга учуу коопсуздугуна ачыктан-ачык коркунуч келтирилген учурларды жана авиациялык кырсыкты алдын алуу учурларын кошпогондо, аба кемелеринин вертикалдуу, капталдан узунунан кеткен эшелондошууну сактабагандыгы, белгиленген ченемдерден ашкан аралыкта аба кыймылын тейлөө аба трассаларынан жана маршруттарынан четтөө;
5) учуу коопсуздугуна ачыктан-ачык коркунуч келтирилген жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба мейкиндигин пайдалануучулардын аба кыймылын тейлөө органдарынын командаларын аткарбагандыгы, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
98-берене. Учууну аткаруу эрежелерин бузуу Учууну аткаруу эрежелерин бузуу, анын ичинде учууну жүргүзүүдө жаппы талаптарды бузуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
99-берене. Авиациялык электр байланышын пайдалануу эрежелерин бузуу Авиациялык электр байланышын пайдалануу эрежелерин, анын ичинде байланыш түзүү жана жүргүзүү эрежелерин, авиациялык электр байланыш каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу, ошондой эле ага тоскоолдуктарды түзүү, - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
100-берене. Авиациялык коопсуздук эрежелерин бузуу
1. Авиациялык коопсуздук ченемдерин, эрежелерин же жол-жоболорун бузуу же аткарбай коюу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Аэропорттун, аэродромдун, вертодромдун контролдонуучу аймактарынын же кирүү чектелген зонасынын, же болбосо жер үстүндөгү курулуштарынын тосмолорун күтүү боюнча чараларды көрбөй коюу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын, кол жүгүнүн же багаждын, жүктүн, почтанын, борт запастарынын, же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтердин же заттардын өтүп кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрбөй коюу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды, кол жүгүн же багажын, жүктү, почтаны, борт запастарын же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтерди же заттарды жеткирүү же болбосо жеткирүүгө көмөктөшүү -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
101-берене. Аба ташуулары жаатындагы камсыздандыруунун талаптарын бузуу "Жүргүнчүлөрдүн алдында ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбай коюу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
102-берене. Жарандык авиация аэродромдорунда аба кемелеринин, атайын автотранспорттун жана механизация каражаттарынын кыймылын уюштуруу боюнча эрежелердин талаптарын бузуу Жарандык авиация аэродромдорунда аба кемелеринин, атайын автотранспорттун жана механизация каражаттарынын кыймылын уюштуруу боюнча эрежелердин талаптарын, анын ичинде аба кемелеринин сакталышын камсыз кылууга, жерде аба кемелеринин бузулушун жокко чыгарууга жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алууга багытталган иш-чараларды бузуу же аткарбай коюу, - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
103-берене. Аба кемелерин кайтаруу эрежелерин бузуу Аэропорттун, аэродромдун же жарандык авиациянын башка объектисинин контролдоочу же кайтаруучу зоналарындагы аба кемелерин же объектти кайтаруу эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
104-берене. Аэродромго жанаша аймакта курулуш эрежелерин бузуу Аба кемелеринин учуусу үчүн коркунучтуу объекттерди аэродромго жанаша аймакта куруу же жайгаштыруу эрежелерин бузуу, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
105-берене. Авиациялык персоналдын иштөөсүнө жол берүү тартибин бузуу Авиациялык же тейлөөчү персоналдын иштөөсүнө жол берүү тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
106-берене. Аба кемелерин текшерүүнү жүргүзүү эрежелерин бузуу Жарандык авиациянын аба кемелерин учуу алдында же учуудан кийин карап, текшерүү жүргүзүү эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
107-берене
107-берене. Жарандык аба кемесинде жүрүш-туруш эрежелерин бузуу Жарандык аба кемесинде жүргөн адамдардын аба кемесинин экипажынын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, анын ичинде сүрөткө, киного тартуу жана видеого тартуу эрежелерин аткарбагандыгы, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
18-глава
Суу транспортунун кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. Ушул Кодекстин 108-118-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
108-берене. Кемени сүзүүгө чыгаруу эрежелерин бузуу Суу же дарыя кемесин сүзүүгө чыгаруу (багыттоо) эрежелерин бузуу же тиешелүү уруксаты жок адамга кемени башкарууга жол берүү - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
109-берене
109-берене. Кемелердин кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу
1. Эксплуатациялоого тыюу салынган кемени башкаруу же аны жүктөө, жабдуу, жүргүнчүлөрдү батыштыруу эрежелерин же сүзүү шарттарына карата чектөөлөрдү бузуу менен айдоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Бул кемени башкарууга укугу жок адамдын кемени айдоосу же мындай кемени башкарууга укугу жок адамга айдаганга берүү, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Кемени айдоочунун кемени пайдалануудагы башка эрежелерди бузуусу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Бул беренеде каралган чакан кемелер деп, 75 аттын күчүнөн аз (55 кВт) кубаттуулуктагы башкы кыймылдаткычка ээ болгон өзү жүрүүчү кемелерди, жалпы сыйымдуулугу 80 регистрдик тоннадан (же бирдиктен) аз өзү жүрбөөчү жана жел кемелерди, ошондой эле кыймылдаткычтарынын кубаттуулугунан көз карандысыз, бирок жалпы сыйымдуулугу 10 регистрдик тоннадан (же бирдиктен) ашкан өзү жүрбөөчү жеңил кемелерди (жүк көтөрүмдүүлүктөрү 100 жана андан ашык килограмм болгон - калак шилтөөчү кайыктарды, 150 жана андан ашык килограмм болгон - байдаркаларды жана 225 жана андан ашык килограмм болгон - жел толтурулган кемелерди) түшүнүү керек. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
110-берене. Кемелердин сүзүү коопсуздугу эрежелерин бузуу Кемелердин сүзүү коопсуздугу эрежелерин бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
111-берене. Мас абалындагы айдоочуларга кеме айдоого жол берүү Алкоголдук, баңги заттык, же башкача мас абалындагы кеме айдоочунун же башка адамдын, же белгиленген мөөнөттө медициналык кароодон өтпөгөн адамдын кеме айдоосуна жол берүү, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
112-берене. Кемелердин кыймылынын эрежелерин бузуу Кеме айдоочулардын чакан кемелердин кыймылынын эрежелерин бузуусу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
113-берене. Суу транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу
1. "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Порттогу сууларда кемелердин кыймылы же токтоп туруу эрежелерин, кемедеги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
114-берене. Кемелерди каттоо тартибин бузуу Кемелерди милдеттүү каттоо тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
115-берене. Суу транспортунун кемелерин эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
1. Суу транспортунда жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу -1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Навигациялык жабдуу, байланыш, сигнал берүү каражаттарын, же башка гидротехникалык курулмаларды эксплуатациялоо же алардын иштөө режиминин эрежелерин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
116-берене. Кемелердеги радиоорнотмолорду пайдалануу эрежелерин бузуу Кемелердеги радиоорнотмолорду пайдалануу эрежелерин бузуу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
117-берене
117-берене. Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) күтүү эрежелерин бузуу Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) күтүү эрежелерин бузуу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
118-берене
118-берене. Суудагы иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу Сууда суучулдук жана башка иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
19-глава
Автомототранспорт жана электротранспорт кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар Эскертүү. 1. Ушул главанын беренелериндеги транспорт каражаттары деп, автомобилдердин, трактордун бардык түрлөрүн, жана башка өзү жүрүүчү машиналарды, троллейбустарды, ошондой эле мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын түшүнүү керек.
2. Ушул Кодекстин 119 - 120-1-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик менчикте турган объекттер жагынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жана муниципалдык менчикте турган объекттер жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиялары тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 121-, 122, 122-1 - 129, 131 жана 132-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 1202, 135-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
5. Ушул Кодекстин 122-1, 130, 133 жана 134-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
6. Ушул Кодекстин 121-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
119-берене. Жол курулмаларын бузуу
1. Жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Курулуш аянтчаларынан кеткен көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү ремонттоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
119-1-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу
1. Жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирген, транспорт каражатына, жүктөргө, жолдорго, жолдогу жана башка курулмаларга же башка мүлккө зыян келтирген жол-транспорт кырсыгына алып келген аракеттер, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
120-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, жолдо, көчөдө тоскоолдуктарды түзүү, жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
1201-берене
1201-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу
1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чара көрбөө, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдүн жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген бузуу, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1202-берене
1202-берене. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу), - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
121-берене
121-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын айдоо, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Бул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Транспорт каражатын каттоо, номердик белгини жайгаштыруу тартибин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо анын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 15-январында № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1211-берене
1211-берене. Техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун жоопкерчилиги Диагностикалык борборлордун техникалык кароо жүргүзүүдө өзүлөрүнүн функцияларын талаптагыдай эмес аткарышы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабашы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасашы - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. Диагностикалык борборлорду жоопкерчиликке тартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2020-жылдын 12-августундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
122-берене. Транспорт каражаттарын документи жок айдоо
1. Транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук ырастамасы же транспорт каражатын каттоочу документи жок айдоо -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырылышын ырастаган, мыйзамдарда каралган документи жок айдоосу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Транспорт каражатын мындай транспорт каражатын айдоого укугу жок адамдын айдоосуна, же транспорт каражатын айдоого укугу жок адамга мындай транспорт каражатын айдаганга берүү, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Бул берененин жоболору мыйзамдын негизинде белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоого үйрөнүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.
1221-берене
1221-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт кара-жатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
122-2-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын андан кийин да белгиленүүсү, - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
123-берене
123-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу
1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу,-
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын транспорт каражатынын кыймылынын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1231-берене
1231-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу; өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу; маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу; айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө) -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жарык берүүчү маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу менен ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотуп берип жатканына ынанганда гана пайдалана алат. (КР 2020-жылдын 15-январында № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
124-берене. Автоээнбаштык Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатын айдоочунун коомго ачыктан-ачык урматтабагандыкты билдирген, Жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракеттери, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
125-берене
125-берене. Жөө жүрүүчү, велосипедчен, көлүк унаасын башкаруучу, мал айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу -
эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Мас абалындагы адам жасаган ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 4-августундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
126-берене. Кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине же медициналык кызматкерге кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
127-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу
1. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, -
Эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ошол эле жосун транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келсе, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу бул жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугунан пайдаланган шарттарда транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген, бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
128-берене
128-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү, -
7-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Айдоочунун белгиленген тартипке ылайык алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартуусу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
129-берене
129-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу
1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотосүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. 1. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күңүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.
2. Ушул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген атайын автомашиналарга жайылтылбайт.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
130-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу
1. "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарынын жүрүү эрежелерин бузуусу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
131-берене. Идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын пайдалануу Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын пайдалануу же аларды жок кылуу же болбосо жалган жасоо - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
132-берене. Транспорт каражатын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу Техникалык абалы же жабдуулары жол кыймылынын эрежелерине, жол кыймылынын коопсуздук стандарттарына же техникалык эксплуатациялоого ылайык келбеген транспорт каражаттарын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу, - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
133-берене. Транспорт каражаттарын оңдоодо жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин, ченемдерин же стандарттарын бузуу Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн, жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин, ченемдерин же стандарттарын бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
134-берене. Автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерин бузуу
1. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Каттамдык такси же шаар аралык же болбосо эл аралык ташуулар режиминде иштегендердин транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу же ташуу келишими же болбосо каттамдын паспорту болбогондо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Айдоочунун жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин ар бир смена сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндөгү эрежелерди бузуусу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
135-берене
135-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражатын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Эл аралык катнашта жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген маршрутунан четтөө, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Автомобиль транспорту менен эл аралык үзгүлтүксүз эмес жүргүнчүлөрдү ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашырышы, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабаганы, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген кабарламаны аткарбастан, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн маршруттан четтөө, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-глава
Темир жол транспортун жана магистралдык өткөрүү түтүктөрүн пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 136-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 136-беренесинин 2-бөлүгүндө каралгандар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 137 жана 138-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
136-берене. Темир жол транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу
1. Поезддерде жүрүү эрежелерин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Темир жолдор аркылуу өтүү эрежелерин бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Жүргүнчүнүн темир жол транспортунда тыюу салынган буюмдарды ташуусу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Темир жол транспортунда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
137-берене. Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдү кайтаруу эрежелерин бузуу Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдү кайтаруу эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
138-берене
138-берене. Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдүн коопсуздук эрежелерин бузуу Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдүн коопсуздук эрежелерин, анын ичинде экологиялык коопсуздук эрежелерин бузуу - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
VI БӨЛҮМ
ЭКОЛОГИЯЛЫК, САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК, РАДИАЦИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР
21-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. Ушул Кодекстин 139-149-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
139-берене. Инновациялар чөйрөсүндөгү экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу Илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, ачылыштарды, ойлоп табууларды киргизүүдө, жаңы техниканы, импорттук жабдууларды, технологияларды же тутумдарды колдонууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу - 7-категориядагы айып пул салууга алып келет.
140-берене. Пестициддер жана агрохимикаттар жагындагы операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу
1. Пестициддерди, агрохимикаттарды өндүрүүнүн же аларды колдонуунун техникалык каражаттарын пайдалануунун мамлекеттик стандарттарга, санитардык ченемдерге шайкеш келтирүү бөлүгүндөгү эрежелерин бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Пестициддерди же агрохимикаттарды ташуунун, сактоонун, сатуунун же пайдалануунун санитардык эрежелерин бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Айыл чарба чийки заттарынын, тоюттардын, тамак-аш азыктарынын, кыртыштын, суунун, абанын жол берилген ченемдерден ашык булганышына алып келүүчү пестициддерди же агрохимикаттарды колдонуу эрежелерин бузуу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Пестициддерди, агрохимикаттарды, аларды колдонуунун техникалык каражаттарын мамлекеттик сыноолордон өткөрүүнүн, каттоонун же кайра каттоонун эрежелерин бузуу -
7-категориядагы айып пул салууга алып келет.
141-берене. Айыл чарба чийки заттарын жана азык-түлүк азыктарын утилдештирүү, жок кылуу эрежелерин бузуу Пестициддерди же агрохимикаттарды камтуу талаптарына жооп бербеген айыл чарба чийки заттарын же азык-түлүк азыктарын утилдештирүү, жок кылуу эрежелерин бузуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
142-берене, Минералдык жер семирткичтер жагынан операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу Минералдык жер семирткичтерди, уулуу химиялык заттарды же башка препараттарды өндүрүүдө же болбосо аларды урунууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
143-берене. Биологиялык активдүү заттар жана биотехнология предметтери жагынан операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу Микроорганизмдерди, башка биологиялык активдүү заттарды же биотехнология предметтерин өндүрүүдө же болбосо аларды урунууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
144-берене. Биологиялык активдүү заттардын жаңы штаммдарын түзүү, өндүрүү жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу Микроорганизмдердин жана башка биологиялык активдүү заттардын жаңы штаммдарын түзүү, өндүрүү же болбосо аларды пайдалануу эрежелерин бузуу - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
145-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
146-берене. Кырсыктардын экологиялык кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрбөө
1. Айлана-чөйрөгө кырсыктардын же башка зыяндуу таасирдин экологиялык кесепеттерин болтурбоо же жоюу боюнча чараларды көрбөө -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ошол эле жосун өзгөчө экологиялык кырдаал зонасында жасалса, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Өзгөчө экологиялык кырдаал зонасында айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү же жаратылыш ресурстарын кайра калыбына келтирүү боюнча милдеттүү иш-чараларды аткаруу тартибин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
147-берене. Жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу Жаратылышты коргоо курулмаларын же жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
148-берене. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча орнотмолорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу Калдыктарды кайра иштетүү же болбосо утилдештирүү боюнча орнотмолорду же өндүрүштөрдү, же өнөр жай, турмуш-тиричилик же башка калдыктарын сактоо же болбосо көмүү үчүн объекттерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
149-берене
149-берене. Калдыктардан продукция өндүрүү тартибин бузуу Калдыктардан продукция өндүрүү тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
22-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 150-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 151-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 152-155-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 156-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
150-берене. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу
1. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ошол эле жосун, адамдар узак убакыт бою же болбосо убактылуу болуучу объекттердеги же жайлардагы абага карата жасалса -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Турак жай имараттарында, жайларда, квартираларда, үйлөрдө жана үйдүн жанындагы участоктордо санитардык-гигиеналык ченемдерди, же санитардык-эпидемияга каршы ченемдерди бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда жасалса, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Тамак-аш азыктарын же чийки азык-түлүк заттарын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда санитардык ченемдерди же мамлекеттик стандарттарды бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
151-берене. Химиялык заттарды жана материалдарды жүгүртүүдө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу Химиялык заттарды же болбосо материалдарды, уулуу заттарды, биотехнология продуктуларын же башка биологиялык агенттерди өндүрүүдө, жүгүртүүдө, сактоодо, жок кылууда же утилдештирүүдө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
152-берене. Фитосанитардык чараларды аткаруу жана контролдоо эрежелерин бузуу Фитосанитардык чараларды аткаруу же контролдоо эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
153-берене. Карантиндик зыянкечтерге каршы күрөшүү эрежелерин бузуу Карантиндик зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн илдеттерине же отоо чөптөргө каршы күрөшүү эрежелерин бузуу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
154-берене. Карантиндик режим зоналарынан материалды ташып келүү тартибин бузуу Өзгөчө карантиндик режим өлкөлөрүнөн же зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
155-берене. Өсүмдүктөрдү коргоо эрежелерин бузуу Айыл чарба багытындагы же башка багыттагы өсүмдүктөрдү айдоо технологиясын сактабоо, өсүмдүктөрдү негизсиз экологиялык жактан коргоо жолу менен өсүмдүктөрдү зыяндуу организмдердин тарап кетишинен коргоо эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
156-берене
156-берене. Ветеринардык эрежелерди бузуу
1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларды жоюу жагынан ветеринардык-санитардык эрежелерди бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Жаныбарлардын карантини эрежелерин же башка карантиндик чектөөлөрдү бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
23-глава. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 157, 158 жана 161-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 159 жана 160-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
157-берене. Радиоактивдүү заттар менен иштөөдө коопсуздук талаптарын бузуу
1. "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Радиоактивдүү заттарды казып алууда же аларды урунууда коопсуздук талаптарын бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
158-берене. Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө жумуштарды коопсуз жүргүзүү талаптарын бузуу Радиоактивдүү калдыктарды урунууда жумуштарды коопсуз жүргүзүү талаптарын бузуу - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
159-берене. Кырсыктардын алдын алуу тартибин бузуу Радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларда же болбосо радиоактивдүү калдыктарды урунууга арналган объекттерде кырсыктардын алдын алуу же алардын кесепеттерин жоюу тартибин бузуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
160-берене. Уран рудаларын казып алуу жана аларды урунуу тартибин бузуу Уран рудаларын же болбосо аларды кайра иштетүү продуктуларын казып алуу же урунуу тартибин бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
161-берене
161-берене. Радиациялык коопсуздук зонасы режиминин талаптарын бузуу Атайын белгиленген радиациялык булгануу зонасында радиациялык коопсуздук талаптарын бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
24-глава
Атмосфераны, жерди, жер казынасын, сууларды, башка жаратылыш ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 162-167, 169, 172, 174 жана 175-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 168, 170 жана 171-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 173-беренесинде, 177-183-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 176-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
162-берене. Атмосфераны коргоо боюнча талаптарды бузуу Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүүсүнө түрткү берүүчүлөрдү, минералдык жер семирткичтерди же башка препараттарды урунуу эрежелерин бузуу атмосферанын бузулушуна алып келсе, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
163-берене. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
164-берене. Атмосфераны пайдалануу эрежелерин бузуу Атмосфералык абаны негизги өндүрүштүк багыттагы чийки зат катары пайдалануу эрежелерин бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
165-берене. Атмосферанын жана атмосфералык кубулуштардын абалын жасалма өзгөртүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу Чарбачылык максаттарда атмосферанын жана атмосфералык кубулуштардын абалын жасалма өзгөртүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу, - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
166-берене. Булгоочу заттарды камтуу ченемдеринен ашып кеткен транспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды эксплуатациялоого чыгаруу Иштеп жаткан мезгилде тышка бөлүп чыгарган газында булгоочу заттардын камтылышы, же физикалык факторлордун таасиринин деңгээли белгиленген ченемдерден ашып кеткен автомобилдерди, самолетторду, кемелерди же башка кыймылдуу каражаттарды же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоого чыгаруу, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
167-берене. Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук жана кыймылдуу башка каражаттарды эксплуатациялоо Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы белгиленген ченемдерден ашып түшкөн автомототранспорттук же башка кыймылдуу каражаттарды же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоо, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
168-берене. Жаратылыш-корук фондунун аймактарын жана обьекттерин пайдалануу тартибин бузуу Жаратылыш-корук фондунун аймактарын же объекттерин пайдалануу тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
169-берене. Сууларды булгануудан жана таштандылардан коргоо боюнча талаптарды бузуу Таштандыларды ыргытуу белгиленген ченемдерден ашып кетип, суулардын булгануусуна же таштандыга толуп, бүтөлүүсүнө алып келсе, - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
170-берене. Жерлерди пайдалануу эрежелерин бузуу Жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдаланууда жаратылышты коргоо режимдеринин талаптарын бузуу, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
171-берене. Токой фондусунун жерлерин пайдалануу тартибин бузуу Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу тартибин бузуу, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
172-берене. Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо жана жаткыруу шарттарын аткарбоо Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо же жаткыруу шарттарын аткарбоо - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
173-берене. Жерге жайгаштыруу эрежелерин бузуу
1. Жерге жайгаштыруу долбоорлорунун жоболорун бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Товардык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн айыл чарбасы багытындагы жер участокторун пайдалануу тартибин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
174-берене. Жер казынасы жөнүндө мыйзамды бузуу
1. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды куруу тартибин бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Пайдалуу кендер чыккан жерлерди сарамжалдуу пайдалануу талаптарын бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Маркшейдердик документтерди жоготуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Пайдалуу кендерди иштетүү эрежелерин бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Мунай же газ бургулоочу скважиналарда, кен чыккан жерлерде же болбосо мунай заттарын, ууландыруучу, башка жарылгыч же уулуу заттарды ташууда өрттөргө, кырсыктарга жол бербөө же аларды жоюу эрежелерин бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Жер казынасын пайдаланууга атайын уруксаттын (лицензиянын) өзгөчө шарттарын бузуу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
175-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу Жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
176-берене. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып түшүү Жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып түшүү - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
177-берене. Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
178-берене. Суу фондунун жерлерин пайдалануу эрежелерин бузуу Суу коргоо зоналарында же суу фондунун жерлеринде чарбалык иштин режимин бузуу, суу фондунун жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
179-берене. Атайын суу пайдалануу эрежелерин бузуу Атайын суу пайдалануу же гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
180-берене. Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаны пайдаланууну жана күтүүнү бузуу Айыл чарба багытындагы калктуу конуштардын ичиндеги жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык системаны пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
181-берене. Суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу Айыл чарба багытындагы калктуу конуштардын ичиндеги жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана суу пайдалануу эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
182-берене. Менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу
1. Жайытты жүгүртүүгө ылайык эс алууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлеринде малды жайууну же белгиленген мөөнөттөн мурда жаюуну, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок, табигый жана маданий жайыттар аркылуу мал айдоону билдирген менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыттарда өсүп турган чөптөр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
183-берене
183-берене. Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу Жайыттарды жана чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
25-глава. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 184, 186, 187, 194 жана 196-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 185, 189 жана 191-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 188, 190, 192, 193 жана 195-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 197-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
184-берене. Өсүмдүктөрдү өрттөө тартибин бузуу Өсүмдүктөрдү же анын калдыктарын өрттөө тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
185-берене. Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнө интродукция жана акклиматташтыруу жүргүзүү тартибин бузуу Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнө интродукция жана акклиматташтыруу жүргүзүү тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
186-берене. Зоологиялык жана ботаникалык коллекцияларды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу Зоологиялык же болбосо ботаникалык коллекцияларды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
187-берене. Токойлордо өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу Токойлордо өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
188-берене. Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды бузуу
1. Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды, алардын төлдөө шарттарын жана жаныбарлардын миграция жолдорун бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, эл аралык келишимдерге ылайык корголуучу же болбосо Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын түрлөрүнүн байыр алуу чөйрөсүнө, төлдөө шарттарына же миграция жолдоруна карата жасалса, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Жаныбарларды жер которуштуруу, акклиматташтыруу же болбосо аргындаштыруу, генетикалык жактан өзгөрүлгөн организмдерди чыгаруу же пайдалануу тартибин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Жапайы айбанаттардын өлүшүнүн, алардын байыр алган чөйрөсүнүн начарлашынын алдын алуу же жаныбарлар дүйнөсүнө тийгизүүчү терс таасирлерди жок кылуу эрежелерин бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
189-берене. Токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелерин бузуу Токойлорду калыбына келтирүү, абалын же түрдүк курамын жакшыртуу, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу же токой ресурстарын пайдалануу эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
190-берене. Токой үчүн пайдалуу фаунаны жок кылуу Токой үчүн пайдалуу фаунаны жок кылуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
191-берене. Токойду калыбына келтирүү эрежелерин бузуу Токойду калыбына келтирүү жана токой чарбасын жүргүзүү эрежелерин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
192-берене. Аң уулоо эрежелерин бузуу Аң уулоо эрежелерин бузуу - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
193-берене
193-берене. Жапайы өсүмдүктөрдүн чийки заттарын сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу Жапайы өсүмдүктөрдүн жана (же) алардын бир бөлүгүнүн жана продуктуларынын дарыгерлик же болбосо техникалык чийки заттарын сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
194-берене. Өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын бузуу Айыл чарба багытындагы же башка багыттагы өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын бузуу, ал зыяндуу организмдердин таралышына алып келсе, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
195-берене. Балык уулоо эрежелерин бузуу
1. Ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузуу -
эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Өнөр жайлык балык уулоо эрежелерин бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
1951-берене
1951-берене. Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
196-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу Суу топтоо курулмаларын суу объектилеринде эксплуатациялоо тартибин бузуу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
197-берене. Тоют кошумчаларын колдонуу тартибин бузуу Жаныбарлар үчүн биологиялык стимуляторлорду, антибиотиктерди, гормондук жана башка препараттарды колдонуу тартибин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
VII БӨЛҮМ
МЕНЧИКТИ КОРГОО ЖАНА ЧАРБАЛЫК ЖАНА КАРЖЫЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР
26-глава. Менчикти коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. Ушул Кодекстин 198-202-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
198-берене. Электр энергетикасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Электр тарамдарын сактоо эрежелерин бузуу -
эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Электр станцияларын же бириккен энергетика тутумуна туташтырылган электр энергетика объекттеринин энергетикалык жабдууларынын тарамдарын же керектөөчүлөрүнүн энергетикалык жабдууларын техникалык эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, -
эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
199-берене. Жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу эрежелерин бузуу Жылуулук энергиясынын жардамы менен жылуулук берүү эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
200-берене. Газ менен камсыз кылуу эрежелерин бузуу
1. Жаратылыш газын эсепке алуу түйүндөрүн орнотуу же жаратылыш газын керектөөчүлөргө аны коммерциялык эсепке алуусуз бөлүштүрүү боюнча талаптарды бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Жаратылыш газын ташуу эрежелерин бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
201-берене. Газды керектөө эрежелерин бузуу Газды керектөө эрежелерин бузуу - эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
202-берене
202-берене. Электр-жылуулук техникалык жабдууларын эксплуатациялоо тартибин бузуу Электр-жылуулук техникалык жабдууларын эксплуатациялоо тартибин бузуу - эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
27-глава. Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 203 жана 204-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 205 жана 206-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер тиешелүү лицензия (уруксат) берүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 207-208-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
203-берене. Спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу
1. Пивону (буга алкоголсуз пиво кирбейт), алкоголдук же жеңил алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча чектөөлөрдү бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Спиртти же алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу эрежелерин бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
204-берене. Үйдө жасалган спирт ичимдиктерин даярдоо, сатып өткөрүү жана сактоо Үйдө жасалган спирт ичимдиктерин (40 пайыздан ашык этил спиртинин көлөмдүк камтылышы менен) сатып өткөрүү максатында даярдоо, сатып өткөрүү же болбосо сактоо, сатып өткөрүү максаты жок аларды жасап чыгаруу үчүн өндүрүш каражаттарын даярдоо же сактоо - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
205-берене. Ишкердик ишти лицензиясы жок жүзөгө ашыруу Мыйзамда милдеттүү түрдө алынуусу каралган лицензиясы (уруксаты) жок ишкердик ишти жүзөгө ашыруу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
206-берене. Лицензия алуу үчүн анык эмес маалыматтарды берүү Ишкердик иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензия (уруксатты) берүүчү органга лицензия (уруксат) алуу үчүн анык эмес маалыматтарды берүү - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
207-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды иш менен камсыз кылуу боюнча талаптарды аткарбоо Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштуруу үчүн белгиленген квотаны аткарбоо - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
208-берене
208-берене. Ишке кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Мыйзам боюнча белгилүү бир категорияга таандык болгон адамды белгиленген квотанын чегинде ишке кабыл алуудан негизсиз баш тартуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
28-глава
Каржылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык жана башка ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 209-215-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 216-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 216-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралгандар баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, юстиция органы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралат.
3. Ушул Кодекстин 2161-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер юстиция органы тарабынан каралат.
(КР 2019-жылдын 15-февралындагы № 25, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
209-берене. Лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын жүзөгө ашыруу Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясы (күбөлүгү) болбостон, банк операцияларын, анын ичинде чет өлкөлүк валюта жагындагы алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу, - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
210-берене. Банк мыйзамдарын бузуу Банктардын же каржы-насыялык мекемелердин кызмат адамы же Кыргыз Республикасынын Улуттук банк лицензиялоочу же жөнгө салуучу башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбоо - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
211-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалган жарнагы Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банктык лицензияда (күбөлүктө) каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банктык операциялар же көрсөтүлүүчү банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка каржы-насыялык кызмат көрсөтүүлөр менен операциялар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн шарттарын анык эмес чагылдыруу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
212-берене. Төлөө балансы боюнча маалыматтарды бербөө
1. Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөө балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматты бербөө же болбосо өз убагында бербөө -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ачылган эсептерди жана салымдарды каттабоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
213-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (акчаларын жана тыйындарын) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
214-берене. Улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөрдү пайдалануу Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын акчаларына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде акчанын сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнак түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок улуттук валютанын акчаларынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет.
215-берене. Банк операцияларын аткаруу тартибин бузуу
1. Банк операцияларынын аткаруу тартибин, мөөнөттөрүн бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Банк операцияларын аткаруу тартибин бузуу, ал активдерди же кирешелерди олуттуу жоготууга же болбосо банктын төлөм жөндөмсүздүгүнүн белгилеринин келип чыгышына алып келсе, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
216-берене. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террордук жана экстремисттик иштерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу
1. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террордук жана экстремисттик иштерди каржылоого каршы аракеттенүүгө, аны болтурбоого карата талаптарды бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) белгилөө же кардарлардын каржылык ишин иликтөө жагындагы талаптарды бузуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Контролго алынууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүү тартибин бузуу -
7-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу тартибин бузуу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2161-берене
2161-берене. Күрөө жөнүндө мыйзамдарды бузуу Күрөөнү токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазууларды өз учурунда киргизбөө - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-глава
Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар Эскертүү. 1.Ушул Кодекстин 217-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы жана тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары карай турган бузууларды кошпогондо, 217-217-5-беренелерде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 218-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы мыйзамдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 219-223-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 2231-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 2176-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер бухгалтердик эсепти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88, 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
217-берене
217-берене. Салык салуудан качуу, бухгалтердик эсепти бурмалоо жана отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу
1. Бухгалтердик эсептин жоктугу же анын бурмаланышы, же болбосо бухгалтердик жана салыктык отчетторду, баланстарды, эсептешүүлөрдү жана бюджетке салыктарды чегерүү жана төлөө менен байланышкан башка документтерди белгиленген мөөнөттөрүндө бербөө -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруудан (азайтуудан) билинген салык салуудан качуу -
4-категориядагы айыл пул салууга алып келет.
3. Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар салыктык отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 14-августунда № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
217-1-берене. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
217-2-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификация каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүү, ошого тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга жатуучу товарларды аларга идентификациялоо каражаттарын баспастан сактоо жана сатып өткөрүү Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүү, ошого тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды аларга идентификациялоо каражаттарын баспастан сактоо жана сатып өткөрүү - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
217-3-берене. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатып өткөрүү Жыйырма беш бирдиктен ашпаган өлчөмдө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатып өткөрүү, эгерде мындай бузуу кылмыштын, же болбосо жоруктун белгилерин камтыбаса, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
217-4-берене. Сигареттерди минималдык чекене баадан төмөн баада сатып өткөрүү Сигареттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдык чекене баадан төмөн баада сатып өткөрүү - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
217-5-берене. Мунай заттарын сатып өткөрүү тартибин бузуу Кыргыз Республикасында мунай заттарын сатып өткөрүүнүн тартибин бузуу - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2176-берене
2176-берене. Ачык кызыкчылыктын субъектинин, ири ишкердиктин жана орто ишкердиктин субъекттеринин берүүгө милдеттүү болгон маалыматтарды Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине бербөөсү Ачык кызыкчылыктын субъектинин, ири ишкердиктин жана орто ишкердиктин субъекттеринин берүүгө милдеттүү болгон маалыматтарды Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине бербөөсү- 2-категориядагы айып салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
218-берене
218-берене. Бааларды негизсиз жогорулатуу
1. Товарды сатууда таңгагында же товарга чапталган ярлыгында көрсөтүлгөн баалардын өлчөмдөрүн жогорулатуу –
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режиминин шарттарында бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген тамак-аш азыктарына баалардын өлчөмдөрүн негизсиз жогорулатуу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
219-берене
219-берене. Документтердин сакталышын камсыз кылбоо (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
220-берене
220-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ага тете контролдук-кассалык чекти чыгарбай коюу, сатып алуучуга (кардарга) бербөө же төлөнгөн сумманы аз көрсөткөн контролдук-кассалык чекти берүү - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2201-берене
2201-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында коюлган контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу, ага тете контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2202-берене
2202-берене. Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарга жана товарларды, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылуу Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарга жана товарларды, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылуу - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
221-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу - эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
222-берене
222-берене. Бирдиктүү салык декларациясын бербөө жана салыкты төлөбөө Бирдиктүү салык декларациясын бербөө, ошого тете бирдиктүү салык декларациясын анык эмес, толук эмес же бурмаланган маалыматтар менен берүү же салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөө - эскертүүгө же болбосо 1-категориядагы айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин колдонулушу "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык декларация тапшырууга милдеттүү жактарга жайылтылбайт. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
223-берене. Жалган ишкердик Жалган ишкердик, башкача айтканда жашыруун кирешелерди же башка мүлктүк пайда алуу максатында уставдык ишин жүзөгө ашырууну көздөбөстөн, коммерциялык же болбосо башка уюмдарды түзүү - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2231-берене
2231-берене. Милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуусу, же болбосо, аны өткөрүүгө тоскоолдук кылуусу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсеп регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумушчу эсеп-пландарын, финансылык отчетторун жана эсептик саясаттын башка документтерин маалыматтын кагаз булактарында, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген системасында сактоо боюнча талаптарды мамлекеттик архивдик иш жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сактабагандыгы -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Ачык кызыкчылыктын субъекттери тарабынан менчигинин түрүнө карабастан, Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарынын сакталбагандыгы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-глава. Банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу боюнча башкаруу тартибине каршы бузуулар
(Главанын аталышы КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүү. Ушул Кодекстин 224 - 2407-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
224-берене. Баалуу кагаздарды мыйзамсыз чыгаруу Мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн (эмиссияларды) акцияларды, облигацияларды же башка баалуу кагаздарды чыгаруу, - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
225-берене. Инвесторлордун укуктарынын бузулушу Эмиссиянын проспектисинде так эмес маалыматтарды же болбосо ачык сунуштарды көрсөтүү же эмиссиянын проспектисинде мыйзамда белгиленген тартипте жарыялабай туруп, баалуу кагаздарды сатуу, ага тете милдеттүү түрдө ачык болушу мыйзамдарда каралган маалыматтарды инвесторлорго бербөө, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
226-берене. Инвестициялык фонддун башкаруучу компанияларынын өздөрүнүн милдеттерин аткарбай коюшу Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамды мыйзамдарда, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде белгиленген өз милдеттерин аткарбай коюусу же сактабай коюусу, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
227-берене. Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу Инвестициялык фонддун тартылган акча каражаттарын максатсыз пайдалануу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
228-берене. Инвестициялык фонддордун ишин чектөөнү сактабай коюу Мыйзамдарда белгиленген чектөөлөргө карабастан, инвестициялык фонддордун иш жүргүзүүсү, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
229-берене. Инвестициялык фонд тарабынан анын мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча талаптарды бузуусу Инвестициялык фонддун мүлкүн эсепке алуу же сактоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо, ага тете баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мүлктү сактоо же баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу тартибин бузуу, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
230-берене. Күбөлүгү болбой туруп баалуу кагаздар боюнча иш жүргүзүү Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугун берүүчү адистин квалификациялык күбөлүгү болбостон баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү,- 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
231-берене. Кызматтык маалыматтарды ак ниетсиз пайдалануу Баалуу кагаздын рыноктук наркына таасир этиши мүмкүн болгон эмитентке же баалуу кагаздарга тиешелүү кызматтык маалыматты эмитент жеке пайда көрүү максатында колдонушу же аны үчүнчү жактарга бериши - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
232-берене. Анык эмес маалыматтарды берүү Баалуу кагаздар рыногунун ишине контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын кызмат адамына анык эмес (жалган) маалыматтарды же документтерди берүү же маалыматтарды же документтерди берүүдөн баш тартуу, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
233-берене. Баалуу кагаздарды ачык сатууну (жазылуу жүргүзүүнү) өткөрүү тартибин бузуу Баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эрежелерди же болбосо баалуу кагаздарды чыгаруу же ачык сатууну (жазылуу жүргүзүүнү) өткөрүү тартибин эмитент же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан бузуусу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
234-берене. Кармоочунун реестрин жүргүзүү эрежесин бузуу
1. Аны жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу менен баалуу кагаздардын ээлери тарабынан реестрди жүргүзүү же баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестринин жоктугу, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине жазып түшүрүүнү киргизүүдөн негизсиз баш тартуу же мыйзамдарда белгиленген учурларда жана мөөнөттө көз карандысыз реестр кармоочуну тартуу менен аны жүргүзүүдөн баш тартуу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Аны жок кылууга, уурдоого же материалдык зыян алып келүүчү башка кесепеттерге алып келген баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде камтылган маалыматтарды сактоонун же иштеп чыгуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрбөө, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
235-берене. Баалуу кагаздар жагындагы операциялар боюнча кирешелер жөнүндө эсеп жүргүзүүнүн же отчёттун жоктугу Баалуу кагаздар жагындагы операциялар боюнча кирешелер жөнүндө эсеп жүргүзүүнүн же отчёттун жоктугу же болбосо мындай отчёттуулукту белгиленген тартипти бузуу менен жүргүзүү - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
236-берене. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу Эмитент же кесипкөй катышуучу тарабынан баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабагандык - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
237-берене. Баалуу кагаздарды ак ниетсиз жарнак кылуу Эгерде мындай төлөөлөр чыгаруунун шарттарында каралбаса дивиденддер, пайыздар же башка түрдөгү кирешелерге төлөмдөр түрүндө баалуу кагаздар боюнча кирешелерди ачык кепилдик кылуу, же болбосо анын наркын жогорулатуу жолу менен баалуу кагаздар боюнча болжолдонгон кирешенин өлчөмү тууралуу потенциалдуу чектелбеген инвесторлордун чөйрөсүнө чейин маалыматтарды жеткирүү, ага тете потенциалдуу инвесторлорду жаңылууга алып баруучу же алып келген баалуу кагаздарды сатып алуунун жана сатуунун колдонуудагы шарттарына тийиштүү анык эмес маалыматтарды берүү, - 6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
238-берене. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тартибин бузуу Акционердик коомдун жетекчиси тарабынан акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн же тартибин бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
239-берене. Дивиденддерди төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөө тартибин же мөөнөттөрүн бузуу же аларды төлөп бербөө - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-берене. Баалуу кагаздар жагындагы операцияларды түзүү, жол-жоболоштуруу жана каттоо эрежелерин бузуу Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан баалуу кагаздар жагынан операцияларды түзүүнүн, жол-жоболоштуруунун жана каттоонун белгиленген эрежелерин бузуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
31-глава. Социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү: Ушул Кодекстин 241- жана 242-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.
2401-берене
2401-берене. Уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын мамлекеттик каттоодон өтпөй калуусу Эмитенттин уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын мамлекеттик каттоосунан өтпөй калуусу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2402-берене
2402-берене. Ломбарддык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
1. Зайымчынын пайдасына өз эсебинен күрөөгө кабыл алууда күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу боюнча талаптарды бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Күрөөгө коюлган мүлктү ломбардга өткөрүүдө зайым келишимин түзүү жөнүндө талаптарды бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Мыйзамдарда каралган учурларда нотариалдык формадагы зайым келишимин түзүү жөнүндө талаптарды бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2403-берене
2403-берене. Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарын бузуу
1. Аудитордук уюм жана жеке аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарында каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарга каршы келген учурларда аудитордук уюмдун же жеке аудитордун аудит өткөрүүсү же аудитордук кызматтарды көрсөтүүсү -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Аудитордун бир гана аудитордук уюмдун курамында аудитор катары эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитордук ишти жүргүзүү талаптарын сакталбашы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудитордук иштин стандарттарын сактабоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
240-4-берене. Кыргыз Республикасынын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдарын бузуу Лотереяны уюштуруучу тарабынан лотерея өткөрүү шарттарын сактабоо - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет. (КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 386 ичинен 271. Калгандары, «2405-берене» баштап «346-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 2405-берене. Камсыздандыруу ишин жүргүзүү тартибин бузуу
- 2406-берене. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын камсыздандыруу уюмдарынын бузушу
- 2407-берене. Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор жана пенсиялык активдерди башкаруу жөнүндө мыйзамдарын бузуу
- 241-берене. Каттоосуз экономикалык ишти жүргүзүү
- 242-берене. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу
- 243-берене. Валюталык мыйзамдарды бузуу
- 244-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү жөнүндө маалымат бербөө
- 245-берене. Товардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө
- 246-берене. Бажы органдарынын уруксаты болбостон товарларды берүү
- 247-берене. Камак салынган мүлктү уруксаты жок пайдалануу
- 248-берене. Бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын токтотпоо
- 249-берене. Уруксаты жок транспорт каражатын жөнөтүү
- 250-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бузуу
- 251-берене. Товарлар жагынан укукка жат операцияларды жүргүзүү
- 252-берене. Бажылык идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү
- 253-берене. Товарларды декларациялоо тартибин бузуу
- 254-берене. Бажы декларациясын берүү мөөнөттөрүн бузуу
- 255-берене. Бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо товарларды кайтарып бербөө
- 256-берене. Товарларды жок кылуу тартибин бузуу
- 257-берене. Товарлар жагынан мыйзамсыз операцияларды жүргүзүү
- 258-берене. Товарларды бажы чек аралары аркылуу алып өтүүдө чектөөлөрдү колдонуунун тартибин сактабоо
- 259-берене. Товарды же транспорт каражатын мыйзамсыз орун которуштуруу
- 260-берене. Майда экономикалык контрабанда жолу менен бажы аймагына киргизилген товарларды ташуу, сактоо, сатып алуу
- 261-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөбөө
- 262-берене. Бажы кароосун (текшерүүсүн) жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына тоскоол болуу
- 263-берене. Бажы контролу зонасынын режимин бузуу
- 264-берене. Карызкордун төлөөгө кудуретсиздигин атайылап түзүү же жогорулатуу
- 265-берене. Администратордун өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болуу
- 266-берене. Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузушу
- 267-берене. Стандартташтыруу жана сертификациялоо жаатындагы бузуулар
- 268-берене. Сапатсыз жана кооптуу продукцияларды жүгүртүү эрежелерин бузуу
- 269-берене. Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу жана пайдалануу тартибин бузуу
- 270-берене. Товарларды таңгактоо эрежелерин бузуу
- 271-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу
- 272-берене. Жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү бузуулар
- 273-берене. Электр энергетикасы чөйрөсүндөгү бузуулар
- 274-берене. Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү бузуулар
- 275-берене. Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу
- 276-берене. Архив мыйзамдарынын талаптарын бузуу
- 277-берене. Жарнакка буйрутма берүү, жасоо жана аны жайылтуу эрежелерин бузуу
- 278-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу
- 279-берене. Телерадиоберүү жаатындагы монополияга каршы чектөөлөрдү бузуулар
- 280-берене. Байланыш жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу
- 281-берене. Электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жана радиожыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу
- 282-берене. Байланыш жаатындагы техникалык ченемдерди бузуу
- 283-берене. Чубалгыларды жана байланыш курулмаларын коргоо эрежелерин бузуу
- 284-берене. Гидрометеорологиялык станциялардын сакталышын бузуу
- 285-берене. Гидрометеорологиялык станциялардын кайтарылуучу зоналарындагы иштерди аткаруунун тартибин бузуу
- 286-берене. Гидрометеорологиялык станцияларды бузуу, бүлүндүрүү
- 287-берене. Гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берүү тартибин бузуу
- 288-берене. Аскердик эсепке алуу эрежелерин бузуу
- 289-берене. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин бузуу
- 290-берене. Мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө мыйзамдын башка талаптарын бузуу
- 291-берене. Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу
- 292-берене. Чет өлкөлүктөрдү каттоо тартибин бузуу
- 293-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу
- 294-берене. Ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, отчётторду берүү тартибин бузуу
- 295-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишине тоскоолдук кылуу
- 2951-берене. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу
- 296-берене. Сотту сыйлабагандыкты көрсөтүү
- 297-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу
- 298-берене. Аткаруу документинде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды аткарбоо
- 299-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу
- 300-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү
- 301-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча убактылуу токтотулган өндүрүштү кайра баштоо
- 302-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар
- 303-берене. Далилдер
- 304-берене. Буюм далилдери
- 305-берене. Атайын техникалык каражаттар
- 306-берене. Бузууларды атайын техникалык каражаттар менен жазып түшүрүүдө бузуулар үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүгү
- 307-берене. Далилдерге баа берүү
- 308-берене. Материалдарды прокурорго, тергөө же алгачкы текшерүү органына берүү
- 309-берене. Бузуулар жөнүндө протоколдун мазмуну
- 310-берене. Бузуулар жөнүндө протоколду түзүү жана бузуулар жасалган жерде аны кароо
- 312-берене. Бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөй турган учурлар
- 313-берене. Бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары
- 314-берене. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын укуктары жана милдеттери
- 315-берене. Мыйзамдуу өкүлдөр
- 316-берене. Жактоочу, өкүл жана адвокат
- 317-берене. Жабырлануучу
- 318-берене. Күбө
- 319-берене. Эксперт
- 320-берене. Адис
- 321-берене. Котормочу
- 322-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоо
- 323-берене. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүүгө негиздер
- 324-берене. Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ыйгарым укуктуу орган кабыл алуучу чечим
- 325-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароонун орду
- 326-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароонун мөөнөтү
- 327-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароо тартиби
- 328-берене. Бузуулар жөнүндө ишти кароодо такталууга тийиш болгон жагдайлар
- 329-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтом
- 330-берене. Токтомдордун түрлөрү
- 331-берене. Иш боюнча токтомду жарыялоо жана анын көчүрмөсүн тапшыруу
- 331-1-берене. Бузуу жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу
- 331-2-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу
- 331-3-берене. Кабарландыруу
- 331-4-берене. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү
- 332-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго сотто даттануу тартиби жана мөөнөтү
- 333-берене. Сотко даттануу берилгендигине байланыштуу токтомдун аткарылышын токтото туруу
- 334-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну райондук (шаардык) соттун судьясы карап чыгышына даярдоо
- 335-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун кароо
- 336-берене. Бузуу жөнүндө ишти токтотуудан улам токтомду жокко чыгаруунун кесепеттери
- 3361-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу
- 337-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду милдеттүү түрдө аткаруу
- 338-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы
- 339-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби
- 340-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун токтотулушу
- 341-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун эскириши
- 342-берене. Айып пул жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби
- 343-берене. Айып салуу жана туумдарды өндүрүп алуу жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу
- 344-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу боюнча өндүрүштүн аякташы
- 345-берене. Мүлктү алып коюуну аткаруу
- 345-1-берене. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү
- 346-берене
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 208 · цитата келтиргендер: 143 · байланышкандар: 468
Цитата келтиргендер (143)
- Баш-Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 17-18/2 «Баш-Кууганды айыл аймагынын бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 27.12.2018 · № 17-18/2
- Жыргалаң айылдык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндагы № 32 "Жыргалаң айыл аймагынын жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2019 · № 32
- Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-февралындагы № 07 "2017-жылдын 13-апрелиндеги №58 сандуу мыйзамы менен бекитилген жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 07
- Туз айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 23 "Комиссия түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2018 · № 23
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 3/3 "Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2021 · № 3/3
- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-августундагы № 7-28/23 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы административдик укук бузуулар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2022 · № 7-28/23
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы №15/6 "Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын…Постановление · 20.12.2019 · № 15/6
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.08.2016 · № 162
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 27.11.1999 · № 131
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 22.06.2002 · № 109
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 35
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 105
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2011 · № 33
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 28.07.2015 · № 198
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 29.12.2014 · № 170
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 1
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 17.05.2014 · № 69
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 247 "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 30.05.2019 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
143 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (208)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 189
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 188
- Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 15.08.2008 · № 202
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 11-сентябры №11-р Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Ксения Леонидовна Тишинина, «Бишкеккурулуш»…Решение · 11.09.2019 · № 11-р
- Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.08.2016 · № 162
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 27.11.1999 · № 131
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 22.06.2002 · № 109
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 35
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 105
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2011 · № 33
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 28.07.2015 · № 198
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 10.02.2010 · № 27
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 16.10.2013 · № 192
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 29.12.2014 · № 170
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.10.2012 · № 169
208 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (468)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 4424-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын мартындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2021 · № 4424-VI
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4575-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын июнундагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2021 · № 4575-VI
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б "Кодекстердин иш-чара пландарын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.04.2017 · № 120-б
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3965-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2020 · № 3965-VI
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-май- ындагы N 209 токтомуна)Концепция · 03.05.2019 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрилигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-П "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу" буйругуПриказ · 21.12.2017 · № 161-П
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-июнундагы № 3774-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2020 · № 3774-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4948-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2021 · № 4948-VI
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
468 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.