Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 19-октябрындагы № 192
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
“8. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, бузгандыгы же керектен чыгаргандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Басылма үгүттөө материалдары жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге көрсөтүлгөн объекттердин менчик ээлеринин макулдугу менен жана шарттарында гана илинсе (чапталса, жайгаштырылса) болот.”.
2. 33-беренеде:
берененин мамлекеттик тилдеги аталышында “берүүчү” деген сөз “берүү үчүн” деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан, талапкерлерге, байкоочуларга, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кароо үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө ящиктерди көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номери, контролдук барактарды добуш берүү үчүн ящиктерге салуунун убактысы, төраганын, катчынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ошол адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.”; 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө ящиктердин көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Көчмө ящиктер сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).”; 10-бөлүктө “Жайдан” деген сөз “Добуш берүү үчүн жайдан” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 36-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацында:
“пломбалардын жана мөөрлөрдүн” деген сөздөр “пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, шайлоо ящиктерине мөөр коюуда катышкан адамдардын койгон колдорунун” деген сөздөргө алмаштырылсын; “эртең менен” деген сөздөр алып салынсын.
4. 38-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 52-беренеде:
1-бөлүгүндө: 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “2) тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун тизмесинен талапкерге;”; бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: “3) пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса,- саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге.”; 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын: “12) тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан чакыртып алынышы.”. (КР ЖC Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы Чечими менен 1-берененин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 113-беренесинин 3-бөлүгүнө карама каршы келет деп таанылды)
6. 4-главанын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы “, шайлоочулардын топторунун”, “же тиешелүү шайлоочулардын тобунун” жана “же шайлоочулардын тобу” деген сөздөр алып салынсын.
7. 56-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
2-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан чакыртып алганда;”. (КР ЖC Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы Чечими менен 1-берененин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 113-беренесинин 3-бөлүгүнө карама каршы келет деп таанылды)
2. 1-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-статья менен толукталсын:
“8-1-статья. Депутаттык этика Депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Депутат өз ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманат.”.
3. 10-статьянын 6-бөлүгү “депутаттык” деген сөздөн кийин “фракцияларга жана” деген сөздөр менен толукталсын.
4. 15-статьяда:
статьянын аталышы “шайлоочулардын” деген сөздөн кийин “жана алардын тизмеси боюнча алар шайланган саясий партиялардын” деген сөздөр менен толукталсын; 1-бөлүгү “бирикмелеринин алдында” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле саясий партиянын алдында” деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүгү “бирикмесинин” деген сөздөн кийин “жана саясий партиянын” деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, ошондой эле аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин жана саясий партиянын чогулуштарында (конференцияларда) өткөрүлөт. Чогулуштун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин ар бир депутатынын ишине баа берилет, ал тиешелүү кеңешке жиберилет. Отчет берүүнү өткөрүү жөнүндө депутат жергиликтүү кеңешке же белгиленген тартипте анын органдарына маалымдайт.”.
5. 20-статьянын 2-бөлүгүндө “депутат кайрылган” деген сөздөр “депутат, депутаттык фракция жана жергиликтүү кеңештердин тобу кайрылган” деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 21-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
4-берене.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 56-статьяда: аталышында “басылма” деген сөз алып салынсын; статьянын биринчи абзацы “илинип коюлган” деген сөздөрдөн кийин “аудиовизуалдык материалдарды, ошондой эле” деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 1
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Сот практикасы · Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
Цитата келтиргендер (17)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-январындагы № 2 "Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламентин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.01.2017 · № 2
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 6 "Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2017 · № 6
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- К. Белекбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-январындагы № 2/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын шайлоо" токтому жөнүндөПостановление · 10.01.2017 · № 2/1
- Савай айылдык округунун кеӊешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 1 "Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы 2021-жылдын 11- майындагы№1Кызыл-Шарк айылы…Постановление · 11.05.2021 · № 1
- Сары-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 1/4 "Сары-Таш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын шайлоо жөнүндө" ткотомуПостановление · 14.05.2021 · № 1/4
- Памир-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрединдеги №9-2 Памир-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясын бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 19.04.2024 · № 9-2
- К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 11/6 "К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2017 · № 11/6
- Белекбаев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 1/5 "К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.05.2021 · № 1/5
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 17-январындагы № 14/45 (Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 17.01.2014 · № 14/45
- Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20 – февралындагы № 72/10-6 “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомуПостановление · 20.02.2014 · № 72/10-6
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон