Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
342-берене. Айып пул жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 48-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 августа 2021 года № 90
1. Айып пул айып салынгандыгы жөнүндө токтом - тапшырылган күндөн баштап бир айдан кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
Бузуу болгон жерде айып төлөө өндүрүүдө айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай түрүн пайдалануу мүмкүн болбогондо, бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы айып квитанциясы берилет, ал так каржылык отчеттук документ болуп саналат жана эки нускада түзүлөт. Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга салынган жаза чарасы менен макул экендигин ыктыярдуу айып төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы ушул жаза чарасы колдонулган адамга берилет.
2. Айып пулду төлөө бузуу жасалгандан башка жерде төлөнгөн учурда, бузуу жасагандыгы үчүн салынган айып пул бузуучу тарабынан банк мекемелерине же почта байланышынын улуттук операторуна накталай же накталай эмес төлөм түрүндө төлөнөт.
3. Өндүрүп алынган айып пулдардын, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып пулдардын суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.
4. 119 - 1201-беренелерди, 121-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 123-берененин 1-бөлүгүн, 1231-берененин 1-бөлүгүн, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главанын беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн бузуулар үчүн айып пул аны салуу жөнүндө токтом алынган учурдан тартып он беш календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат.
4-1. Айып пул салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде 121-берененин 5-бөлүгүндө, 123-берененин 1-бөлүгүндө жана 1231-берененин 1-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн айып пул төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.
5. Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 19-главасында каралган жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо чөйрөсүндө бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн, республикалык бюджетке чегерилген айып пулдардын суммасынан 25 пайыз акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртууга жана алардын кызматкерлерин материалдык стимулдаштырууга жумшалат.
Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат. (КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 , 2021-жылдын 4-августундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 августа 2021 года № 90 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.
4. 119 - алынып салынды: 120-1-беренелерди, кошулду: 1201-беренелерди, 121-берененин алынып салынды: 4-бөлүгүн, кошулду: 4 жана 5-бөлүктөрүн, 123-берененин 1-бөлүгүн, 1231-берененин 1-бөлүгүн, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главанын беренелеринин … күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын көлөмдөрү 50 кошулду: пайызга азайтылат.
4-1. Айып пул салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде 121-берененин 5-бөлүгүндө, 123-берененин 1-бөлүгүндө жана 1231-берененин 1-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн айып пул төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.
5. Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүнүн … түзүлөт жана пайдаланылат.
(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2021-жылдын 4-августундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111565/st-342" title="342-берене - Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>