Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 19-майы № 69 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин, КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
2-берене
2-берене. (КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 5-бөлүгү «жеке жактардын» деген сөздөрдөн мурда «ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
«9. Төмөнкүлөрдүн жарнагына жол берилбейт: эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун; адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолорго; порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга; коомго каршы жүрүм-турумга тартууга багытталгандарга.».
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөЗакон · 06.08.2025 · № 188
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөЗакон · 06.08.2025 · № 188
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон