Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2015 года № 2 "О карантине растений"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-01-12.
КР 2015-жылдын 12-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1996-жылдын 27-июну № 26 Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (КР 1998-жылдын 2-июнундагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Бул Мыйзам өсүмдүктөрдүн карантининин жалпы укуктук негиздерин, мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, кызматкерлердин жана граждандардын Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечтерин, илдеттерин жана отоо чөптөрдү алып келүүнүн алдын -алууга жана таркатпоого багытталган ишин аныктайт.
1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мыйзамдар Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет да, ушул Мыйзамдан, Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка мыйзам жана нормативдик актылардан турат. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ченемдик укуктук актылар адамдын саламаттыгын жана өмүрүн коргоо жана өсүмдүктөрдү сактоого байланыштуу шашылыш жагдайлардан башка учурларда, жарыяланган учурдан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
2-статья. Терминдердин аныктамасы Ушул Мыйзамда келтирилген терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: өсүмдүктөрдүн карантини - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана /же жайылышын болтурбай коюуга же алар менен расмий күрөштү камсыз кылууга багытталган иш; өзгөчө карантин режими - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын ишинин карантиндик объектилердин очокторун локализациялоого жана жоюуга багытталган, ушул Мыйзамда каралган граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын жүзөгө ашырышына убактылуу чектөөлөргө жол берген жана аларга кошумча милдеттерди жүктөгөн өзгөчө укуктук режим; карантиндик зыяндуу организм (объект) - коркунучка дуушар болгон зона (ареал) үчүн өтө чоң экономикалык мааниге ээ болгон, ошол жерде али жок болгон же бар болгон, бирок жайылтылышы чектелген жана расмий түрдө күрөшүүнүн объектиси катары болгон зыяндуу организм; карантин алдындагы материалдар - зыяндуу организмдердин жайылышына мүмкүнчүлүк бере турган нерселер жыйылып турган жерлер, транспорт каражаттары, контейнерлер жана башка ар кандай нерселер жана материалдар; карантиндик зона (ареал) - карантиндик зыяндуу организм болгон жана аны менен расмий күрөш жүргүзүлүп жаткан зона (ареал); фитосанитардык сертификат - өсүмдүктөрдү сактоо боюнча Эл аралык конвенция тарабынан бекитилген түр боюнча даярдалган сертификат; импортко уруксат берүү - көрсөтүлгөн фитосанитардык талаптарды сактоо менен аталган товарды импорттоого уруксат берүүчү расмий документ; фитосанитардык чара - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана жайылышын болтурбай коюуга багытталган мыйзамдар, регламенттештирүү же расмий жол - жобо; фитосанитардык контроль - фитосанитардык чараларды текшерүү жана алардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ар кандай жол-жобо; фитосанитардык тобокелге баа берүү - зыяндуу организм карантиндик зыяндуу организмдин критерийлерине туура келе тургандыгын же туура келбей тургандыгы тууралу маселе боюнча чечим кабыл алуу жана анын интродукциясынын жогорку биологиялык жана экономикалык кесепеттерине баа берүү; коркунучка дуушар болгон зона (ареал) - экологиялык факторлор зыяндуу организмдин климаттык шарттарга ылайыкташышына карата жагымдуу шарттарды түзгөн, зыяндуу организмдин ушул зонада (ареалда) болушу олуттуу экономикалык зыяндарга алып келиши мүмкүн болгон зона (ареал); карантиндик объекти жарым-жартылай таралган зона - айыл чарба жана токой породаларынын (өсүмдүктөрдүн) эгилген же көчөт отургузулган жерлеринин 50 проценттен азыраагы карантиндик объектиге чалдыккан зона; карантиндик зыяндуу объектилер жок болгон зона - карантиндик зыяндуу организмдер кездешпеген өлкө, өлкөнүн бир бөлүгү же бир нече өлкө же алардын бөлүктөрү.
2-1-статья. Фитосанитардык чараларды иштеп чыгуу Фитосанитардык чаралар жарыяланган илимий принциптерге жана эл аралык стандарттарга, жоболорго жана сунуштарга, ошондой эле тобокелге баа берүүнүн тиешелүү жагдайларына негизденет. Тобокелге баа берүүдө карантиндик зыяндуу организмдерди кайра иштетүүнүн жана өндүрүүнүн илимий негиздемелери, тиешелүү ыкмалары, инспекциялоонун, тандап контролдоонун жана сыноолордун тиешелүү ыкмалары, алардын жайылышы, тиешелүү экологиялык жагдайлар, карантин жана тиешелүү экономикалык факторлор эске алынат. Фитосанитардык чаралар окшош жана барабар болгон шарттар болгон өлкөлөрдү басмырлоосуз иштелип чыгат жана колдонулат, мында фитосанитардык коргоонун тиешелүү деңгээлин камсыз кылууга зарыл болгондон ашык түрдө соода кылууга чек коюлбоого тийиш. Фитосанитардык чаралар коркунучка дуушар болгон зонаны, карантиндик объектинин жарым-жартылай жайылышын жана карантиндик зыяндуу объектилер жок жерлерди эске алуу менен региондук шарттарга адаптацияланат. Жетиштүү негиздеме жок болгондо мүмкүн болгон маалыматтын, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана башка өлкөлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде убактылуу фитосанитардык чаралар киргизилиши мүмкүн. Эгерде алар эл аралык стандарттардан, жоболор менен сунуштардан олуттуу айырмаланса же эл аралык стандарттар, жоболор жана сунуштар жок болсо, иштелип жаткан, соодага олуттуу таасир көрсөтүүчү фитосанитардык чаралардын долбоору жөнүндө билдирүү ишке тиешеси бар жактарга өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн алдын ала жарыяланат.
3-статья. Карантин коюлган жүктөрдү алып келүүнүн жана алып кетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасына карантин коюлган жүктөрдү алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу аларды транзиттик алып өтүү экспорттоочу мамлекеттин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик органы берүүчү фитосанитардык сертификат жана импортко карантиндик уруксат болгон учурда жүргүзүлөт. Карантин коюлган жүктөрдү республиканын чегинен сырткары жана карантин зонасынан алып кетүү фитосанитардык (карантиндик) сертификат болгон учурда жүргүзүлөт. Карантин коюлган жүктөрдүн бажылык документтерин жол-жоболоштуруу фитосанитардык (карантиндик) текшерүү жүзөгө ашырылгандан кийин гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жана өзгөчө карантин зонасынын чегинен өтө турган бардык карантин коюлган материалдар жана объектилер фитосанитардык (карантиндик) текшерүүдөн кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан бирдей режимде өткөрүлүүгө тийиш. Фитосанитардык (карантиндик) сертификаттын жана импорттук карантиндик уруксаттын үлгүлөрү, ошондой эле аларды жол-жоболорштуруунун тартиби өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан аныкталат. Фитосанитардык контролдук боюнча ар кандай талаптар фитосанитардык чараларды туура каражаттар жана туура мөөнөттөрдүн чектеринде камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чектерде гана белгиленет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат арыздануучунун өтүнүчү боюнча контролдук жүргүзүүнүн жол-жоболорун өткөрүүнүн мөөнөттөрүн билдирет. Фитосанитардык сертификатты, импорттоого уруксатты бергендиги жана башка кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн алынуучу акынын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтардын наркынан ашпоого тийиш. Эгерде алар Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан фитосанитардык коргоонун тиешелүү деңгээлин камсыз кылса, башка өлкөлөрдүн фитосанитардык чаралары туура деп табылат.
4-статья. Фитосанитардык (карантиндик) контролдогу объектилер Фитосанитардык (карантиндик) контроль төмөндөгүлөргө: айыл чарба, токой жана декоративдик өсүмдүктөрдүн үрөнүнө жана көчөттөрүнө, өсүмдүктөргө жана алардын бөлүктөрүнө (көчөттөрүнө, аш тамырына, ашына, мөмөсүнө), ошондой эле карантиндик объектилерди таратышы мүмкүн болгон өсүмдүктөрдөн жасалган бардык продукцияларга; козу карын өсүмдүктөрүнө, бактерияларга, вирустарга, нематоддорго, кенелерге жана чымын-чиркейлерге; өсүмдүктөрдүн оорусун козгоочу жана алардын бузулушуна алып келүүчү чымын-чиркейлердин коллекциясынын түрлөрүнө, ошондой эле гербарийлерге жана үрөндүн коллекцияларына; жерди иштетүүчү айыл чарба машиналарына жана шаймандарына, транспорттук каражаттарга, карантиндик объектилердин таратуучусу болушу мүмкүн болгон өсүмдүктөрдөн жасалган заттарга жана өнөр жай товарларына, алар салынган идиштердин жана таңгактардын бардык түрлөрүнө, кыртыштын тегине жана үлгүлөрүнө; өсүмдүктөрдөн алынуучу продукцияларды даярдоочу, сактоочу, кайра иштетүүчү жана сатуучу ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аянттарына жана имараттарына, айыл чарба жана токой жерлерине, короо жай жана дача участокторуна, айыл чарбасына жараксыз жерлерге (жолдордун жээктерине, электр өткөрүүчү линияларга жана башкаларга) таркатылат.
5-статья. Карантиндик талаптарды аткаруу боюнча кызмат адамдарынын жана граждандардын милдеттери Иши карантин коюлган материалдарды өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, сатууга байланыштуу болгон кызмат адамдары жана граждандар: фитосанитардык (карантиндик) эрежелерди аткарууга; өзүнүн компетенциясынын чегинде өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматка көмөк көрсөтүүгө, карантиндик тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча алардын тапшырмаларын аткарууга; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын адистеринин талабы боюнча карантин коюлган материалдардын жана объектилердин бар экендиги жөнүндө маалымат берүүгө; айдоо жерлерин, карантин коюлган материалдар сакталган кампаларды жана аянттарды системалык түрдө текшерип турууну камсыз кылууга, ошондой эле колдо болгон карантин коюлган материалдарды текшерүүдөн жана экспертизадан өткөрүү үчүн көрсөтүүгө; карантиндик объект табылган учурда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматка токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү.
6-статья. Өзгөчө карантин режимин киргизүүнүн жана алып салуунун тартиби Карантин объектиси табылгандан кийин 24 сааттын ичинде өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары ал таркаган аймакка өзгөчө карантиндик режимди киргизүү жөнүндө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизишет. Өзгөчө карантиндик режимдин аймагы калктуу пункттун жана райондун чегинде, тийиштүү райондук, ал эми бир нече райондордун жана областтын чегинде - областтык өз алдынча башкаруу органдары, ал эми бир нече областтардын жана республиканын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Өзгөчө карантиндик режимди киргизүү же аны алып салуу жөнүндөгү чечимди кабыл алган орган бул жөнүндө ошол аймакта жайгашкан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, чарбаларга жана ал аймакта жашаган адамдарга токтоосуз кабарлайт. Өзгөчө карантиндик режим киргизүү жөнүндөгү чечимде: өзгөчө карантиндик режимди киргизүүгө себеп болгон жагдайлар; өзгөчө карантиндик режим киргизилип жаткан аймактын чектери; өзгөчө карантиндик режим киргизиле турган убакыт; карантиндик чектөөлөрдүн тизмеси, карантиндик объектилердин таралышын чектөө жана жоюу боюнча иш-чаралар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Карантиндик объект жок кылынгандан кийин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары өзгөчө карантиндик режимди алып салуу жөнүндө тийиштүү органдарга өз убагында сунуш киргизишет.
7-статья. Өзгөчө карантиндик режим киргизилген аймакта аткарылуучу иш-чаралар Өзгөчө карантиндик режим киргизилген аймакта төмөндөгүдөй: транспорт каражаттарынын жүрүшүн чектөө жана аларды карап чыгуу; карантин коюлган тийиштүү жүктөрдү ташып чыгууга тыюу салуу; карантин коюлган материалдарды (жүктөрдү) жана объектилерди зыянсыздандыруу; карантиндик материалдарды техникалык жактан кайра иштеп чыгуу же жок кылуу сыяктуу иш-чаралар жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
8-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини жагында мамлекеттик жөнгө салуу ну жүзөгө ашыруучу органдар Өсүмдүктөрдүн карантини жагында мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органдар тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Карантиндик объектилердин тизмеси жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын уюштуруу структурасы жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги тарабынан аныкталат жана бекитилет.
9-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары Областтык, шаардык жана райондук жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, темир жол станцияларынын, аэропорттордун, почта байланыш ишканаларынын, базарлардын, автовокзалдардын (автобекеттердин) ээлери же алардын өкүлчүлүктүү органдары бажы жана мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарынын кызмат адамдары менен бирдикте карантиндик иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөйт жана уюштурат, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын жергиликтүү органдарына кызматтык милдеттерин аткарууга шарт түзүшөт. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын тийиштүү жергиликтүү органдарынын сунушу боюнча жогорудагы органдар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өзгөчө карантин режимин киргизишет же аны алып ташташат.
10-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын негизги функциялары Төмөндөгүлөр: республиканын аймагын чет өлкөлөрдөн жана карантин коюлган зоналардан карантиндик объектилердин алынып келишинен же алардын өз алдынча өтүп кетишинен коргоо; карантиндик объектилерди өз убагында табуу, таралышын чектөө жана жоюу боюнча координациялоо, ошондой эле республиканын алар жок жерлерине өтүп кетүүлөрүнүн алдын алуу; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик көзөмөлдү иш жүзүнө ашыруу, анын ичинде өсүмдүктөн алынган продукцияларды чет өлкөлөрдөн алып келүүгө келишимдерди (контракттарды) түзүү учурунда көзөмөлдөө; фитосанитардык (карантиндик) сертификаттарды жана импорттук карантиндик уруксатты берүү; айыл чарба жана токой жерлерин, үрөн сакталган жана тазаланган жерлерди, өсүмдүктөрдү жана өсүмдүк продукцияларын сактаган же кайра иштеткен жерлерди, карантиндик материалдар жана объектилер алынып келүүчү пункттарды, аларга чектеш аймактарды дайыма контролдук текшерүүлөрдөн өткөрүп турууну уюштуруу; карантиндик материалдарды (жүктөрдү) жана объектилерди экспертизадан өткөрүү; чет өлкөлөрдөн алынып келинген үрөндү, өсүмдүктөрдү жана отургузуучу көчөттөрдү карантиндик текшерүүлөрдөн өткөрүп жаткан интродукциялык-карантиндик питомниктердин, сорт участокторунун, оранжереялардын жана теплицалардын ишине контроль жүргүзүү; чет өлкөлөрдөн келип жаткан карантин коюлган жүктөрдү жана объектилерди, транспорт каражаттарын, продукция салынган идиштерди, таңгактарды тазалоону жана зыянсыздандырууну уюштуруу; өсүмдүктөрдүн республиканын аймагында жок зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрдүн экологиясын, биологиясын жана түрлөрүн изилдөө, аларды алып келүүнүн алдын-алуу максатында алардын таралышынын болжолдуу маалыматтарын иштеп чыгуу; карантиндик объектилердин эсебин алуу жана алардын таралышы жөнүндөгү маалыматтарды жайылтуу; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча тийиштүү нормативдик документтерди (көрсөтмөлөрдү, жоболорду, эрежелерди жана д.у.с) чыгаруу; ишке тиешеси бар мекемелер жана ведомстволор менен бирдикте өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий изилдөөлөрдүн багыттарын, адистерди даярдоонун программасын жана алардын квалификациясын жогорулатууну аныктоо; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча билимдерди пропагандалоо; эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдүн карантиндик кызматтары менен кызматташууда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү; өсүмдүктөрдүн карантини жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерде жана башка өкмөттүк актыларда каралган милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын негизги функциялары болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат өзүнүн ишин республиканын укук коргоо органдары жана бажы кызматы, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт.
11-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын укуктары Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын органдары карантиндик көзөмөлдү аткарган учурда: фитосанитардык (карантиндик) сертификатсыз ташылган же чет өлкөдөн карантиндик уруксатсыз алынып келинген карантин коюлган жүктөрдү фитосанитардык экспертизадан өткөрүү мезгилинде кармап турууга; өзүнүн милдетин аткарууга керек маалыматтарды алууга, тейлеген аймагындагы тийиштүү объектилерге кирүүгө; лабораториялык экспертизадан өткөрүү үчүн үрөндүн, өсүмдүктүн, өсүмдүктөн жасалган продукциялардын жана башка материалдардын үлгүлөрүн алууга; карантиндик талаптарды бузган күнөөлүү граждандарга жана кызмат адамдарына токтомдорду (актыларды) түзүп, мыйзамдарда белгиленген тартипте айып салдыруу үчүн административдик комиссияга жөнөтүүгө укуктуу. Карантиндик материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө жана алып кетүүгө, сактоого же пайдаланууга карата өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тыюу салган чечими бардык мамлекеттик органдар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан чарбалар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
12-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматты фи нансылоо Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини боюнча жумуштун негизги түрлөрүнүн тизмесинин баасына ылайык карантиндик материалдарды жана объектилерди инспекциялагандыгы үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан, чарбалардан жана граждандардан, келишимдер боюнча акы төлөнүүчү башка кызмат көрсөтүүлөрдөн жана айыптарды төлөөдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен финансыланат.
13-статья. Фитосанитардык карантин боюнча атайын иш-чараларды фи нансылоо Карантин очокторун локалдаштыруу жана жоюу боюнча иш-чаралар жерди пайдалангандардын каражатынын эсебинен, ал эми өсүмдүктөрдөн жасалган продукцияларды, алар салынган идиштерди жана таңгактарды, транспорт каражаттарын зыянсыздандыруу - алардын ээлеринин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
14-статья. Эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелер Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
15-статья. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Бул Мыйзамды бузган күнөөлүү граждандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дисциплинардык, административдик жана жазык жоопкерчиликтерине тартылышат.
15-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине даттануу Карантиндик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик карантиндик кызматтын кызмат адамдарынын аракеттери (аракетсиздиги) бир айдын ичинде жогору турган карантиндик инспекторго даттанылышы мүмкүн. Мамлекеттик карантиндик инспекторлордун чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
16-статья. Бул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 18
Цитата келтиргендер (15)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4510-V "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 27.11.2014 · № 4510-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4534-V "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 04.12.2014 · № 4534-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4552-V "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 10.12.2014 · № 4552-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №367 "2004-жылдын 25-февралындагы №103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү…Постановление · 05.06.2009 · № 367
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы №701 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"…Постановление · 13.11.2009 · № 701 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 240 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 240 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 662 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2014 · № 662 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 сентября 2003 года № 597 "О мерах, принимаемых министерствами и административными ведомствами Кыргызской Республики по максимальному…Постановление · 22.09.2003 · № 597 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык…Постановление · 10.06.2011 · № 300 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 803 ""Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө"…Постановление · 30.11.2012 · № 803 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №121 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 02.03.2010 · № 121 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №369 "«Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 02.06.2012 · № 369 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (18)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 19.11.2007 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы N 236-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 11.05.2022 · № 236-VII
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө" жобосуПоложение · 31.05.2022 · № 288
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо" эрежеси ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 07.02.2009 · № 80
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту ден табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 266-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык…Постановление · 01.09.2014 · № 516
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык…Постановление · 26.02.2013 · № 99
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4053-V ""Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 21.05.2014 · № 4053-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №183 "2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн…Постановление · 16.03.2012 · № 183 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 702 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.05.2013 · № 256 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 19-мартындагы № 1741-IV "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 19.03.2010 · № 1741-IV · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология…Постановление · 29.09.2014 · № 552 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2002 года N 109 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"Постановление · 01.03.2002 · № 109 · Күчүн жоготкон