Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын негизги функциялары
Күчүн жоготкон · 12.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2015 года № 2.
Төмөндөгүлөр: республиканын аймагын чет өлкөлөрдөн жана карантин коюлган зоналардан карантиндик объектилердин алынып келишинен же алардын өз алдынча өтүп кетишинен коргоо; карантиндик объектилерди өз убагында табуу, таралышын чектөө жана жоюу боюнча координациялоо, ошондой эле республиканын алар жок жерлерине өтүп кетүүлөрүнүн алдын алуу; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик көзөмөлдү иш жүзүнө ашыруу, анын ичинде өсүмдүктөн алынган продукцияларды чет өлкөлөрдөн алып келүүгө келишимдерди (контракттарды) түзүү учурунда көзөмөлдөө; фитосанитардык (карантиндик) сертификаттарды жана импорттук карантиндик уруксатты берүү; айыл чарба жана токой жерлерин, үрөн сакталган жана тазаланган жерлерди, өсүмдүктөрдү жана өсүмдүк продукцияларын сактаган же кайра иштеткен жерлерди, карантиндик материалдар жана объектилер алынып келүүчү пункттарды, аларга чектеш аймактарды дайыма контролдук текшерүүлөрдөн өткөрүп турууну уюштуруу; карантиндик материалдарды (жүктөрдү) жана объектилерди экспертизадан өткөрүү; чет өлкөлөрдөн алынып келинген үрөндү, өсүмдүктөрдү жана отургузуучу көчөттөрдү карантиндик текшерүүлөрдөн өткөрүп жаткан интродукциялык-карантиндик питомниктердин, сорт участокторунун, оранжереялардын жана теплицалардын ишине контроль жүргүзүү; чет өлкөлөрдөн келип жаткан карантин коюлган жүктөрдү жана объектилерди, транспорт каражаттарын, продукция салынган идиштерди, таңгактарды тазалоону жана зыянсыздандырууну уюштуруу; өсүмдүктөрдүн республиканын аймагында жок зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрдүн экологиясын, биологиясын жана түрлөрүн изилдөө, аларды алып келүүнүн алдын-алуу максатында алардын таралышынын болжолдуу маалыматтарын иштеп чыгуу; карантиндик объектилердин эсебин алуу жана алардын таралышы жөнүндөгү маалыматтарды жайылтуу; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча тийиштүү нормативдик документтерди (көрсөтмөлөрдү, жоболорду, эрежелерди жана д.у.с) чыгаруу; ишке тиешеси бар мекемелер жана ведомстволор менен бирдикте өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий изилдөөлөрдүн багыттарын, адистерди даярдоонун программасын жана алардын квалификациясын жогорулатууну аныктоо; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча билимдерди пропагандалоо; эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдүн карантиндик кызматтары менен кызматташууда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү; өсүмдүктөрдүн карантини жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерде жана башка өкмөттүк актыларда каралган милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын негизги функциялары болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат өзүнүн ишин республиканын укук коргоо органдары жана бажы кызматы, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт.
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/633/st-10" title="10-статья - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>