2-1-статья. Фитосанитардык чараларды иштеп чыгуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2015 года № 2.
Фитосанитардык чаралар жарыяланган илимий принциптерге жана эл аралык стандарттарга, жоболорго жана сунуштарга, ошондой эле тобокелге баа берүүнүн тиешелүү жагдайларына негизденет. Тобокелге баа берүүдө карантиндик зыяндуу организмдерди кайра иштетүүнүн жана өндүрүүнүн илимий негиздемелери, тиешелүү ыкмалары, инспекциялоонун, тандап контролдоонун жана сыноолордун тиешелүү ыкмалары, алардын жайылышы, тиешелүү экологиялык жагдайлар, карантин жана тиешелүү экономикалык факторлор эске алынат. Фитосанитардык чаралар окшош жана барабар болгон шарттар болгон өлкөлөрдү басмырлоосуз иштелип чыгат жана колдонулат, мында фитосанитардык коргоонун тиешелүү деңгээлин камсыз кылууга зарыл болгондон ашык түрдө соода кылууга чек коюлбоого тийиш. Фитосанитардык чаралар коркунучка дуушар болгон зонаны, карантиндик объектинин жарым-жартылай жайылышын жана карантиндик зыяндуу объектилер жок жерлерди эске алуу менен региондук шарттарга адаптацияланат. Жетиштүү негиздеме жок болгондо мүмкүн болгон маалыматтын, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана башка өлкөлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде убактылуу фитосанитардык чаралар киргизилиши мүмкүн. Эгерде алар эл аралык стандарттардан, жоболор менен сунуштардан олуттуу айырмаланса же эл аралык стандарттар, жоболор жана сунуштар жок болсо, иштелип жаткан, соодага олуттуу таасир көрсөтүүчү фитосанитардык чаралардын долбоору жөнүндө билдирүү ишке тиешеси бар жактарга өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн алдын ала жарыяланат.
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/633/st-2-1" title="2-1-статья - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>