КР Өкмөтүнүн «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Постановление Правительства КР от 4 ноября 2011 года № 702 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-04.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №121 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда айыл чарба министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 93-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка мыйзам жана нормативдик актылардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
3. 8-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын Уставы" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4. 10-беренеде:
- төртүнчү абзацтын биринчи бөлүгүндөгү "көзөмөлдөө" деген сөз "контролдоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
- биринчи бөлүктүн он экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. 12-беренедеги "жана айыптарды төлөөдөн" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 19-мартындагы № 1741-IV "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 19.03.2010 · № 1741-IV · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 27.06.1996 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 702 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон