6-статья. Өзгөчө карантин режимин киргизүүнүн жана алып салуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 12.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2015 года № 2.
Карантин объектиси табылгандан кийин 24 сааттын ичинде өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары ал таркаган аймакка өзгөчө карантиндик режимди киргизүү жөнүндө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизишет. Өзгөчө карантиндик режимдин аймагы калктуу пункттун жана райондун чегинде, тийиштүү райондук, ал эми бир нече райондордун жана областтын чегинде - областтык өз алдынча башкаруу органдары, ал эми бир нече областтардын жана республиканын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Өзгөчө карантиндик режимди киргизүү же аны алып салуу жөнүндөгү чечимди кабыл алган орган бул жөнүндө ошол аймакта жайгашкан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, чарбаларга жана ал аймакта жашаган адамдарга токтоосуз кабарлайт. Өзгөчө карантиндик режим киргизүү жөнүндөгү чечимде: өзгөчө карантиндик режимди киргизүүгө себеп болгон жагдайлар; өзгөчө карантиндик режим киргизилип жаткан аймактын чектери; өзгөчө карантиндик режим киргизиле турган убакыт; карантиндик чектөөлөрдүн тизмеси, карантиндик объектилердин таралышын чектөө жана жоюу боюнча иш-чаралар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Карантиндик объект жок кылынгандан кийин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары өзгөчө карантиндик режимди алып салуу жөнүндө тийиштүү органдарга өз убагында сунуш киргизишет.
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/633/st-6" title="6-статья - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>