3-статья. Карантин коюлган жүктөрдү алып келүүнүн жана алып кетүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 12.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2015 года № 2.
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасына карантин коюлган жүктөрдү алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу аларды транзиттик алып өтүү экспорттоочу мамлекеттин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик органы берүүчү фитосанитардык сертификат жана импортко карантиндик уруксат болгон учурда жүргүзүлөт. Карантин коюлган жүктөрдү республиканын чегинен сырткары жана карантин зонасынан алып кетүү фитосанитардык (карантиндик) сертификат болгон учурда жүргүзүлөт. Карантин коюлган жүктөрдүн бажылык документтерин жол-жоболоштуруу фитосанитардык (карантиндик) текшерүү жүзөгө ашырылгандан кийин гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жана өзгөчө карантин зонасынын чегинен өтө турган бардык карантин коюлган материалдар жана объектилер фитосанитардык (карантиндик) текшерүүдөн кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан бирдей режимде өткөрүлүүгө тийиш. Фитосанитардык (карантиндик) сертификаттын жана импорттук карантиндик уруксаттын үлгүлөрү, ошондой эле аларды жол-жоболорштуруунун тартиби өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан аныкталат. Фитосанитардык контролдук боюнча ар кандай талаптар фитосанитардык чараларды туура каражаттар жана туура мөөнөттөрдүн чектеринде камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чектерде гана белгиленет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат арыздануучунун өтүнүчү боюнча контролдук жүргүзүүнүн жол-жоболорун өткөрүүнүн мөөнөттөрүн билдирет. Фитосанитардык сертификатты, импорттоого уруксатты бергендиги жана башка кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн алынуучу акынын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтардын наркынан ашпоого тийиш. Эгерде алар Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан фитосанитардык коргоонун тиешелүү деңгээлин камсыз кылса, башка өлкөлөрдүн фитосанитардык чаралары туура деп табылат.
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/633/st-3" title="3-статья - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>