4-статья. Фитосанитардык (карантиндик) контролдогу объектилер
Күчүн жоготкон · 12.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2015 года № 2.
Фитосанитардык (карантиндик) контроль төмөндөгүлөргө: айыл чарба, токой жана декоративдик өсүмдүктөрдүн үрөнүнө жана көчөттөрүнө, өсүмдүктөргө жана алардын бөлүктөрүнө (көчөттөрүнө, аш тамырына, ашына, мөмөсүнө), ошондой эле карантиндик объектилерди таратышы мүмкүн болгон өсүмдүктөрдөн жасалган бардык продукцияларга; козу карын өсүмдүктөрүнө, бактерияларга, вирустарга, нематоддорго, кенелерге жана чымын-чиркейлерге; өсүмдүктөрдүн оорусун козгоочу жана алардын бузулушуна алып келүүчү чымын-чиркейлердин коллекциясынын түрлөрүнө, ошондой эле гербарийлерге жана үрөндүн коллекцияларына; жерди иштетүүчү айыл чарба машиналарына жана шаймандарына, транспорттук каражаттарга, карантиндик объектилердин таратуучусу болушу мүмкүн болгон өсүмдүктөрдөн жасалган заттарга жана өнөр жай товарларына, алар салынган идиштердин жана таңгактардын бардык түрлөрүнө, кыртыштын тегине жана үлгүлөрүнө; өсүмдүктөрдөн алынуучу продукцияларды даярдоочу, сактоочу, кайра иштетүүчү жана сатуучу ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аянттарына жана имараттарына, айыл чарба жана токой жерлерине, короо жай жана дача участокторуна, айыл чарбасына жараксыз жерлерге (жолдордун жээктерине, электр өткөрүүчү линияларга жана башкаларга) таркатылат.
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/633/st-4" title="4-статья - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>