Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 256 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-январындагы № 35, 2015-жылдын 2-февралы № 33, 2017-жылдын 7-июнундагы № 346, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосунда функциялардын кайра бөлүштүрүлгөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны учурдагы финансылык жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жоюлуп, анын көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары финансылык, материалдык-техникалык каражаттары, администрациялык имараттары менен кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссияны белгиленген тартипте түзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жоюу иш-чараларын жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" бөлүмүндө: "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаменти" бөлүмчөсүнүн 2, 3, 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин; "Мамлекеттик ветеринария департаменти" бөлүмчөсү күчүн жоготту деп эсептелсин; төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген бөлүм менен толукталсын: "
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
1
Фитосанитардык сертификат
Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
2
Импорттоого карантиндик уруксат
Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
3
Карантиндик текшерүү жана экспертиза жүргүзүү жөнүндө акт
Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
4
Ветеринардык күбөлүк
КМШга катышкан мамлекеттердин Ветеринария тармагында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 1998-жылдын 22-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган чечими
5
Ветеринардык сертификат
Эл аралык ветеринардык кодекс, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
6
Ветеринардык арналыштагы каражаттарды жасоо укугуна уруксат
Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 27 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (27)
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №174 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2021 · № 174
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 256 "Арыздарды кароо боюнча" токтомуПостановление · 03.03.2021 · № 256
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2016 · № 187
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 166 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Положение · 07.05.2013 · № 256 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 433 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.09.2013 · № 433
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-январындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык…Постановление · 20.01.2014 · № 35 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 433 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын…Распоряжение · 05.09.2013 · № 433
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик…Постановление · 20.02.2012 · № 135 · Күчүн жоготкон
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 7-июнундагы N 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери…Постановление · 07.06.2017 · № 346 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 187
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 февралындагы № 76 токтомуПостановление · 18.02.2016 · № 76
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 31.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы №392 токтомуПостановление · 22.07.2020 · № 392
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик…Постановление · 20.02.2012 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 27.06.1996 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 653 · Күчүн жоготкон