Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 20 сентября 2024 года УП № 271 "О проведении очередного III Народного Курултая"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-20.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 29-августу ПЖ № 215 Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө Элдик бийликтин негиздерин андан ары чыңдоо, Кыргыз Республикасында ынтымакты бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, аймактык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында Элдик Курултайды өткөрүү 2023-жылдын 15-декабрына дайындалсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1) "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) Элдик Курултайды өткөрүү боюнча регламенттин долбоорун иштел чыксын жана Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизсин;
4) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, ошондой эле "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 70 (3519) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 65 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (65)
- Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 87 "Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын өткөрүү жана Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо…Постановление · 14.10.2025 · № 87
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын…Постановление · 05.10.2023 · № 90
- Т. Зулпуев айылдык округунун айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 25-1 "Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө"…Постановление · 05.10.2023 · № 25-1
- Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28 «Элдик Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтомуПостановление · 02.10.2023 · № 108/ХХIХ-28
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 21-1 "Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү…Постановление · 05.10.2023 · № 21-1
- Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 127 "Элдик Курултайга делегаттарды шайлоого өкүлчүлүктүү жыйын чакыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2023 · № 127
- Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 84 "Элдик Курултайга талапкерлерди шайлоо боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жыйындарын өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.10.2023 · № 84
- Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 16-октябры №125/25-28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 августундагы ПЖ №215 “Элдик Курултайды өткөрү жөнүндө” Жарлыгын…Постановление · 16.10.2023 · № 125/25-28
- Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 5-3 "Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2023 · № 5-3
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 144/31-8 “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө”…Постановление · 04.10.2023 · № 144/31-8
- Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 123-1 "Жергиликтүү Курултайды чакыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 123-1
- Сакалды айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 1 "Элдик Курултайга даярдык чараларын көрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 1
- Орок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябры № 9/6 «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 9/6
- Төш-Булак айыл кеңешинин 2023-жылы 10-октябрындагы № 28-26/23 "Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2023 · № 28-26/23
- Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 7/30 "Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.09.2023 · № 7/30
- Саз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 19 "Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 19
- Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 01-5/94 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2023 · № 01-5/94
- К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/1 "Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 36/1
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке…Постановление · 29.09.2023 · № 34
- Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 23 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2023 · № 23
65 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 146 "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.07.2023 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.09.2024 · № 271 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 6/1 "Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү…Постановление · 05.10.2023 · № 6/1
- Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы №48 "Элдик Курултай жөнүндө" токтомуПостановление · 02.10.2023 · № 48
- Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-1 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 24-1
- Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябрындагы № 4/17 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды чакыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2023 · № 4/17
- Кадамжай шаардык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы № 150 "Элдик Курултай өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2023 · № 150
- Боо-Терек айылдык аймагынын Боо-терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды…Постановление · 26.09.2023 · № 1
- А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-октябрындагы № 25/1 "Жергиликүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.10.2023 · № 25/1